Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-апрелден 19-апрелге чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Кой жылдызындагылар үчүн аптанын башы бир аз татаал жана туруксуз окуялар менен коштолмокчу. Ички резервдердин баарын иштетсеңиз, кыйынчылыктарды жеңип чыгасыз. Жеке жашоодо кичинекей нерсени пил кылып көргөн мүнөзүңүздү басыңыз, болбосо түгөйүңүз менен түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Жакын адамыңыздан жакшы белек аласыз. Ири сумма талап кылган соода-сатык иштерин бейшемби күнү колго алсаңыз ийгиликтүү болмокчу.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Чоң ийгиликтерди убада кылган жагымдуу апта. Жумушта ар кандай кырдаалдарга алаксыбай иштесеңиз, жемишин финансылык жаатта көрүп кубанасыз. Анан да бул аптада бардык тармакта демилгечи, уюштуруучу болсоңуз колдоо табасыз. Туугандардын үйүнө жардам берүү үчүн барышыңыз мүмкүн. Бойдоктор жаңы адам менен таанышууда көп ачылбай, олуттуу сапаттарын көрсөтсө жогорку упай алат. Дем алыш күндөрү пассивдүү эс алууну тандаганыңыз жакшы.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптанын бир күнүндө жашылча, суу менен тамактанып, организмди “тазалоого” аракет кылганыңыз жакшы. Үйдөгү, жумуштагы маселелердин баарын өзүңүз жалгыз чечкенге, баары колумдан келет дегенге аракет кылбаңыз. Ансыз деле көп түйшүктөн кайсы жакка чачырарыңызды билбей жүрөсүз. Ишемби күнү жакшы көргөн адамга жолугасыз. Организмде энергия топтолуусу үчүн массажга барыңыз. Дем алыш үй тиричилиги менен өтөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Аптанын биринчи жарымында импульсивдүү аракеттер күтүлүшү мүмкүн, андыктан алдын алып эч кандай сатып алууларды жүргүзбөңүз. Аптанын ортосунда организм “эс ал” деп кабар бериши мүмкүн. Эмоционалдык планда бир аз туруксуздук күтүлөт, жөнү жок кыжырдануу, башкалардын иш-аракетин, жүрүм-турумун жактырбоо сыяктуу. Бетке эле айтам деп бирөө жарымды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Бейшемби күндөн баштап бир катар позитивдүү окуялар орун алмакчы.

АРСТАН
(23.07–23.08)

 Эч нерсеге карабай, эч кимди укпай баарын нөлдөн баштагыңыз келет. Абайлаңыз, бул аптада аферист, алдамчылардын капканына түшүп калуу коркунучу чоң. Соода тармагындагыларды ийгилик күтөт, түшкөн пайданы дароо кайра соодага салбай күтө туруңуз. Тууган-урук, дос-тааныштар менен сүйлөшүүдө эмоцияны көзөмөлдөңүз, тамаша деп айткан сөзүңүз шылдың, келеке катары кабыл алынышы мүмкүн. Ишемби-жекшемби күндөрү сапарга чыкканга ылайыктуу.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жаңы башталган апта бийкечтер үчүн өзгөчө болушу күтүлөт. Жашооңузга өзгөрүүлөрдү киргизүүгө болот, мунун баары сиздин чечимдерден көз каранды. Окуу тармагындагыларга баш көтөрбөй билим алуусу керек болгон мезгил. Уйку жана туура тамактанууга чындап көңүл бөлүүңүз керек, болбосо организмде маселе жаралат. Шаршемби күнү күтүүсүз белек колуңузга тийүүсү күтүлөт. Өткөн чактагы адамдар өзү тууралуу кабар берет, артка кылчайбаңыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Сизди ар тараптан колдогон, күчтүү апта. Бутуңузга бекем тургузган келишимдер, долбоорлор ишке ашуусу мүмкүн. Бул күндөрү баштаган иштериңиз ийгиликтүү бүтөт, келечек үчүн жакшы финансылык пайдубал тургуза аласыз. Жеке жашоодо базарга барып же дүкөн кыдырып жазгы кийимдериңизди жаңыртууңуз мүмкүн. Күчтүү энергияңыз менен түгөйүңүзгө “басым” жасап жаткан жоксузбу, байкап көрүңүз, ал үчүн артка бир кадам таштасаңыз туура болмокчу.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бул аптада акча жана эмоция энергиясы эриш-аркак жүрөт сиз үчүн. Жакшы эмоциялар, жакшы аракеттер акча булагын ачат дешет жылдыздар. Жеке жашоодо баары туруктуу, бирок сиздин көзөмөлдө, рулду каякка бурсаңыз ошол жакка багыт алат. Ата-энеси алыста болгондор бат-баттан сүйлөшүп же барып көрүшүп келсе энергиясын толуктай алышат. Түгөйүңүздү ашыкча кызгана бербеңиз, бул сизге да, ага да пайда алып келбейт. Апта соңу сизди физикалык активдүүлүк күтөт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачыларды жагымдуу, позитивдүү апта күтөт. Жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөгөнү менен, өкүнүч же башка нерсе болбойт. Бир орунда отура берүү жарабайт, эки жакка чыгыңыз, сейилдеңиз, жаңы нерсе баштаңыз, эмоцияларды айланаңыздагылар менен бөлүшүңүз. Бул ирет сиз эмес, сизге жардам берүүчүлөр чыгат. Романтика багытында: көптөн бери күткөн сүйүү мамилесине чулганышыңыз мүмкүн. Апта соңу бир нерсе сатып алсаңыз жакшы караңыз, брак болуп калышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Алдын ала жакшы маанай жана күч топтоп алыңыз. Анткени бул аптада көп иштерди колго алганга туура келет. Өзүңүздү чарчаңкы сезишиңиз мүмкүн, бирок натыйжасына ыраазы болосуз. Жумушта аброюңуз көтөрүлөт. Үй чарбачылыгында тазалоо, оңдоо, жаңылоо, өзгөртүү иштери орун алмакчы. Огородго гүл тигип же бөлмө гүлдөрүн сатып алышыңыз мүмкүн. Жакындардын биринин сөзүн жүрөккө жакын кабыл алып, таарынып калышыңыз ыктымал.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Жумушта олуттуу иштер күтүлбөйт, маанилүү чечим кабыл албайсыз, баары көнгөн ыргакта кетмекчи. Бир нерсени өзгөртүп жиберүүгө ашыкча энергияңыз деле болбойт. Жеке жашоодо өзүңүз менен өзүңүз калгандын ордуна көбүрөөк жакындар менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында сиздин оройлугуңузга байланыштуу туугандардын бири менен конфликт болуусу мүмкүн. Досторуңуздун бирине сиздин жардамыңыз керек болмокчу.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Фортуна жылмаюусу күтүлбөйт, андыктан бардык нерсеге тер төгүп иштеп жетүү керек болот. Эмгек өргүүсүн алуу жөнүндө ойлор келет. Мындан пайдаланып саякаттоо планын ишке ашырсаңыз жакшы. Айымдар косметикалык каражаттарды жакшылап текшерип, сапаттуусун алуу же болбосо эскиргендерин ыргытуусу керек. Болбосо териде аллергия жаралуусу мүмкүн. Акчага үнөмдүү болуңуз, ысырапкорчулукка жол бербеңиз. Үй-бүлөдө гармония өкүм сүрөт, конфликттер күтүлбөйт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1216, 10-16-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан