Нике бузулуунун себептери көп, оорунан жеңилине чейин. Ал себептердин арасында түшүнбөстүк чыккан учурда унчукпай коюу да бар. Ошол эле мезгилде сөз менен да үй-бүлөнүн бузулушуна алып келген учурлар көп дешет психологдор. Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт. Эмоция ашып-ташып, ичтеги агрессияны чыгарууда колдонулчу биринчи курал – бул сөз. Кайсы сөздөр түгөйлөрдүн ортосундагы ажырымга алып келиши мүмкүн жана аларды колдонбоо керек экенин макаладан окуп алыңыз.
Мамилени бузган сөздөрдүн түрлөрү
Түгөйлөрдүн ажырымына алып келген сөздөр уруш учурунда эле айтылбайт. Жүрөккө так калтырган нерсе айтып жатканын адам байкабай деле калышы мүмкүн. Кандай багытта айтылган сөздөр көңүлгө оор тиет?
1. Эмгегин жокко чыгаруу жана күнөөлөө.
2. Адамдын баасын түшүрүү жана салыштыруу.
3. Коркутуу жана манипуляция, психологиялык басым, газлайтинг.
4. Сезимдерин жокко чыгаруу (игнор), баалабоо, көңүл бурбоо.
5. Инсандык сапатына шек келтирүү, шылдыңдоо.
“Мен сени менен ажырашам!”
“Мен сени менен ажырашам”, “ажырашкым келип жатат”, “анда ажырашалы?!” айтор, ажырашуу сөзү колдонулган фразалар никеден жарака кетүүсүнө биринчи кадам, пайдубалдын бузулушуна туура эмес коюла турган биринчи кыш десек болот. Бул сөздү тамаша иретинде да айтпоо керек. Анткени бул сөздү уккан адам аң-сезиминде ажырашууга даярдыкты баштайт. Ажырашуу менен коркутуу жакшы жыйынтыкка алып келбейт, эгер аны айткан адам ажырашууну ойлонбосо да. Эгер ажырашууга өзүңүз толугу менен даяр болбосоңуз, 100 пайыздык чечимге келе элек болсоңуз, эч качан бул сөздү колдонбоңуз. Катуу таарынып же жинденип жатсаңыз, башка бөлмөгө чыгып кетиңиз. Эшикке чыгып сейилдеңиз, муздагыраак душка түшүңүз, таттуу бир нерсе жеңиз, спорт менен машыгыңыз. Бул кыймыл-аракеттерди кылганда оюңуз иреттелип, конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр болуп каласыз.
“Сенин керегиң жок!”
Бул сөздү уккан адамдын жан дүйнөсү аңтар-теңтер болору чын. Бул сөздөр никеге өкүм катары угулат. Адам бүт жан дүйнөсүн, жүрөгүн, эмгегин, аракетин, керекпи жашоосун да сизге арнашы мүмкүн. Анан жооп катары “сенин керегиң жок” деген сөздү укса, сизге сезимдери толуп-ташып турса да артка кетенчиктейт. Мындай сөздөр сизге болгон ишенимди жана коопсуздук сезимин заматта жок кылат. Ачуу тарагандан кийин түшүндүрүп, актанышыңыз мүмкүн. Бирок айтылган сөздүн изи калып кетет. Мурдагыдай жылчыксыз жакындык жоголот, ортодо күмөн саноо жаралат.
“Сени албай эле койсом болмок...”
“Сени албай эле койсом болмок” же “сага тийбей эле койсом болмок”, “сенден жакшысын тапсам болмок” бул сөздөр – түптүз урулган психологиялык сокку. Көп учурда бул сөздөрдү тамаша иретинде айта беришет, бирок муну уккан адамда негативдүү ойлор жаралат. Эч качан күйөөңүздү же жубайыңызды башкалар менен салыштырбаңыз. Салыштыруу – түгөйүңүздүн баасын түшүрөт, сизге кылган мамилесин, сезимдерин жокко чыгарып салгандай сезилет. Өзүн башкалардан кем сезип, тынчсыздануу, коркуу, таарыныч сезими жаралат.
“Кайда барам ишиң болбосун!”
“Кайда барарымды айтканга милдеттүү эмесмин”, “кайда барам ишиң болбосун” бул сөздөр да күнүмдүк турмушта көп колдонулат. Албетте, түгөйүнүн ар бир кадамын сурап, мүнөт сайын чалып сурай берүүнүн өзү – мамиледеги ишенбөөчүлүктүн белгиси. Ошол эле учурда кайда барарын сыр тутуу да үй-бүлөлүк мамилеге пайда алып келбейт. Каякта болгонуңузду же каякка бара жатканыңызды айтуу сиз үчүн ыңгайсыз болушу мүмкүн. Бирок андан да жаманы – түгөйүңүзгө жогорудагы сөздү айтуу менен анын жооп алууга укугу жок экенин билдиресиз. Анда “мага ишенбейт, мени сыйлабайт, менин керегим жок” деген күмөн ойлор жаралат. Бара-бара сизге кызыкпай да калат. Жакшысы, никеде ачык жана чынчыл болгон жакшы.
“Сени менен сүйлөшкүм келбей эле...”
“Сени менен сүйлөшкүм келбей эле”, “сени көргүм келбей эле...” Түгөйлөрдүн бири экинчисинен унчукпоо жолу менен кутулгусу келген көз ирмем – никедеги эң кооптуу учур делет. Сүйлөшүүдөн баш тарткан адам түгөйү менен өзүнүн ортосуна чек ара курат, натыйжада байланыш жукара берет да, бир күнү үзүлөт. Экөө сүйлөшсө да бири-бирин түшүнбөй, керекпи тааныбай баштайт “ушундай адам белең?” деп. Маселе, түшүнбөстүктөр көбөйөт, аны чечүү жолдору азаят да, никенин сакталышына коркунуч туулат. Кыйынчылыкты кантип жеңүү керек? Сүйлөшүү канчалык жагымсыз, оор болсо да унчукпай койгонго караганда эффективдүү. Сүйлөшкөндө бири-бирин угууга, түшүнүүгө, бир чечимге келүүгө мүмкүнчүлүк бар.
“Мага баары бир”
“Мага баары бир”, “билгениңди кыл”, “мага тийишпей оокатыңды кыла бер...” Сырттан караганда коркунучу жок эле сөздөр. Бирок... мындай сөздөрдүн кайталанышы түгөйлөрдүн бири-бирине болгон кызыгуусун жоготконунан, бири-бирин өмүрлүк жар катары көрбөй калганынан кабар берет дешет психологдор. Бул сөздөр күчтүү эмоционалдык абалда эле эмес, кадимки күнүмдүк турмушта деле айтылса, нике коркунучта.
Дагы кандай сөздөр коркунуч жаратат?
Бекем мамилеге да жарака кетире турган сөздөрдүн катарына төмөнкүлөр да кирет: сен гана күнөөлүүсүң, эгер сен мындай болбогонуңда... эч качан жолукпай эле койсок болмок, сен эч нерсеге арзыбайсың, сага болгон сүйүүм өчтү, сени жек көрөм, дайыма бузуп эле басып жүрөсүң, колуңдан эч нерсе келбейт, эмне мынча келесоосуң, мага татыктуу эмессиң же сага татыктуу эмесмин, ашыкча сезимталсың жана башка. Мындай сөздөр ортодогу сыйды бузат, сүйүүнү өчүрөт.
Ачууланып турганда кантип жаман сөз айтпоо керек?
• Психологдордон жакшы кеңеш: жинденип турганда түгөйүңүзгө "сен" деп эмес, өзүңүз аркылуу ойду жеткирүүгө аракет кылуу керек. “Мен” деген сөздү биринчи колдонуңуз. Мисалы, "Мага ушундай мамилени көргөн оор болуп жатат", "Мага баланча сөз жаккан жок", "Ушул учурда көңүлүм ооруду..." деген сыяктуу. Бул учурда өнөктөштү таарынтып алуу пайызы аз, өз сезимиңизди жеткирүү жеңилирээк.
• Жаман сөз айтуудан мурун терең-терең дем алыңыз. 100гө чейин ичиңизден санаңыз, муздак суу ичиңиз, эшикке чыгып кетиңиз, душка түшүңүз. Анан гана маселени чечкенге аракет кылуу зарыл.
• Эмоция менен жаман сөздөрдү айтып салуу оңой. Ал сөздөрдү кайтарып алуу мүмкүн эмес. Муну түшүнүү керек. Түшүнгөндө кайталабаганга, эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кыласыз.
• Түгөйүңүзгө өзүңүз сөз менен жеткире албай жатсаңыз, улууларга, аброю бар адамдарга кайрылып жардам сураңыз.
• Үй-бүлөдөгү маселени эшикке чыгаргыңыз келбесе, психологго кайрылыңыз. Адис маселенин булагын таап, чечүү жолдору боюнча кеңеш берет.
Асыл Орозбекова