Ырчы Мурадил Данияров көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеткенин байкасаңыздар керек. Көрсө, чыгармачылык менен бизнесин бирдей алып кетип жаткан экен. “Бизнес кылуу менен чыгармачылыгымды өнүктүрүп жатам” деген ырчынын учурдагы тынч жашоосу, келинчеги менен болгон таттуу мамилеси, максаттары жана жан дүйнөсүнүн өзгөрүүсү тууралуу маектештик.
– Саламатсызбы, Мурадил мырза? Көптөн бери чыгармачылыкта активдүү иштебей калгандайсыз, эмне иштер менен алек болуп жүрөсүз?
– Саламатчылык, рахмат, жакшы жүрөбүз. Ооба, тыныгуу болуп жатат, шоу-бизнестен, интригадан алысыраак, тынчыраак жашоону көздөп калдым учурда. Үйлөнгөндөн кийин эле адам бир аз тынчыраак жашоону каалайт окшойт (күлүп). Баш кошкондон кийин күндөп-түндөп студиядан чыкпай жүргөн күндөр азайып, токтолуп калдым. Бирок менде такыр эле токтолуп калуу жок, Кудайга шүгүр, дайым эле той-топурда эл кызматындабыз.
Ата-энем көп жылдан бери миграцияда, Орусияда жашашкан. Менин кыялым бар эле, ата-энемди мекенибизге алып келсем, үй-бүлөлүк бир бизнес ачсам дегем. Ошол тилек ишке ашып, учурда ата-энем менен Жалал-Абад шаарында чакан иш ачканбыз. Негизи ата-энем иштешет, анткени менин чыгармачылыктан колум бошобой калат. Бизнести чыгармачылыкты өркүндөтүү үчүн колдонсо болот, мисалы, жакында бир клипти Өзбекстанда тарттым.
– Көпчүлүк чыгармачыл инсандар эмне үчүн заматта бизнеске ыктап кетишет?
– Менин оюмча, ырчылыкка баш-отуң менен кирүү үчүн көп нерсени садага чабышың керек болуп калат экен. Тууган-урук, үй-бүлө, кызыкчылык, баарынан баш тартып, анан ийгиликке жетет окшойсуң. Мен андай курмандыкты каалабадым. Ырчылыктан башка эмне кыла алам деп ойлонуп, бизнес кылыш керек экенин түшүндүм. Негизи жашоомдо дарбыз сатып, миграцияда жүрүп, көп эле иштерди кылып көрдүм. Башка ырчылар деле мага окшош болуш керек (күлүп). Анткени чыгармачылык стабилдүү эмес да, ошондуктан “запасной вариант” сөзсүз болуш керек деп ойлойм.
– Үйлөнгөндөн кийин жашоомдо өзгөрүүлөр болду деп калдыңыз. Жубайыңыз менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар?
– Мен жубайымды бир көргөндө эле менин адамым экенин билгем. Жүрөгүм тынчтанып “ушул экен” дедим. Улуулар деле айтып калышчу эле, “билинет, өз адамыңды дароо тааныйсың” деп. Менде да дал ошондой болду. Бирок мен ишенимдүү болгонум менен, жубайымды ынандырыш кыйын болду. Себеби ага “эй, ал артист да, улам бир аялды алып кете берет” деген сыяктуу сөздөр көп айтылыптыр. “Жок, андай эмес” деп ынандырып, түшүндүрүп жүрдүм. Бири-бирибизге мүмкүнчүлүк берип, жакшы таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Эки балалуу болдук, жакында эле уулдуу болдум, атын элибизге белгилүү бир агаларыбызга койдурдук. Нурэмир деген ысымды ыйгардык.
– Жубайыңыз сизди кайсы сапаты менен өзүнө тартып турат?
– Орусча “с характером” деп коюшат го. Ошол сапаты жагат. “Хоп” деп эле баарын уга бербейт, өз оюн айтып, акылдашып, кээде макул болбой коёт. Мага ошол мүнөзү жагат. Кайсы жерде эмне кылыш керек экенин билет. Өзү шаарда төрөлүп, өскөн экен, бирок айылдын жашоосун да жакшы билет жана ыңгайлашып кете берет.
– Ата болгон кандай экен анан?
– Мен эркектерди ата болгондо гана түшүндүм десем болот. Анткени жаш кезде “булар эмне мынча тытынышат?” деп ойлой берчүмүн. Ата болгондон кийин эмнеге тытынып иштей турганын жон терим менен сездим, түшүндүм. “Бала-чака чоңойгончо ушуларга бир нерсе кылып берейин” деп чуркашат турбайбы. Мен деле ошолордун катарына кошулдум десем болот.
– Жашоодо кыйынчылыктын азабын көп тарткандардын катарына кошуласызбы же...
– Ооба, батирден батирге көчүп кыйналып, каржылык жактан кыйналып жүргөн ырчылардын катарын толуктайм. Менин акча таап калганыма 4-5 эле жыл болуп калды десем болот. Ага чейин бирди-бирге улай албай эле жүрчүмүн. Тойдо “кызыңызды бериңизчи апа, апа” деген саптары бар ырым менен азыр жалаң күйөө балдарды залга алып кирем. Ошондой ырчыны баккан бир ыры болот экен. Ошол ыр күйөө балдарды алып киргенге “бренд” болуп калды.
– Аталган ыр өз учурунда хит болду эле, бул эмгек кантип сиздин колуңузга тийген?
– Ал ырды мага баткендик Куба деген акем сунуштаган. Мурун бир кыз менен дуэт ырдап жүрчүмүн. Ал Калмира Матанова деген кыз эле, кийин турмушка чыгып кетти. Өзүм ырдап жүрүп хит болуп кетти. Бирок ал ыр менен күйөө балдарды киргизе баштаганыма аз эле болду.
– Жалпы чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө канча жыл болду?
– 11-12 жылдай болуп калды. Быйыл концерт берсемби деп, бирок уялып жатам (күлүп). Эл “бул качан он жыл ырдап койду эле?” дешеби деп токтоп калдым. Бирок чын эле ушунча убакыт болду. Убакыт тез өтөт экен, андан да музыкалык билим алам деп аракет кылам жыл сайын, бирок алаксып жатып окууга тапшыруу учурун өткөрүп жиберем.
– Ата-энеңиз сиздин чыгармачылыгыңызга кандай салым кошту?
– Ата-энем Орусияга миграцияга кеткенде мен 8-класстагы бала элем, чоң ата, чоң энемдин колунда калгам. Мен ушуга чейин кандай ийгиликке жетсем, эмне кылсам, баарында ата-энемдин салымы чоң болду. Анткени ошончо иштеп жүрсө да, менин каалоомду, ырчылыгымды колдошту. Апама майда-баратына чейин чыгармачылыгым тууралуу айтчу элем. Кечке эле акча сала берип алар деле тажашат да, атам “балам, башка эле кесипти тандасаңчы, сендей балдар бир кесиптин ээси болду” дей баштаган. Апама “апа, бир аз чыдап койсоңор баары жакшы болот” деп айтчу элем. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей, эми ошол убакыт келди деп ойлойм.
– Сиз дайыма жадырап-жайнап, күлүп жүрөт экенсиз. Депрессия болуп көрдүңүз беле?
– Жок, мен бир уктап туруп алсам эле баары ордуна келип калат (күлүп). Мен чыныгы кыргызмын, андай деле боло бербейм. Психолог эмес, тамагым ооруп калса деле врачка барган адам эмесмин. Бир аз маанай түшүп калышы мүмкүн, кайра бат эле күлүп калам. Эч кимге кек сактабайм.
– Жакшы сапат бул. Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева