Өлкөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттоодо. Мындай абал Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу экенин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Биринчи радиого” маек берип жатып билдирди.
– Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзүндө мунайга жана мунай продукттарына болгон баалар кескин түрдө жогорулап жатат. Дүйнөдөгү бренд маркасын алып келсек, баалар 2 эсеге чейин жогорулады. Бул дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан тенденция. Кыргызстан өзүн мунайзаттар менен толук камсыз кыла албайт. Ошондуктан дүйнөлүк тенденциядан артта кала албайт экенбиз. Бүгүнкү күндө биздеги компаниялар мунайзаттарды Орусиядан сатып алып келишет. Ал жерде деле баалар 300 долларга чейин жогорулады. Андан дагы жогору болгон учурлар бар. Анткени дизель отуну боюнча бүгүнкү күндө баалар 1200 доллардан ашып кетти,- деп билдирди Эшатов.
Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы адатта азык-түлүктүн бааларынын кымбатташы менен коштолот. Ансыз да кымбатчылык кыйнап турганда Ирандагы согуштун таасири ар бир кыргызстандыкка тийүүдө.