Кыргыздын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 7-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында мектеп программасына немис тилин кайра киргизүү керектигин айтып, бул багытта Өзбекстанды мисал кылды. Анын айтымында, Германияга барып окуу бекер, кошумча акча да төлөп беришет, болгону тил билүү кажет.
– Баарыбыз көчүп барып окусак да бекер. Бир эле шарт – немис тилин тиешелүү деңгээлде билишибиз керек. Кээ бир жерде стипендия да берет, ал үчүн мектепте тил үйрөнүшүбүз керек. Өзбекстанда бир мугалим же жаран “мен немис тилин билем, балдарга тил үйрөтөм” десе, курсуңду ачып ал деп мамлекет 120 миллион сум кошумча төлөмү жок каражат берет. Мектептен бекер аудиторияларды берет. Курска келген балдардын ата-энелери 2 айына акы төлөсө, 6 айын мамлекет төлөп берет. Ошентип отуруп азыр жаштарын Орусиядан алып качып, Европа, Түштүк Кореяга жиберип отурат. Өзбекстанга былтыр эле 19 миллиард доллар акча сырттан келди,- деди Текебаев.
Элчи былтыр немис тили Кыргызстанда окуу программасынан чыгарылып калганын белгилеп, Германияга барам деген кыргыз жаштары көп экенин кошумчалады.