Иран Ормуз кысыгын кайрадан жапканын чет өлкөлүк ЖМКлар жазып жатышат. Андагы маалыматтарга таянсак, кысыкты жабууга элдешүү процесси башталгандан кийин Израилдин Ливанга сокку урушу себеп болду. АКШ-Иран ок атышууну токтотууну макулдашкандан кийин Израил Ливан аймагына сокку урган. АКШ президенти Дональд Трамп макулдашуу шарттарында Ливан каралган эместигин айтып чыкты. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ согушту токтотууну же Израил аркылуу улантууну тандашы керектигин билдирди. Ортомчулук кылып жаткан өлкө – Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф АКШ менен Ирандын ок атышууну токтотуу келишими Ливанга да тийиштүү экенин билдирген.
Айта кетсек, буга чейин АКШ менен Иран ок атышууну 2 жумага токтотууну макулдашканы, макулдашуу шарттарын сүйлөшүү үчүн эки тарап жолугушууга даярданып жатканы жарыяланган эле. Сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистанда өтөрү күтүлүп жатат. Эки тарап ок атышууну убактылуу токтотууну макулдашкан соң Иран дүйнөлүк мунай ташуунун маанилүү жолу болгон Ормуз кысыгын ачканы айтылган эле.