Биз социалдык тармакта

БАЛАНЫ ЖАСАЛМА ТАМАКТАНДЫРУУ АЗЫКТАРЫНЫН ЖАРНАМАСЫНА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨЙТ 

Жогорку Кеңеште жумушчу топтун жыйынында “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, мыйзам долбоору балдарды жасалма тамактандырууга арналган азыктарды жана каражаттарды жарнамалоону жөнгө салууга багытталган. Бул аркылуу саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү жана балдардын туура тамактануусун камсыздоо көздөлүүдө.

Демилгелеген депутат 5 жашка чейинки балдардын тамактануусуна байланышкан көйгөйлөр курч экенин белгилеп, туура эмес тамактануу кыска жана узак мөөнөттүү оор кесепеттерге алып келерин айтты. Алардын катарына жугуштуу оорулардын көбөйүшү, балдар өлүмүнүн өсүшү, ошондой эле интеллектуалдык өнүгүүнүн кечеңдеши, ашыкча салмак, семирүү, кант диабети, жогорку кан басымы, инфаркт, инсульт жана онкологиялык оорулар кирет.

Талкуунун жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилешип, балдардын ден соолугун коргоого багытталган бул демилгени колдоого алышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1216, 10-16-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан