Биз социалдык тармакта

УРУК ЧАЧУУ МЕЗГИЛИ: БАЛЫК УУЛООГО УБАКТЫЛУУ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Республика боюнча балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак, тыюунун мазмуну төмөнкүдөй: 

Ысык-Көлдө: Ысык-Көл чабагын кармоого 1-апрелден 15-майга чейин, майда балыктарга 1-майдан 1-июлга чейин, каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин уруксат жок.

Республика боюнча: Щука, судак, сазан, карп, сом, амур жана башка балыктарга 5-майдан 20-июнга чейин, чабак, карась, окунь жана башка балыктарга 15-апрелден 5-июнга чейин, ал эми дарыя маринкасына 15-майдан 1-июлга чейин аңчылык кылууга тыюу салынды.

Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга: османга 1-июндан 15-июлга чейин, амударыя форелине 15-октябрдан 15-декабрга чейин, Ысык-Көл форелине 1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.

29-мартта Кыргызстанда  балык уулоо сезону расмий түрдө ачылган эле. "2026-жылкы балык уулоо сезонунун ачылышы" аттуу спорттук иш-чарага өкмөт башчы да катышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1216, 10-16-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан