(Башы өткөн сандарда)
Илим ал күнү таң атпай ойгонду. Уйкусу канган жок, жөн гана көзүн зордоп жумганга чыдабай көзүн ачты. Түнү бою бир эле ой мээсин тешип чыкты. “Бүгүн баары бүтөт!”
Бүгүн ал башка кызды ата-энеси менен тааныштырмак. Арина да бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканын билет. Аны менен көптөн бери жакшы тааныш. Бирок кыз-жигит катары эч кандай мамилелери жок эле. Бир күнү барды да, жубайы болууга сунуш киргизди. Арина таң калды, бирок макул болду. Ошентип баары башталып кетти. Мындай кылганына өзү таң калды, бирок артка жол жок эле. Ал качып жаткан. Өзүн кимдир бирөөнүн алдында алсыз көрсөтүп алып, өмүр бою жарасы болгон окуяны айтып алып, ошол алсыздыктан качып жаткан.
xxx
Терезеден кирген жарык бөлмөнү акырын толтуруп баштады. Ал акырындап жарык толуп бара жаткан үйдү максатсыз гана тиктеп турду. Жарык Илимге жылуулук берген жок. Ичиндеги караңгылык андан да коюуланып, ичине батырып кеткендей болду. Ал төшөктөн туруп, күзгүнүн алдына келди. Көпкө чейин өзүнө тиктеп турду. Бул жүз... анын жүзүбү? Көздөр... бул каректер качан мынчалык бош болду эле? А балким, өмүр бою эле ушундай максатсыз тиктеген каректер болуп жүрбөсүн. Көкүрөгүнө шектенүү кирди. Ушул жигитпи, жаш чагынан эле илимди казган? Профессор болгон, ата-энесинин сыймыгы болгон... Ушул жигитпи? Эмне мынча томсоруп бактысыз карайт? “Сен качан өзүңдөн баш тарттың?” деди өзүнө акырын гана. Жооп жок. Тек жүрөгү бир онтоп алгандай болду. Анын ою кайра эле Тамчыга кетти. Тамчы... Анын аты жаранын үстүнө бычак тийгендей оор сезилди учурда. Кызыгы, аны эстегенде кыйналат, эстебесе бир нерсеси колунан түшүп калгандай көңүлү толбойт. Бул кандай эки тараптуу сезим эле... Анын жанында болгондо күн да ажайып жаркырап чыккандай сезилчү. Бакыт бардай, көңүлүн кытыгылаган бир кубануу бардай туюлат эле дайыма. Аны эртең менен көрсө эле көңүлү ачылып кетчү. Максаты, жашоонун мааниси бардай сезилчү.
Ушул учурда да ал кызды унуткан жок. Унута да албайт. Анткени Тамчыны сүйүү – бул жөн гана эркектин аялга болгон сезими эмес болчу. Бул – Илимдин эң таза, эң чыныгы абалы эле. Тамчы менен ал жасалма эмес болчу. Аны менен сүйлөшүп жатканда ал күчтүү да, алсыз да боло алчу. Мамиледе чын эле жашап жатканын сезчү. Мамиле дегендей деле бир чоң нерсе болгон жок, алтургай колун кармаган жок. Жакшы көрүү сезимин билдирген жок. Болгону көп баарлашчу. Анын акылынын тунуктугу, жаш болсо да зиректиги, даанышман жана күчтүү экенине баа берчү. “Жашабай жатып бул мындай сезимталдыкты кантип үйрөндү?” дечү ичинен айран таң кала.
xxx
Арина менен болсо баары зымга тизгендей туура жана так. Баары боло тургандай, ачык, түшүнүктүү. Ошону менен тажатма, бир калыпта. Бул ойлор ага оор келди. Эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Арина кирип келди, бетинен муздак сүйдү. Ичиркенип кетти Илим, балким, ал сырттын салкын илебин ала келгендигиненби же анын муздактыгынанбы?
– Баары жакшыбы?- деди Арина анын жүзүнө кабатырлана карап.
– Ооба, баары жакшы. Азыр даяр болом, анан чыгабыз.
Арина узун буттарын кайчылаштыра креслого отура кетти. Андагы журналдарга кайдыгер көз жүгүртө баштады. Баары идеалдуу. Макияжы, кийими, койкоюп отурушу, упузун колдору. Кимдин болсо да кыялы эле бул кыз. Бирок аны тиктеп туруп Илим жакындыкты сезе албай жатты. Бир саамга көзүн жумду. “Эгер азыр баарын токтотсомчу? Кеч боло электе бул ойдон кайтсамбы?” деген ой жылт этти. Бирок акылы дароо ал ыктымалды өчүрдү. Ага ушул кыз керек, муну менен дагы да көп ийгиликтерди багындырат. Келечекте боло турган балдарынын идеалдуу апасы ушул кыз.
“Сен Арина менен гана бактылуу боло аласың. Ушул кыз сенин жаралуу жүрөгүңдү ачканга аракет кылбайт. Сенин акылыңа, ийгиликтериңе сүйүнүп жашайт. Башка нерсени талап кылбайт. Көкүрөгүңдү ачууну такыр ойлобойт” деди ал. Бирок ушул үнү өзүнө жат угулуп жатты.
xxx
Үйдүн ичинде шаң. Дасторкон толо. Күлкү угулат. Ата-энеси менен таанышууга келген кыз сылык, тартиптүү. Ата-энеси да ыраазы. Ким билет, балким, ыраазы болгондой түр көрсөтүп жатышкандыр. Баары өз нугунда кетип жатты. Баары... Бирок Илимден башкасы. Тамчы бөлмөдөн чыгып кетери менен ичинде жарк эткен жарык өчүп кеткендей сезилди. Кайра киреби деди, бирок кирген жок. Кылчайып карап жатты, караанын көргүсү келди, жок дегенде үнүн уккусу келди. Бирок жымжырт. Кетип калганын түшүндү.
Ал столдо отурду, күлүп, суроолорго жооп берип жатты. Кубаттап баш ийкеп да турду. Бирок ой-санаасы бул жерде эмес эле. Ал Тамчы менен болгон акыркы кечти эстеп жатты.
Университеттин алды эле. Экөө бири-биринен бир нерсе күткөндөй коштошо албай турушту. Тамчы анын жанына акырын жакындап:
“Илим... сен жакшы адамсың” деген...
– Илим, сен кандай дейсиң? - деген Аринанын үнү аны реалдуулукка сууруп чыкты. Атасы, апасы баары аны тиктеп турган экен.
– Эмнени?
– Үйлөнүү тоюбузду кайсы жерде өткөрсөк деп сөз кылып жатабыз.
– Аа, болот, баары жакшы болот,- деди шаша-буша. Эмне деп жатканын өзү да анча аңдай алган жок. Баары аны карап турушту. Ар биринин ичинде суроо бардай эле. Көз ирмемдик убакыт өттү. Ошол ирмемде ал эки жашоону көрдү:
Арина менен болгон жашоосу – тынч, туура, бирок муздак жана максатсыз.
Тамчы менен мамилеси – оор, түшүнүксүз, бирок жандуу жана жанды кубанткан сүйүнүч менен жашоо. Көз алдына эки жашоосу так тартыла калды. “Кана, кайсы жашоону тандайсың?” деди ичинен бир үн ага шылдыңдагандай. Илим муңайым жылмайды.
– Тоюбуз ушул бакчада болот! - деди.
Ошол сөз менен ал өзүнүн жарык тарабын биротоло көмгөнүн сезди. Ага караңгылык жакшы эле. Ал жакта суудагы балыктай сезчү. Жарык болсо аны жөн гана алагды кылчудай. Анткени ал өзүнүн жаралары менен кездешүүнү каалабады. Ичинен ушул күнгө чейин жеп келген нерселер ичинде калуусун туура көрдү. Анын бакма экенин бир да адам билбеши керек. Кокустан оозунан чыгып кеткен бул окуянын шурудай төгүлүшүн каалаган жок. Апасы ага таң кала тиктеп турду. Атасы дайымкыдай кабагын чытып турду. Арина гана ишеним менен тиктеп турганын байкады.
xxx
Кеч кирди. Кызды узатып келип, үйүнө баш бакты. Үнсүздүк. Дубалдар анын үстүнө түшүп кетчүдөй оор сезилди. Илим сыртка чыкты. Суук аба көкүрөгүнө урду, аптыга дем алды. Бирок ичиндеги отту баса алган жок. Ал асманды карады. Жылдыздар алыста. Жетпеген нерселердей. Ал көк чөпкө отуруп калды. Колдору титиреп жатты. Сандарды санап жатты. Бир, эки, үч... Акыл акырын өз нугуна түшкөндөй сезилди, эмоциясын токтоткондой болду. Тамчынын элеси көз алдына тартылды. Мындан качыш жок, бул кыз аны кубалап алды, ойлорунда, түшүндө, жүрөгүндө...
Акыры ал качпай, сезимдерине жол берди. “Мен сени таштаган жокмун” деди ал анын элесине шыбырап. “Мен өзүмдү таштадым...”
Ал эми Тамчынын элеси тура берди. Көзүнөн сызылып жаш кетти. Ал акыркы жолу качан ыйлаганы эсинде жок. Бирок дал ушундай көкүрөгү күйүп турганда ыйлаганы жадында калыптыр. Биринчи жолу чындыкты ачык сезди. Ал Тамчыны жоготкон жок... Ал өзүнүн жүрөгүн жоготту. Көзүнөн жаш агып жатты. Токтоткон жок. Анткени бул көз жашта ал көптөн бери катып келген чындык бар болчу. Ошол түнү Илим бир нерсени так түшүндү. Эң оор тагдыр бул сүйгөн адамың менен эмес, сүйбөгөн жана сүйүлбөгөн өзүң менен жашоо тура.
(Уландысы кийинки санда)