Биз социалдык тармакта

РЕДИСКА АРЫКТООГО ЖАРДАМ БЕРЕБИ?

Жаздын келиши менен редисканын актуалдуулугу жогорулайт. Редиска адамдын организмине кандай таасир берет, пайдасы жана зыяны тууралуу кыскача маалымат.

 

Пайдасы

Түрп түркүмүнө кирген редисканын мекени – Азия өлкөлөрү. Өзгөчө даамга ээ жашылчанын пайдасы көп:

• Курамында клетчатка бар, андыктан ичегилердин активдүүлүгүнө, кан тамырлардын тазаланышына таасир этет. Натыйжада тамак-аш сиңирүү процесси жакшы болот.

• Калориясы төмөн азык. Андыктан редисканы арыктатуучу жашылчалардын катарына кошо алабыз.

• Табигый заара кубалоочу продукт. Заара чыгаруучу каналдарды тазалап, бөйрөктүн жакшы иштешине да таасир берет.

• Антоцианин заты жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат, кан тамырларды бекемдейт. Ал эми калий артериалдык кан басымды нормада кармаганга жардам берет.

• 100 грамм редиска адамга керектүү С витамининин күнүмдүк нормасынын 28 пайызын толуктай алат. Бул витамин адамдын иммунитетин көтөрүүчү негизги витаминдердин катарында. Андан сырткары теринин, тырмак, чачтын саламаттыгына да жооп берет.

 

Зыяны

100 пайыз пайдалуу нерсе жок эмеспи. Редисканын да организмге тийгизген терс таасирлери бар, өзгөчө көп өлчөмдө жегенде:

– Курамындагы эфир майлары ашказанда сезгенүү жаратышы ыктымал. Андыктан гастрит, ашказан жарасы, панкреатит оорусу барларга жегенге сунушталбайт.

– Курамында йодду сиңирүүгө тоскоол болгон заттар бар. Андыктан редисканы көп өлчөмдө жана такай колдонуу зоб оорусун жаратышы ыктымал.

– Өт суюктугун ашыкча бөлүп чыгарууга себепчи болот. Өтүндө ташы барларга да сунушталбайт.

– Айрым адамдарда ич көбүү жана ичегилеринде сезгенүү жаралышы мүмкүн.

 

Күнүмдүк нормасы канча?

Бул жашылчадан зыян эмес, пайда табуу үчүн күнүмдүк норманы сактоо керек. Чоң адамдар күнүнө 200-300 грамм жесе болот, жаш балдар 100 граммдан ашпашы керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1216, 10-16-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан