Биз социалдык тармакта

БЫЛКЫЛДАГАН ЭТ ТҮРЛӨРҮ

Т-BONE CТЕЙКИ

Керектелүүчү азыктар (1 порция үчүн):

Жаш бодо малдын стейк болуп бөлүнгөн арка эти – 1 даана

Зайтун же өсүмдүк майы – 10 грамм

Каймак май – 15 грамм

Розмарин же тимьян – 3-4 тал

Сарымсак – 3-4 тишче

Кара мурч, кызыл калемпир, туз – татымына жараша

Гарнир үчүн:

Түстүү болгар калемпири – 40 грамм

Черри помидору – 3-4 даана

Кабакча – 50 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

Стейкти көбүнчө жаш бодо малдын жумшак этинен жасашат. Биз даярдачу Т-bone стейки Т түрүндө кесилген арка этинен жасалат. Калыңдыгы 2 сантиметрге чейин болгону жакшы. Табитиңизге жараша чала же толук бышырсаңыз болот.

1. Алгач этке туз, кара мурч, калемпир татымына жараша себелеп, сиңире сүртөбүз. Бышырарда гана сүртүлөт, болбосо эттин ширеси чыгып, стейк кургак болуп калат.

2. Көмөч казанга же гриль көмөч казанга май куюп, ысыган кезде аарчылган сарымсак менен розмарин, тимьян салабыз. Бул татымалдар куурулганда даамы майга чыгат, аларды чекеге жылдырып, этти салып, эки тарабынан улам оодарып кызарта бышырабыз. Калың жерлерин үстүнөн басып-басып коюу кажет. Отко жараша 5-8 мүнөттүн ичинде бышат. Тарелкага чыгарабыз да, ысык кезинде каймак май кесимин үстүнө коюп коёбуз.

3. Көмөчтө калган майга жашылчаларды салып, чалараак бышырып чыгарабыз. Стейкке гарнир катары кошуп беребиз.

 

АНАР СОУСУНДАГЫ КОЗУ КАБЫРГАЛАРЫ

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Козу кабыргалары – 600-700 грамм

Өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык

Соус үчүн:

Анар ширеси же даяр анар соусу – 400 миллиграмм

Соя соусу – 50 миллиграмм

Алма уксусу – 20 миллиграмм

Тимьян – 2 талча

Лимон ширеси – 40 миллиграмм

Бал – 1 аш кашык

Корица – 0,5 чай кашык

Кызыл калемпир, тоголок кара мурч –
0,5 чай кашыктан

Туз – 1-1,5 чай кашык

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Биригип турган кабыргаларды көмөч казанда ысып турган майга салып, эки тарабынан кызартып чыгарабыз. Эгер кабырганын ийилип турган жагын алсаңыз бир тарабынан кууруу жетиштүү. Бул учурда эт сөөгүнө жакшы биригип, ширеси көп чыгып кетпейт. Мындан соң алып чыгып, туздап, оройбуз да, тиш чукугуч же шпажки менен бекитебиз.

2. Түбү калың, кууш мискей же казанга анар ширесин же соусунан (даяр соусу наршараб деп аталат) башка азыктардын баарын куюп, кайнатабыз. Андан соң анар соусун же ширесин куюп, күчтүү отто 5 мүнөт кайнатабыз. Буга оролгон кабыргаларды салып, капкагын буу чыкпагыдай жаап, жай отто 2 саатка калтырабыз.

3. Бышкан соң кабырганы тарелкага салып, коюу анар соусунан үстүнө куюп, каалаган гарнир менен берсеңиз болот. Эгер 2 сааттын ичинде анар соусу коюуланбай калса, этти алып чыккан соң кайра кайнатып жиберүүгө болот.

 

КОНФИ ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар

Тоок эти же буттары – 500-600 грамм

Сарымсак – 1 баш

Черри помидору – 200 грамм

Соусу үчүн:

Каймак май – 160 грамм

Өсүмдүк же зайтун майы – 160 грамм

Лимон – 1 даана

Розмарин – 2 талча

Туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

Конфи ыкмасы – этти өз майында бышырып сактоочу француз ашканасынын салттуу ыкмасы. Мурун муздаткыч ойлоп табыла электе ушул жол менен этти бышырып, майда сакташкан экен. 

1. Тоок этине туз себелеп сиңиребиз. Атайын электр мешине ылайыкталган айнек формага этти жана сарымсак тишчелерин, черри помидорун салабыз. Форма эт жана жашылчалар баткыдай чоңдукта болгону жакшы, анткени үстүнө куюлган май буларды көмүп турушу керек.

2. Отко мискейди коюп, каймак май, майды, бир лимондун ширесин сыгабыз. Калган татымалдардын баарын салып аралаштырабыз. Муну эттин үстүнө куюп, 120 градуста ысып турган электр мешине салынат. Жай отто былкылдап 70-80 мүнөт турушу керек.

3. Чыгарып, тарелкага жашылчаларды салабыз. Тоок этин ушул бойдон да берүүгө болот, бирок салттуу француз ашканасында тоокту өзү бышкан майдан көмөч казанга бир аз куюп, тоок эттерин кызартып чыгаруу керек. Мындан соң кесип, тарелкаларга салып бере бериңиз.

 

Асел Ишенбай кызы        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1216, 10-16-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан