(Башы өткөн сандарда)
Бир күнү Тинатин кайрадан гүл дүкөнгө киргенде Марат артынан кирип келип, жай гана:
– Көрөбүз, сен мага аягына чейин каршы чыга аласыңбы?- деп жылмайды.
Тинатин башын чайкап, колун көтөрдү:
– Сен абдан эле кыялкеч экенсиң,- деди ал кайдыгер карай. Бирок ичинен Мараттын өжөрлүгүнө кызыга баштады.
Ошентип шаарда, түнкү көчөлөрдө, чакан гүл дүкөндө ар кандай күтүүсүз жолугушуулар орун алып жатты. Марат үчүн бул жөн гана көңүл ачуу болчу, ал эми Тинатин үчүн жашоонун жаңы сюрпризи сыяктуу эле. Марат артынан чуркап жүргөнү менен, жүрөгү дагы деле толук ачыла элек, чындап сүйбөгөн абалда.
xxx
Маратты достору “Мара” деп чакырышчу. Нурдин же “Нурик” деген досу Марат менен бирге “шефи” тарабынан тапшырылган шаардагы бардык тапшырмаларды аткарып жүрчү. Алар үчүн бул жөн гана иш эмес, стратегия, тактикалык оюн жана жашоонун чыныгы сынагы болчу. Бир жолу түнкү тапшырмалардын бири учурунда Нурик минтип айтты:
– Мара, бүгүн так иштешибиз керек, азыркы учур оңой эмес.
Алар ар бир кадамды ыкчам, бирок пландан чыкпай жасашчу. Мараттын сүрдүү мүнөзү, тайманбастыгы, ылдамдыгы Нурикти таасирлентчү. Нурик болсо андан жаштык энергиясы, чечкиндүүлүгү жана достукка берилгендиги менен айырмаланчу.
Тинатин күн батып бараткан учурда университеттен чыкты. Көчөдө адамдар кыйма-чийме кыймылдап, биринен-бири шашылгансып, автоунаалардын шуулдаган добушу аба жаңыртып жатты. Дал ушул учурда Марат да ага жолукканы ашыгып күтүп турган. Ал Тинатинди көргөндө маанайы көтөрүлүп, жадырай жылмайды. Тинатин алды жагын карады. Марат дагы алдынан тосуп чыкканын көрдү.
– Сен... кайра эле сенби?- деди жактырбагандай.
– Ооба, учурашып кетейин дегем,- деди Марат сыр алдырбай.
Бул күнү экөө бир топко сүйлөшө басып, кеч киргенде эки жакка кетишти.
xxx
Күздүн акыркы күндөрүнүн бири эле. Университетте жакшы окуган студенттер үчүн эл аралык экскурсия уюштурулуп, алар Стамбулга бара турган болушту. Тинатин бул кабарды укканда бир аз ишене албай турду. Ал буга чейин өз өлкөсүнөн алыс чыкпаган, дүйнөнү китептерден, карталардан жана кыялдарынан гана көрчү. Учууга бир нече саат калганда аэропорттогу жарыктар, адамдардын ызы-чуусу, учактардын үнү, баары анын жүрөгүн бат-бат согууга мажбур кылды.
– Чын эле кетип жатабызбы?- деди жанындагы курбусу Айгүлгө акырын.
Айгүл жылмайып:
– Албетте! Биз Стамбулга баратабыз!
Учак асманга көтөрүлгөндө иллюминатордон көрүнгөн шаар жарыктары жылдыздардай алыстап бара жатты. Тинатин биринчи жолу дүйнө канчалык чоң экенин сезди. Бир нече сааттан кийин алар Стамбулга конушту.
xxx
Стамбул... Түнкү шамалында тарыхтын жыты бар шаар. Көчөдө адамдардын түркүн добушу, алыстан угулган азан үнү, Босфордун үстүнөн соккон салкын жел, баары бир керемет дүйнөгө окшош болчу. Эртеси күнү студенттер шаарды кыдырышты. Байыркы көчөлөр, таш жолдор, кооз мечиттер, тарых менен заманбап дүйнө аралашкан шаар Тинатинди таң калтырды. Бирок эң унутулгус учур кечинде болду. Студенттер автобустан түшүп, Босфор жээгине жакындашты. Тинатин жай басып, башкалардан бир аз алыстап кетти.
Ал биринчи жолу деңизди жанынан көрдү. Көз алдында чексиз көк мейкиндик толкун болуп кыймылдап жатты. Шамал анын чачын акырын желбиретип, балырдын жыты мурунун өрдөп кетти.
Толкундардын үнү жай, бирок күчтүү. Тинатин токтоп калды. Ал жашоосунда биринчи жолу деңиз менен бетме-бет турган.
– Бул ушунчалык чоң экен...- деп акырын шыбырады ал.
Күндүн батышы деңиздин үстүн алтын түскө боёп, асман кызгылт-көк түскө айланып жатты. Ошол учурда Тинатиндин жүрөгүндө бир нерсе өзгөргөндөй болду. Ал деңизге карап туруп, түшүнүксүз бир сезимди сезди – эркиндик, чексиздик жана жашоонун жаңы барагы. Толкундар жээкке келип, кайра артка кайткан сайын анын ойлору да тереңдеп жатты.
Балким, дал ушул деңиз анын келечегин өзгөртөт. Балким, бул жерден анын тагдыры өзгөчө башталат. Ал азырынча билген жок... Дал ушул деңиз анын жашоосундагы эң чоң окуяларга күбө болорун. Бүгүнкү күн деңизде 1001 күнгө созулган тагдырдын башталышы экенин...
Тинатин толкундарды карап жылмайды. Шамал анын чачын желбиретип, деңиз “кош келдиң” деп акырын шыбырап жаткандай сезилди.
Тинатин деңиз боюнда көпкө туруп топтогулардан артта калганын сезе селт эте түштү. Алар алдыга жылып кетишкен эле, ал жалгыз калды. Жүрөгү туйлап, көзү алаңдай эки жакты карап, топту табууга аракет кылды. Бирок дал ошол маалда күтүүсүз окуя болуп кетти: велосипедчен эки киши Тинатин турган тушка келгенде бири-бирин сүзүп алышты. Бири Тинатинди жөөлөй жыгылып, Тинатин деңизге түшүп кетти. Сууда жан далбастап, улам башын суудан чыгарган сайын толкун келип бетке уруп кыздын шайы кетип баратты. Велосипедчен кишинин бири кызды көздөй сууга секирип, аны кучактай тартып жээкке алып чыкты. Суудан чыкканда ал “куткаруучуга” карап, коркуудан титиреп турса да жүзүн жылмаюу аралай түштү. Убакыт токтоп калгандай, Стамбул деңизинин муздак, бирок жагымдуу шамалы бул экөөнүн бир кызыктай абалын кубаттап тургансыды. Бул жигиттин аты Бекзат эле.
xxx
Күн акыркы нурларын жээкке чачып, деңиздин үстүндө алтын түстөгү сызыктар жылтырап жатты. Бекзат үшүп турган Тинатиндин үстүнө көйнөгүн жаба кам көрүүнүн амалында эле. Тинатиндин жүрөгү дүкүлдөп кетти. Ал аны бир көргөндө эле жактырып, ичинен анын ар бир кыймылына ыраазы болуп жатты. Көздөрү менен сүйлөшкүсү келгендей, ал жөн гана ошол жерде турду, деми токтогондой... Бекзат да анын көздөрүнө тигиле бир карап, кайра көздөрүн ала качты. Бул жөн гана көз караш эмес, бири-бирине тартылуу, ортодогу сырдуу эмоцияны билдирген тынч, бирок күчтүү сигнал эле. Экөө жанаша отуруп, бири-бирине ыктап, акырын сүйлөшүп жатышты.
– Сен... Стамбулду жакшы көрөсүңбү?- деп сурады Тинатин назик үн менен.
– Ооба,- деп жооп берди Бекзат жылмая. – Бул жерде ар бир көчө, ар бир имарат өзгөчө сезилет.
Тинатин бир нерсе айткысы келип, бирок ылайыктуу сөз таба албай, жөн гана жылмайды. Бир маалда Бекзат чөнтөгүнөн блокнот алып чыгып, бир барагына бир сандарды жазды да Тинатинге сунду:
– Бул менин номерим... Эгер жардам керек болсо, чал.
Тинатин жеңил калтыраган колу менен кагазды алды. Ал эч нерсе айта алган жок, жөн гана көздөрүн Бекзаттан албай турду.
– Рахмат...- акырын үн чыгарды Тинатин, ал да жылмаюуга аракет кылып. Бирок жүрөгү туйлап жатканын байкатпады.
Бекзат жөн гана башын ийкеп, бир аз артка чегинди. Анын кара көздөрү Тинатиндин көздөрүнө кадалды. Ошол учурда Тинатиндин шериктери жакындап келип, ызы-чуу, күлкү экөөнүн ортосундагы жагымдуу тынчтыкты бузуп салды.
– Тинатин, сен бул жакта белең? Биз сени таппай калдык!- деп чуркап келди бир тайпалашы. Ушул учурда ал Бекзат менен коштошуп жатты.
– Макул, көрүшкөнчө...- деди жылмая.
Автобуска түшүп жөнөп кеткенче деңиз жээгинде турган Бекзатты көзүнөн чыгарган жок. Автобус акырын ордунан жылып Стамбулдун кооз көчөлөрүн аралай жөнөдү. Тинатин терезеден сыртка карап, шаардагы кооз архитектура, сүрдүү деңиз, ак чардактар Стамбулдун сулуулугун арттырып турганын көрүп жүрөгү магдырады.
– Мына, султандык сарай,- деп көрсөттү гид терезеден. – Бул жердин ар бир ташы баалуу тарых,- деп кошумчалады.
Тинатиндин көзү деңизге ала качты. Ал жакта Бекзат аны карап тургандай элестетип, жылмайып баратты. Башкалары гиддин сөзүнө кулак төшөп, а Тинатин өз дүйнөсүндө жыргап жатты. Бул күнкү экскурсия жөн гана таанып-билүү эмес, ал биринчи жолу көргөн Стамбулдун сулуулугу, биринчи сырдуу сезимдер жана достор менен бөлүшүлгөн мүнөттөрдүн жыйындысы болду. Тинатин көзүнөн Бекзаттын элесин кетирген жок. Ал билип турду: бул саякат, бул күн, бул мүнөттөр алардын ортосундагы улуу сезимдин башаты экенин.
(Уландысы кийинки санда)