Жашоонун жолу түптүз эмес, ийри, өйдө-ылдый... Бирде ырчы жаркырап сахнанын төрүндө жүрсө, бирде чыгармачылык кризиске кабылып сахнадан алыстайт. Бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Маектешим, белгилүү ырчы Талант Кадыров да акыркы жылдары көп көрүнбөй кеткен. Буга эмне себеп болгонун маекте айтып берди.
– Саламатсызбы, Талант мырза? Көрүнбөй кеттиңиз, кайда, эмне иштер менен алексиз учурда?
– Саламатсыздар. Эки жыл чыгармачылыктан алыстап турдум. Албетте, той-топурларга барып эле жатам, бирок атайын ыр жаздырып, клип тарттырып, активдүү иштеген жокмун. Эми быйыл башкача стилде ырдап, чыгармачылыкка жандуу киришейин деп турам. Эки жылдан бери эч жерге интервью да бере элек болчумун, сиздердин чакырууңуздарга келип отурам.
– Чыгармачылыкта тыныгуулар болуп турат эмеспи, бул нормалдуу эле көрүнүш. Сурайын дегеним, ырчы Айя Садырова менен кайрадан дуэттер жазылышы мүмкүнбү?
– Айя экөөбүз 2017-жылдан тарта чогуу ырдай баштаганбыз. Ага чейин мен миграцияда жүрүп келип, “жылына он клип тартам” деп чоң максат коюп, ошол жылдары жеке ырчы катары жакшы эмгек кылдым. Максатыма жетип, он болбосо да толтура клип тарткам. Айя экөөбүздүн биринчи ырыбыз – “Сен менин түшүмсүң” ыры, эл аны жакшы кабыл алды. Кийин “Келчи, гүлүм, мага” деген ырды жалгыз ырда деп сунуштасам, ал мага “чогуу ырдайлы” деп калды. Ал ыр мурдагыдан да жакшы кабыл алынды. Тойлорго чогуу чакырылып, башка да бир топ ырларды ырдап чыктык. Дуэт ийгиликтүү болду, көп ырдадык, дагы бир топ ырлар ырдалбай калды.
– Ырдалбай калды деп калдыңыз... Ырдала берсе болбойт беле?
– Дуэт аткаруу, топ болуп ырдоо кыйын экен. Биз эле эмес, не деген легендарлуу дуэттер, топтор чачырап кетишпеди беле. Себеби жөнөкөй эле – ар кимдин өз үй-бүлөсү, өз түйшүгү бар. Чогуу ырдоого биринин шарты дайыма эле боло бербейт. Мисалы, кээде менин убактым болбой калып жатты. Анан “чогуу отчёттук концерт берип коёлу, анан ар ким өз жолу менен кетсин” деп сүйлөшкөнбүз. 2025-жылы октябрь айында концерт бердик, учурда ар ким өз жолу менен баратат.
– Азыркы учурда ырчы, актриса Аида Багышбекова менен дуэт ырдаган видеолоруңузду көз чалып калууда. Кантип чогуу ырдап калдыңыздар?
– Кадырлуу агаларыбыздын бири бир нече жолу тоюна чакырып, бирок жогоруда айткандай шарттардан улам чогуу бара албай калдык. Айя Алматыда болуп калып, мен жалгыз баргам. Кийин ошол агабыз уулуна той берип, кайра чакырып калды. Ага биздин дуэт аябай жакчу. Ал учурда Айя менен иштешпей калгандыктан башка кыздар менен ырдайын деп Аидага сунуштасам, макул болду. Ошентип чогуу ырдап калдык. Азыр деле чакыруулар болот, аларга ачык эле айтам “Айя менен иштешпей калдык, башка кыз менен барайын” деп. Макул болсо, барып ырдап беребиз. Эми убакыт-сааты келгенде Аида менен жаңы ыр жаздырып ырдап чыгабыз деп турабыз. Андан тышкары дагы бир таланттуу карындашым Жанайым менен да чогуу ырдайлы деп жатам. Өзүмдүн апам менен да дуэт ырдап чыгам, буюрса. Кыскасы, быйылкыга жакшы пландар көп.
– Апам деп калдыңыз. Балдарыңыз чоңоюп, сизге кеп-кеңешин айтууга жарап калышса керек...
– Ооба, балдарым камкор, мага жакын болуп чоңоюп келе жатышат. Балдарым – менин бактым да, маанай жок болсо ошолорду көрүп көңүлүм ачыла түшөт. Бир аз күн мурун келинчегим сыркоолоп ооруканага жатып калды, кичүүм эмчекте эле. Өзүм карадым. Ошол убакытта балдарыма мурункудан да жакын болуп кеттим, бирок балдар үчүн эненин орду баары бир башка экенин байкадым.
– Акыреттик дос деген түшүнүккө оюңуз, көз карашыңыз кандай?
– “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Төө мингенде жигитти, тегеректеп эл жүрөт” деген сөз туура айтылыптыр. Күркүрөп жүргөн учурда достор көп эле... Жогоруда чыгармачылыктан алыстап калдым деп айтып кетпедимби. Бул арада кыйынчылыктар да болду. Жашоомдун ушул этабында достор жоголуп кетишти, сатып кеткендери да болду. Чет өлкөдө мигрант болуп жүрдүм, кайра мекенге келгенде саткын достор менен жолуктум. Кечирдим анан, кечирбегидей мен ким элем? Пенде адашат, ката кетирет тура. Балким, мен деле билип-билбей текеберлик кылгандырмын. Азыр баары мурункудай эле, кучакташып көрүшүп чогуубуз.
– А сиз кечирим сурайын деп жүргөн адамдар барбы, болсо кимдер?
– Адамдарда ар түрдүү эмоциялар болот. Ошолордун айынан кимдир-бирөөнү таарынтып, жүрөгүн оорутуп койгон болсом, кечирим сураганга дайым даярмын. Сурап дагы келе жатам, мен үчүн кечирим суроо маселе деле эмес. Катамды байкап каларым менен кечирим сурайм.
– Кыргыз шоу-бизнесин башка өлкөлөрдүкү менен салыштырсак, сиздин көзүңүз менен...
– Ырчылар, Кудайга шүгүр, көп элебиз. Бирок ачык айтсам, Кыргызстанда шоу-бизнес эми-эми гана бутуна туруп келе жаткандай. Казакстан, Өзбекстандагыдай эмес бизде, алардыкындай заманбап студияларыбыз болсо деп тилек кылам. Сапаттуу пульттар, үн жаздырчу аппараттар болсо сонун болмок. Чет өлкөлөрдүн үн жаздырчу студияларын көрүп, Кыргызстанга да ушундай күчтүү студия ачсам деп тилек кылып келем. Эми шүгүр, жакшы жакка өзгөрүп бара жатабыз. Мисалы, мурда Спорт сарайына башка өлкөдөн ырчылар келсе уялчумун, абалы начар эле. Улуттук филармонияга болсо көрүүчү аз батат. Бирок азыр Жаштык арена салынды, эми жакшы болуп калды.
– Концерт коюу дагы деле чоң түйшүк бойдонбу?
– Ооба, мисалы, “светомузыканы” ижарага алчубуз, ага олчойгон акча кетет. Орточо сапаттагысын алсаң эле беш миң доллар болот. Абдан кооз кылам десең, 15 миң долларга чейин төлөш керек болот. Ырчылар бирөөнүн бизнеси үчүн эле иштеп жүрүшкөндөй сезилчү. Биз бала кезде ырчылар 15 күндөп концерт коюшса, биз бир күн концерт койгондон коркобуз. Анткени өз жаныбызды араң багып жүргөндө анча каражатты кайдан табат элек? Жеке мен эмес, бир топ ырчылар эле кыйналып жүрүшөт. Тойдон түшкөн акчаны кайра эле чыгармачылыкка жумшайсың. Айтор, шоу-бизнестин өкүлү болуу абдан кыйын бизде. Тойлорго деле кимдин ыры хит болсо чакырат, болбосо жок.
– Бирок азыр мурдагыга караганда маданиятка мамлекет жакшы көңүл буруп калды дешет го?
– Ооба, көңүл бурулуп калды. Министрликке “светомузыкалар”, аппаратуралар келди, мурда жеке фирмаларга көз каранды элек да. Эми арзаныраак болсо да мамлекетке төлөп алсак болот.
– Мурунку ырчылар 15 күн концерт коюшса эл келе берчү, анткени интернет жок эле. Азыр кырдаал башкача да?
– Ооба, үч-төрт күндөн кийин концерт интернет желесине чыгат, ошол жактан көрөм дешет. Аябай кызыккан эле адамдар келбесе, учурда залды толтуруу көйгөй жаратат. “Ал ырчыны тойдон көрүп алабыз, интернеттен көрүп алабыз” дегендер бар. Эгерде мамлекет бизге жетиштүү көңүл буруп, маяна төлөп берсе тойго деле барбай, бир гана чыгармачылык деп эмгек кылмакпыз. Бул системди кантип өзгөртүү керек билбейм, бирок ушул тууралуу көп ойлоном. Жандуу үн менен концерт койгусу келген кесиптештерим көп, ичинде мен да бармын. Бул кайф да.
Нуржамал Жийдебаева