Каарманым – актёр, куудул, обончу Жумабек Мадемилов. Ал “Мени тагдыр көп тамашага салды. Кантип экенин азыр айтып берем. Мен тагдырдын тамашасын туура кабыл алып, күлүп жооп берип жүрүп Эмгек сиңирген артисттикке жеттим” дейт.
“Апама байланышкан 2 гана нерсе эсимде”
– Апам кичинемде жашоодон өтүп кетти. Эки гана нерсе эсимде калды. Бири – апам экөөбүздүн райондун борборуна барганыбыз. Апам “суусадыңбы?” деп сураганда “ооба” дегем. “Эмне алып берейин?” десе “манты” деп жооп бергем ошондо. Экинчиси – апам жайына коюлуп жатканда дөңгө чыгып алып ыйлап жатканым. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын кенжесимин. Апам каза болгон соң убакыт тез эле өтүп, эжелерим шаарга окуп кетишти. Үйдө атам экөөбүз калдык. Тамак жасай албагандыктан жегенибиз колбаса менен консерва. Бир күнү туугандар атамды үйлөнтмөк болушту. Үйгө бою узун, сары чийкил аялды алып келишти. Ал келгени түрлөп тамак жасап, атам экөөбүз оңуп эле калдык. Калыңына деп атам 1 жылкы, 1000 сом берди. Ал кезде 1000 сом чоң акча болчу. 2 айдан кийин ал апам кетип калса болобу... Көрсө, күйөөсү бар неме экен. Бойдокмун деп алдап күйөөгө тие калып, акча жасоо бизнеси ошондо эле бар окшобойбу?! Кайрадан атам экөөбүз калдык.
“Үйлөмө аспаптардын окуусуна тапшырып алыптырмын”
– 6-класс кезимде мектептеги таланттуулардын чакан тобуна кошулдум. Кенжегүл гармошка тартат, Таалай, Жекшен үчөөбүз гитара ойноп окуучуларга далай концерт бердик. 8-классты бүткөн соң Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайына тапшырып, өттүм. Бирок кайсы бөлүмгө өткөнүмдү билбейм. Айылга барсам “окууга өттүңбү?” дешти эле “өттүм, музыкальныйга” дедим. "Кайсы бөлүмгө?" дешти эле “билбейм” дедим. Окуу башталды. Бир кабинетке киргизишти эле чоң, кичине сурнайлар илинип турат. Ошондо билдим, үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырып алганымды.
“Орустардын акыркы сапары мени 3 жыл бакты”
– Үйлөмө аспаптарды, анын ичинде сурнай тартууну эптеп үйрөндүк. Бир күнү курсташым “жмурга” барып тоюп келдим. Сен деле барбайсыңбы?” деп калды. Эртеси жетекчибиз “жмурга” барганы жаткан экен, сурансам “макул” деп мени кошуп алды. Антип-минткиче мүрзөгө барып калдык. Көрсө, “жмур” орустардын “похорону” экен. Сөөктү коюшкан соң бизге борщ, акча беришти. Ошентип “жмурдун” кыныгын таап алдым. Окуу жайдын алдына машина токтоп, ичинен орус түшсө эле “ии, орустардын бири өлүптүр. Жетекчибизден сурашса барып тоюп, акча берсе алып келейин” деп калдым. Анткени стипендия алчу эмесмин. Дубал гезитте кечиккендер тизмесинде Мадемилов деп менин, жакшы окугандардын тизмесинде Мадемилова деген дунган кыздын фамилиясы жазылып турчу. Ошентип 3 жыл окууну бүткүчө “похорондордон” акча таап жүрдүм.
“Алгачкы ролум – бригадир”
– 1981-жылы окууну бүттүм. Иштейин десем эч жерде орун жок, Нарын театрына “сцена монтировщиги” болуп жумушка кирдим. Карасам, атактуулар Эсенбек Маданбеков, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Сейитказы Андабеков, Күмөндөр Абылов жана башкалар жүрөт. Аларды көрүп оозум ачылып калды. Бир күнү “Көк бет” комедиясын коёрдо бир артист келбей калды. Гитара, аккордеон, пианинодо ойногонумду, ишке зирек экендигимди байкаган залкарлар режиссёр Алмаз Зарлыкбековго “ушуну артист кылып бизге кош” дешти. Ал макул болду. Мени тиги келбей калган артисттин ордуна бекитти. Колхоздун активдеринин ролунда Капар Медетбеков, Сейитказы Андабеков, Бакирдин Алиев. Мен бригадирдин ролундамын, кызматым – тигилерге чай берүү, сүйлөп көңүлдөрүн алуу. Сахнада ойноп жатабыз. Калдаңдап жатып чыныны сындырап алдым. Оюма кыргыздын бир ырым-жырымы тык эте калды. Сынган чыныны алып үчөөнүн башынан айлантып, түкүртүп, анан өзүмдүн башымдан айлантып түкүрүп туруп “жамандыктын баары ушу менен кетсин. Ишибиз алга жылсын” деп туруп ыргытып жибердим. Бул эпизод комедияда жок болчу. Ролумду жакшы ойнодумбу, айтор, ошондон кийин “Советтик Кыргызстан” гезитине макталып чыктым.
“Залкарлардын батасын алып калдым”
– “Көк бет” комедиясы, концерттик программа менен 6 ай гастролдодук. Келип эле аскерге кетип, кайтып келгенден кийин актёрлук ишимди уланттым. Нарын театрын убагында “дөңгөлөк үстүндөгү театр” деп аташчу. Кыргызстандын биз барбаган бурчу калган жок. Атүгүл Тбилиси, Нукус, Москвага чейин барып спектакль койдук. Жогоруда аты аталган залкарлар менен чогуу иштеп, кызматын кылып жүрүп, баталарын алдым. Актёр катары бышып, сахнада такшалышыма баарынын салымы чоң. Баары менен устаттарым болуп калды. Өзүм да элпек бала болгонго кээде бир нерсеге жумшашса жакшылап укпай эле чуркап кетип, кайра “эмнеге жумшадыңар эле?” деп келчүмүн. Антсем кыраан-каткы түшүп калышчу. Театрда мурдума карап Деңизбек Чалапинов агай мага “Чечевидзе” деген лакап ат койду. Аны кыскартып залкарлар мени “Чиво” деп эркелетишчү. Кийин мени Казакстандын Жамбыл Жабаев атындагы филармониясы ишке чакырды, барбадым. Өзүбүздүн улуттук филармонияда, “Туңгуч” театрында азыраак иштеп калдым. Нарын театрынын тузу оор экен, ушул жакта кала бердим акыры.
“Бардык аткарган ролдорум өзүмө жагат”
– Театрда кыргыз драматургиясынан баштап дүйнөлүк драматургдардын спектаклдерине чейин ойноп келем. Жан дүйнөмдү төшөп, образга биротоло кирип ойнойм. Ошого бардык аткарган ролдорум өзүмө жагат. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналарында” Эргештин, Акелең Кускаковдун “Доор аянында” Иблистин, Табылды Актановдун “Өлбөстүккө одасында” Шекспирдин ролдорун аткардым. Биз чыгармачылыкта бышып турган кезде союз кулап, кыйынчылык башталды. Ошентип 1990-жылдан 2000-жылга чейин киного көп тартылбай калдык. Жалпы 8 гана тасмага тартылгам.
“Супер куудул” наамын утуп алгам”
– Гастролдо ойногон сатираларымды эл жакшы кабыл алчу. Ошого 1996-жылы куудулдар сынагына катыштым. Баш байге – жылкы болчу. 2 турдан өтүп, 3-тур болор күнү Спорт сарайына барсам, алдында карагер байланып турат. Аны көрүп ичимден меники боло тургандай сезим болду. Эч кимге билгизбей жалынан үзүп алып моюнума тагып алдым. Сезгендей эле ал күнү “Супер куудул” наамын утуп, карагерге ээ болдум. 2000-жылы куудулдардын сынагында баш байгени жеңип, 20 миң сом алгам. Андан тышкары обон да жаратып калам, бир тобу ырдалып жүрөт.
“Келинчегимди театрдан таптым”
– Өмүрлүк жарым Айгүл Сатыбалдиева, маданияттын мыкты кызматкери. Мыкты жар, мыкты эне. 3 кыз, бир уулдун ата-энесибиз. Жогоруда айтып кеттим, Токмокто Гуля Мадемилова деген дунган кыз менен чогуу окуганымды. Ал кезде 15-16 жашта элек. Ал кыргызча, мен орусча билбейм, эптеп тантырашып жатып бири-бирибизди түшүнчүбүз. Атама бир жолу “мен дунган кыз менен сүйлөшүп жүрөм, ошону алайын” десем, “дунганды алып эмне кыласың, пияз эгип иштемек белең?” деп урушуп койду. Ошентип аны албай калдым.
Келинчегим Айгүл окуусун бүтүп, биздин театрга келип иштеп калды. Чогуу ырдап, спектаклдерде чогуу ойнойбуз. Жагып калды, муну алайын дедим. 14-февраль күнү туулган күнү эле, “туулган күнүңдү өткөрөбүз” деп алдап үйгө алып келдик. Эжем жоолук салайын десе качып кетти. Артынан Сейитказы Андабеков, Күмөндөр Абылов болуп барып, кайра алып келишти. Ошентип жашап калдык. Кыскасы, менин жашоом жалаң эле “приключение”.
Канымжан Усупбекова