Өткөн аптада Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда каргашалуу окуя болуп өткөн. 6 жашар баланы иттер талап, ал оор абалда ооруканага жеткирилгени белгилүү. Учурда баланын абалы кандай? Дарыгерлер, баланын атасы эмне деп жатышат? Чет өлкөдөн операция жасатуу зарылбы?
Бекзат Туйтеев, атасы: “Ушунча азапка кантип чыдады деп ыйладым”
– Үй-бүлөм менен Калыс-Ордо-2 конушунда батирде турам. Жашым 44тө. Эмерек жасоочу цехте иштейм. 5 балам бар, жаштары – 20, 18, 17, 15 жана 6 жашта.
Биринчи жубайым 2022-жылы жол кырсыгынан каза болуп калгандан кийин азыркы келинчегим Наргизага баш кошком. Ал тигүү цехинде иштейт. Мүнөзү жакшы, балдарга түшүнүү менен жакшы мамиле кылат. Умар (ред.: иттер талаган баланын аты) аны апа деп жакшы көрөт, аябай эркелейт.
Каргашалуу окуя болгон 1-апрель күнү биз иште элек. Үйдө 7-класста окуган кызым менен 6 жаштагы уулум Умар калган. Саат 17:30 чамасында кызым телефон чалып “Тез жардам” чакырыңыз. Умарды ит талап салыптыр” деп кыйкырып ыйлап жиберди. Бир саамга нес болуп калып, анан шашыла үйгө жөнөдүм. Көп өтпөй кыздарым чалып, Умарды кошуналардын унаасы менен №3 балдар ооруканасына алып бара жатышканын билдиришти. Кайра ал жакка жөнөдүм. Барганымдан кийин милиция кызматкери баламды ооруканага көтөрүп чуркап келди. Балама 2 жарым сааттай операция жасашкан соң жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти. Умарды алып келген милиция кызматкери түнкү саат бирлерде кетти. Бизди сооротуп, "баары жакшы болот, балаңар айыгат" деп моралдык колдоо көрсөтүп жатты.
Врачтар “балаңардын абалы өтө оор, наркозу таркасын, күткүлө, анан кирип көрөсүңөр” дешти. Түнү менен ал жерде болдук. Эртеси эртең менен балама киргизип көрсөтүштү. Иттер аябай эле талаптыр, баш терисинин 80 пайызы сыйрылыптыр. Башкача айтканда, баш сөөгү териси жок калыптыр. Бут, сан, колдору аябай тытылган, тилинген, көгөргөн, гематома. Баламды көрүп алып ушунча азаптын баарына кантип чыдады деп жаным кейип абдан ыйладым. Мындай жамандыкты, кыйноону Кудайым башка эч кимге бербесин.
“Бир аз өзүнө келип, тамак жеп калды”
– Ошондон бери күнүбүз ооруканада өтүүдө. Саламаттык сактоо министри эртеси келип көрүп, айыктырууга бардык аракеттер көрүлөрүн айтып кеткен. Министрлик ошондон бери баламдын абалынан тынымсыз кабардар болуп турууда. Оорукананын жетекчилиги хирург, инфекциялык врачтар менен кошо кан тамыр, пластикалык жана микрохирургдар менен текшерип, консилиумдарды өткөрүп, ошого жараша дарылап жатышат. Врачтар “бала бизге түшкөндө эле эпидемиологдорго билдирүү жибергенбиз. Алар иттерде ылаң барбы же жокпу изилдеп жатышат. Биз баланы дароо эле вируска (кутурмага) каршы эмдеп баштаганбыз” деп айтышкан. Умар жандандыруу бөлүмүнөн 7-апрелде палатага которулду. 4-апрелден баштап бир аз өзүнө келип, аз-аздан тамак жеп баштаган. Учурда абалы мурункудан түзүк. Денесиндеги оор жаракаттарына карабай ооруну көтөрө билип, ойногонго жарап калды.
“Үйүлгөн топурактын үстүнөн кошунанын короосуна кулаган”
– Үйү катарлаш коңшубуздун баласынын аты да Умар. Эки Умар кирип-чыгып ойноп көнүп калышкан. Коңшубуз курулушка иштетүү үчүнбү, эки үй чектешкен жерге топурак төктүргөн эле. Балдар дөңсөө болуп турган топурактын үстү менен эки үйгө ары-бери каттап ойноп, жол кылып алышкан экен. 1-апрелде балам ошол дөңсөө топурактын үстү менен үй тарапка өтүп келе жатып кокустан кулап кеткен окшойт.
Укканыма караганда, арт жактагы коңшубуз шаардык МАИнин мурдагы жетекчиси экен. Ал үйүн кызына бериптир. Кээде кызы, кээде өзү келип, үйүн, иттерин карап кетчү деп жатышат. Такай эч ким жашачу эмес. Иттери короодо жүргөнүн көрчүбүз. Ооруканада жүргөн жериме келип тергөөчүлөр арызымды алып кетишкен. Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренесине (Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгонун билдирди. Ити тиштеген коңшубуз суракта “бала короого өзү секирип кирген” деп туура эмес маалымат айтыптыр. Учурда тергөөчүдөн иш эмне болуп жатканын сурасам “так далил жок болуп жатат. Ошол коңшуңардын ити же башка иттер талаганы белгисиз болууда. Тергөө жүрүүдө” деп айтты. Туугандарыбыз Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2022-жылы үйдө ит-мышык кармоо эрежеси жаңыланып бекитилгенин айтышты. Иттерди коомдук жайда жетелеп жүрүүгө, адамдар түшкөн бассейнге түшүрүүгө, автобуска салууга болбойт. Байланып турушу керек, көчөгө жетелеп чыккандар мурунтук тагышы керек деген эрежелер бар экен. Бирөөнү тиштеп алса, денесине оор залал келтирсе, ээси жооп бериши керек да.
“Баламды ооруканага жеткирген милиция кызматкерине рахмат”
– Окуяны толугураак айтсам, кичүү кызым Умарды иттер талап жатканын көрүп, элди жардамга чакырган. Коңшулар дубалдан ашып түшүп, баламды куткарып калышкан. Умарды, кичүү кызымды да алып ооруканага жөнөшөт. Анан Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде тыгында калышат. Шаштысы кеткен айдоочу жолдо турган милиция кызматкеринен жардам сурайт. Кайгуул-күзөт кызматынын туристтик ротасынын командири, капитан Тимурлан Кулназаров баланы кызматтык унаасына салып ооруканага жөнөйт. Ушул жерден Тимурлан мырзага үй-бүлөбүздүн атынан терең ыраазычылык айтып кетейин.
Коңшуларыбыздын айтымына караганда, квартал башчыбыз окуяны угары менен участкалык милиция кызматкерин ээрчитип иттери талаган коңшубуздукуна барган. Анан ал жерге милиция өкүлдөрү, криминалисттер, соттук-медициналык эксперттер келишет. Түн ичинде “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери кол салган иттерди атып кетишкен. Ошол күнкү жана эртеси атылгандар болуп жалпы 16 ит жок кылынды.
“Максатыбыз – пластикалык операция жасатуу”
– Бизди учурда абдан кабатырлантып жаткан нерсе – балабыздын баш терисин кантип бүтөтүү болууда. Саламаттык сактоо министрлиги Түштүк Кореядан врач чакырышыптыр. “Ал келип көрсүн, текшерсин, анан чечебиз” деп жатат. Бул биз үчүн ынанымдуу жооп эмес болууда. Андыктан өзүбүз аракет кылышыбыз керек деп чечтик. Баш териси чоң өлчөмдө жок калган окуя жана андайда жасалчу операция Кыргызстанда болуп көрбөптүр буга чейин. Сураштырсак, Түркияда баш терини көчүрүп жамоо операциясы өнүккөн экен. Анткени Сириядагы согуштан баш терисиз келгендерге жеке клиникаларда операция жасалып отуруп, тажрыйба топтолуптур. Баш терини көчүрүп жамоодо теринин алдындагы кан тамырлар кошо кесилип алынып жамалса гана чач өсөт тура. Баламды алып барсак, донор баш териниби же баламдын өзүнүн аман калган бөлүгүнөн алып көчүрөбү, айтор, өздөрү текшерип көргөндөн кийин айтышат экен. Кыскасы, чач өсө тургандай кылып жасашына 40 миң доллар кетет дешти.
Айрымдар айткандай, баламдын башын жөн гана тери менен жаап, каптап коюунун кереги жок. Анткени чач өспөйт. Мындай болгондо өмүр бою, жок дегенде 45 жашка чейин парик кийүүгө туура келип калат. Балам мектепте, ЖОЖдо окушу керек. Достору менен ойноп, спорттук ийримдерге барышы керек дегендей. Анан париги түшүп калса балдарга шылдың болуп жүрүшү керекпи? Мунун өзү психикалык жабыркоого жеткирет да. Ошондуктан баламдын башына чач өскүдөй пластикалык операция жасатуубуз керек. Жардам сурап президентке, элге кайрылып жатабыз. 40 миң долларды биз үй-бүлө, туугандар болуп да таба албайбыз. Балабыздын сакайып кетишине сизди салым кошот деп ишенебиз, кайрымдуу замандаштар.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк: 0559 11 27 07
Оптима Банк: 0503 404 020
Канымжан Усупбекова