Жер астынан алтын, күмүш сыяктуу кен байлыктарды биринчи болуп тапкан адистер – геологдор. Кыргыз геология кызматынын жетекчисинин орун басары, башкы геолог Рыскул Тынчыбек уулу кесиби тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди. Өлкөгө зарыл, актуалдуу, келечектүү кесип тууралуу билип алыңыз, окурман.
– Рыскул мырза, эмне үчүн геология адистигин тандагансыз?
– Бул кесипти кокустан тандап калгам. Мектепти бүткөн соң 2 жыл катары менен жогорку окуу жайга өтпөй калдым. Анан тааныштардын сунушу менен 2001-жылы Тоо-кен металлургия институтуна тапшырып, окуп калдым. Буга кичинемден жаратылышка жакындыгым да себеп болду. Тоолор сырдуу көрүнүп, мени өзүнө тартып турчу. Окууда лекциялар кызыктуу болуп, бул кесипке кызыгуум күчөдү. Ар кандай суроолорду берип окутуучуларды тажатчумун. Бул билимге умтулуум, кесибимдин сырларын билүү, акыл-эс кампамды байытуу далалатым болчу. Верхоланцев деген агай геологиянын мыкты адиси эле. Мендеги кызыгууну байкап, ачылып сүйлөп берип көп нерсени үйрөттү мага.
– Геолог деген ким?
– Геолог – бул жер кыртышынын курамын, түзүлүшүн, тарыхын, жер кыртышында болуп жаткан процесстерди изилдеген адис. Геологдун башкы максаты – пайдалуу кен байлыктарды чалгындап, ачып, запасын аныктап, аларды иштетүү үчүн ал жердеги тоо породаларынын түзүлүшүн изилдөө. Кен байлыктын жайгашуусу боюнча геологиялык картасын, схемасын чиет. Биздин кесип сыртынан жеңил, романтикалуу көрүнгөнү менен, кыйын. Бийик тоолордо күндүн ысык-суугуна карабай иштейсиң. Тилсиз жоо, кар, таш, жер көчкү деген коркунучтар бар. Ар кандай форс-мажордук кырдаалдар болушу мүмкүн, бат реакция кылып, туура чечим кабыл алышың керек. Физикалык жактан күчтүү, кыраакы, чыдамкай, сабырдуу болуу да зарыл. Математика, химия, биология, тарых илимдерин жакшы өздөштүргөн адам гана мыкты адис болуп калыптана алат.
– Алгачкы жолу кен чалгындоого чыккан күнүңүз эсиңиздеби?
– 2004-жылы “Жыргалаң” шахтасына бардык. Чатырда 20 күн жашадык. 1-күнү эле ишке чыкканда жамгыр жаап, түшкү тамакты суу болуп ичтик. Маршрутубуздун узундугу 25 чакырым болчу. Ошончо аралыкты басып тоого чыгып, сайларга түшүп, жер кыртышынан үлгү алдык. Аларды рюкзактарга салып көтөрүп келиш керек, салмагы 35 килограммга чейин жетип жатты. Ал үлгүлөр атайын изилденип, кайсынысынан кен байлыктын үлгүсү чыкса, ал жер чалгындалат дегендей. Ошол практикада геология илими өлкөгө абдан керек, келечектүү кесип экенин даана түшүнгөм.
– Окууну бүттүңүз, анан жумушка кирүүдө кандай болду?
– Чаткалда алтын өндүрүүчү “Чаарат” компаниясына ишке кирип, 7 жыл геолог болуп иштедим. Деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикке аттар менен чыгып иштечүбүз. Чалгындоонун 3 түрү бар: аймакты изилдөө, издөө жана деталдуу деген. Издөөдө компанияга караштуу 5 чакырым тегеректеги жерден ар бир 40 метр сайын үлгү алдык. Деталдуу чалгындоодо кен байлык бар экенин аныктоо, такстыктоо, запасын билүү үчүн аңдар (канава) казылат. Муну башка жумушчулар казат. Техника бара албаган жерлерде күрөк менен казышат. Аңдардын узундугу 50-300 метрге, туурасы 1-1,5 метрге, тереңдиги 1,5-2 метрге чийин жетет. Анан геологдор тоо-тектеринин геологиялык мүнөздөмөсүн беребиз.
– Геолог жумуш үстүндө кандай коопсуздук эрежелерин сакташы шарт?
– Техникалык коопсуздук эрежелери кан менен жазылган деп коюшат. Анткени ал эрежелер геологдордун ар кандай окуяларга, кырсыктарга кабылышы сабак катары эске алынып иштелип чыккан. Мисалы, өйдөдөн төмөнгө карай таш кулатпоо керек. Анткени төмөндө ким бар экенин билбейсиң. Топ болуп жүргөндө аралык бири-бириңди көрүп тургандай болушу керек. Дайыма жок дегенде 2ден жүрүүгө тийишсиң. Бул эгер бирөө кырсыкка учурап калса, жардам көрсөтүүгө, башкаларды жардамга чакыруу үчүн керек. Кооптуу жерлерде, мисалы, кар, таш, жер көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде 500 метр аралык сакталуусу тийиш жана башка.
Иште дайыма рация менен камсыз болуп, байланышып турабыз. Биз практикага чыгарда окутуучулар мурда болгон бир окуяны айтып берип жиберишчү. Бир студент издөө иштеринде жанындагы шеригин кетирип жиберип, өзү фотоаппарат менен сүрөт тартып жүрүп бийик жардан кулап кетет. Ал кайтып келбегенден кийин издөө башталат. Табылбай коёт. Акырында баланын аңчы аяш атасы барып, жорулар айланып учкан жерден сөөгүн табат.
– Кыргызстанда мышьяк, литий, графит, титан, алюминий сыяктуу кен байлыктар да бар. Буларды кантип иштетип, эмнелерди жасаса болот?
– Биздин өлкөдө кен байлыктардын түрү көп. Болжолдуу түрдө эсептегеним боюнча, өлкөдөгү бардык кендер иштетилсе ар бир жараныбызга 200 миң доллардан тиет экен. Бирок көмүр, алтын, газ, мунай сыяктуу кен байлыктары гана иштетилип, калгандары каражат жоктугунан иштетилбей турат. Мисалы, алюминий кенин иштетсек, сырттан электр зымдарын сатып албай, өзүбүз жасап калат элек. Графиттен карандаш жасалат. Тыгыздыгы жана нымга туруктуулугу жогору болгондуктан учактардын желим бөлүктөрүнүн курамына кошушат. Графитти иштетүү менен техникалык алмазды алууга болот. Жогорку технологиялык шаймандар, алардын кесүүчү, жылмалоочу, бургулоочу бөлүктөрү жана башкалар жасалат. Литий кен байлыгы да бар. Литий батареяларды, электромобилдердин литий-иондук аккумуляторлорун жасоодо колдонулат. Титан – бул металл. Ракеталардын айрым деталдары жасалат. Кыргызстан сырттан алган насыялар ушул сыяктуу кен байлыктарды иштетүүгө жумшалса, көп нерселер өзүбүздөн чыгып, экспорттойт дагы болчубуз.
– Асыл таштардын да түрү көппү өлкөдө?
– Бизде абдан баалуу асыл таштар жок, бирок орточо жана төмөнкү баалуулуктагы таштар бар. Алардын кенин иштетүү менен асем, зер буюмдар, сувенир, раковина жана башкаларды жасап сатууга мүмкүндүк бар. Мисалы, жашыл яшмадан жасалган 1 раковина дүйнөлүк рынокто 13-20 миң долларга чейин турат. Айта кетчү нерсе, имараттардын сырткы дубалына жабыштыруучу, каптоочу материалдарды сырттан сатып алабыз. Аларды өзүбүздөгү гранит, мрамор, сланец, базальт сыяктуу кендерди иштетүү менен өзүбүз жасасак жакшы болмок.
– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат!
Канымжан Усупбекова