Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-апрелден 26-апрелге чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Жашоо ыргагы жайлабайт, тескерисинче, ылдамдашы мүмкүн. Жумушта ылдамдык эмес, өз убагында унчукпай, анча-мынчага көз жумуп коюу жардам берерин унутпаңыз. Бул аптада уруш-талаш жаралган окуяларга туш болсоңуз аралашпаңыз, унчукпаңыз. Финансылык жагдайды жакшыртуу аракети менен кыялдан баш тартууга туура келет. Жеке жашоодо бактылуу экениңизди кайрадан эске салган окуя орун алат. Дем алышта сапарга чыгууңуз мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Айрым адамдар сиздин жазган билдирүүлөргө жооп бербей алгач кыжалат кылса, кийин кыжырдануу сезимин жаратат. Ден соолукта маселе жаралбасын десеңиз, алдын алып профилактика иштерин жасап койгонуңуз оң. Жумушта өзгөрүүлөр күтүлөт, балким, жаңы кесиптеш келет же башка кызмат ордуна которуласыз. Үйгө керектүү ири буюм сатып алуу иштерин аптанын акырына пландаңыз. Бойдокторду капыстан таанышуу көз ирмемдери күтөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздер бул аптада ички туюмуна ишенип иш кылышса баары жакшы болот. Тобокелдикке барсаңыз да болот дешет жылдыздар. Айланаңыздагы адамдардын баарына эле ишенип, ашыкча сөз айтуудан алыс болуңуз. Ден соолукта нерв чыңалып, баш оору жаралышы мүмкүн, неврологдун кароосунан өтүп коюңуз. Жума күнү жеке жашоого байланыштуу кубанычтуу кабар угасыз. Кошумча-алымчаларга байланыштуу чыгымдар капчыгыңызды кыйла жукартат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Чыгармачыл потенциалыңыз бул аптада сизге активдүү иштөөгө мүмкүнчүлүк берет, пландаган иштериңиз, максаттарыңыз орундалат. Негизгиси чечендигиңизди, сөзгө да, ишке да чебер экениңизди далилдеген сапаттарды ишке киргизиңиз. Иш сапарына, саякатка чыгууга ыңгайлуу мезгил. Сүйүү мамилесинде “жандануу” байкалат. Жолдо жүргөндө өзүңүзгө да, өзгөлөргө да сак болуңуз. Бул дем алыш күндөрүн “курмандыкка чалсаңыз”, жакшы акча табуу мүмкүнчүлүгү чыгат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Көзгө көрүнөрлүк ийгилик жаратасыз. Апрелдин аягына чейин карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө сизде мүмкүнчүлүк бар. Буга болгон аракетиңизди жумшаңыз, сырттан келчү жардамга үмүт артпай эле коюу керек. Жеке жашоодо түгөйүңүздүн көңүл буруусуна муктаж болосуз, бирок ал көңүл бурууну күч менен сурап алуунун кереги жок, “намёк” берсеңиз жетиштүү. Дем алыш күндөрү балдар менен чыгармачылык иштерди жасап, көңүл ачуучу оюндарды ойноп эс алууга ылайыктуу.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бийкечтер үчүн бул апта калыптагыдай өтпөй, бир нече өзгөрүүлөр орун алышы күтүлөт. Алдын ала пландалган иштер такыр башка нукта өнүгөт. Жаңы план түзүп, жаңы багытка буруласыз. Мунун баары сиз үчүн пайдалуу гана болот. Турмуш тиричиликке көп акча коротпой туруңуз, жакында жакшы бир ишке керек болуп калышы мүмкүн. Электр приборлорун колдонууда сак болуңуз. Апта соңу жолугушуулардан баш тартып, үй-бүлөңүзгө, үй тиричилигине убакыт бөлгөнүңүз туура болот.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Бойдоктор көңүлүн алгысы келген адамдын сөздөрүнө эмес, кылган иштерине, жүрүм-турумуна карап чечим чыгарганы жакшы. Адатта токтоо көрүнгөн, ар бир кадамын тараза ташына койгон тараза жылдызындагылар бул аптада ашыкча эмоционалдуу болушат. Энергиясы да ашып-ташып, артка жылдырылган мурдагы иштерди бүтүргөнгө каалоо жаралат. Сизге сырын төккөн адам болот, ал сырды эч жакка чыгарбай сактап, ал адамдын ишенимин актаганга аракет кылыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Апта – жаңычылдыктын убактысы. Жаңы иш баштоо, жаңы жумушка орношуу, жаңы өнөктөштөрдү издөө, жаңы жерлерге баруу сыяктуу. Уккан маалыматтарды тактап, анан колдонгонго аракет кылыңыз. Болбосо арасында жалган, бурмаланган маалыматтар сизге терс таасирин тийгизет. Каржы тармагында башкаларга эмес, өзүңүзгө гана таянганыңыз жакшы. Ал эми кеңеш суроо үчүн дос-тууганга кайрыла берсеңиз болот, пайдалуу кеңеш айткандар чыгат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Эч ким менен атаандашпайм десеңиз да, сиз менен тымызын атаандашкан адамдар чыгат. Андыктан жаныңыздагы адамдардын баарына эле барбалактап баарын, өзгөчө алсыз тараптарыңызды, маселелериңизди айтып, пландарыңыз менен бөлүшпөй, өзүңүзгө тиешелүү ишти жоопкерчилик менен аткарып жүрө бериңиз. Кийинки аптага жакшы адамдан жолугушууга чакыруу аласыз. Каржылык жетишпестик болушу мүмкүн, чыдап койсоңуз бул мезгил да өтүп кетет.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жакындардын пикир келишпестигине аралашып, арачы болбосоңуз да, жок дегенде көйгөйлөрүн угууга туура келет. Эки жакка тең тартпаңыз. Курулуш же той-топурга байланыштуу ири суммадагы насыя же карыз акча алуудан качыңыз. Көп акча коротпой деле маселени жоюу жолдору бар. Бойдоктор жөнөкөй, төшүн какпаган адамга тартылышат. Жумушта көтөрүлүп, жетекчилик кызмат ордуна барышыңыз ыктымал. Апта соңу жумуш бүтпөсө да убактыңызды эс алууга, жеке жашоого арнаңыз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Суу куярларды нерв чыңалган, бирок тез жана жемиштүү апта күтөт. Жетекчилик менен түшүнбөстүктөр чыгышы мүмкүн. Мунун айынан маанайыңыз чөгүп, башка адамдардан ачууңузду чыгарып албаганга аракет кылыңыз. Сизге көптөн бери карызын бербей жүргөн адам пайда болуп, аласаңызды аласыз. Сүйүүдө мурунку табитиңиз өзгөрүп, ачык, шайыр, активдүү адамдарга тартыласыз. Апта соңу үй, дача, фазенда же талаа иштерине аралашууңуз күтүлөт.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Кээ бир кесиптештер менен мамилеңиз салкындап, өзүңүздү күнөөлүү сезишиңиз мүмкүн. Финансылык пайда түшөт чөнтөгүңүзгө. Сүйүктүү адамынын колун сурайм дегендерге дал ушул апта ылайыктуу. Достордон келечектүү иштешүү сунушу түшөт, адистер менен кеңешип, анан чечим кабыл алыңыз. Аптанын экинчи жарымы тойго чакыруу алышыңыз мүмкүн. Ишемби-жекшемби күндөрү үй-бүлөңүз менен тиричилик жумуштарын жасайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан