Биз социалдык тармакта

АНЕМИЯ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

Статистикага таянсак, Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 49 пайызы, 1-5 жаштагы балдардын 30 пайызы анемиядан жабыркайт. Аялдар эндометриоз, миома, этек кирдин баш аламан келиши сыяктуу оорулардан улам да аз кандуулукка кабылышат. Бул илдет карыларды да айланып өтпөйт. Оорунун чоңдордо келип чыгышы, түрлөрү боюнча сөз кылалы. 

 

Гемоглобиндин ролу – организмди кычкылтек менен камсыздоо 

“Анемия” – байыркы грек сөзү, кыргызча которгондо “кан жок” дегенди билдирет. Бул – кан оорусу. Муну түрдүү дарт, тең салмактап туура тамактанбоо, кан агуу менен коштолгон кырсыктар коштоп жүрөт.

Адам дем алганда өпкөгө кирген аба бүт организмге тарайт. Кандын курамындагы гемоглобин орган жана ткандарга кычкылтекти жеткирип, кайра алардан көмүр кычкыл газын чогултуп өпкөгө жеткирет. Биз дем чыгарганда көмүр кычкыл газы сыртка чыгат. Демек, гемоглобиндин негизги ролу – организмди кычкылтек менен камсыз кылуу. Гемоглобин толук болушу үчүн организмде темир, белок жана башкалар жетиштүү болушу шарт. Алар организмге тамак-аш аркылуу кирет. Бул заттардын жетишсиздиги анемияны жаратат.

Гемоглобиндин өлчөмү кандын 1 литринде аялдарда 120-140, кош бойлууларда 110 жана андан өйдө, эркектерде 135-160 грамм болушу кажет. Анемиянын жеңил, орточо жана оор түрү бар. Андан тышкары келип чыгышына карап да бир нече түргө бөлүнөт.

 

Темир жетишсиздиги анемиясы

Гемоглобин пайда болушу үчүн темир керек. Темирдин жетишсиздигинен кан организмге кычкылтекти начар ташып, мындай абал адамдын абалына терс таасир тийгизет.

 

Себептери

• Курамында темир бар азыктарды аз колдонуу. Темир эт, жумуртка, гречка, жер жаңгак, буурчак, мисте, кара өрүктө көп. Мисалы, кош бойлууларда кан түйүлдүккө да кетет, аталган азыктарды аз жегенде темир жетишсиздиги анемиясы жаралат.

• Канды өнөкөт түрдө аз-аздан жоготуп туруу. Бул геморрой, миома, эндометриоз, ашказан жарасы, этек кирдин көп келиши жана башка ооруларга байланыштуу болот. Мисалы,  жатындагы миома өскөн сайын этек кир адаттагыдан көп жана узак убакытка келе баштайт. Эндометриоз – бул жатындагы ичине кочкул күрөң коюу суюктук толгон жара. Этек кир келген сайын эндометриоздордун бети сыйрылып, андан да кан кетүү башталат. Жыйынтыгы – анемия.

• Канды төрөттө көп жоготуу. Мисалы, баланын тону түшпөй калып кан көп кеткенде. 

• Ашказан-ичегидеги сезгенүүлөрдөн улам темирдин организмге сиңишинин бузулушу.

 

B12 витамининин жетишсиздиги анемиясы

Аталган витамин организмде иштелип чыкпайт, тамак-аш менен кирет. Боор, жумуртка, эт, сүт жана сүт азыктарын  аз ичип-жегенден жаралат. Көбүнчө кош бойлуу жана бала эмизген аялдар, вегетариандар, катуу диета кармагандар кабылышат. Ашказан кычкылы төмөндөрдө, жара же рактан ашказанынын канча бир бөлүгүн алдыргандарда да кезигет. Анткени аталган витаминди сиңирүүчү ферменттер аз болуп калат.

 

Фолий кычкылы жетишсиздиги анемиясы

Фолий кычкылы эритроциттердин пайда болушу үчүн керек. Аталган кычкыл буурчак, спаржа, жумуртка, шпинат, кызылча, цитрус жемиштери, брокколи, жаңгактарда, уйдун боорунда көп. Демек, аталган азыктарды аз колдонуу анемиянын ушул түрүнө жеткизет. Өзгөчө бул кош бойлуу жана бала эмизген аялдарда кездешет. Ашказан-ичеги ооруларынын айынан фолий кычкылынын сиңбестигинен да жаралат.

 

Башка себептерден жаралган анемия

• Ак кан оорусу

• Кургак учук. Оору өтүшүп кеткенде адам кан түкүрүп калат

• Мите курт оорулары. Мителер керектүү азык, витамин, микроэлементтерди соруп алышат

• Капыстан кан жоготуу. Мисалы, кырсыкка кабылып канды көп жоготуу

Дарттын белгиси – өңдүн бозоруп, баштын айланышы

• Өңдүн бозоруп, эриндин көгөрүп турушу

• Баштын айланышы, эстен танып кулап түшүү

• Чачтын, тырмактын сынма болушу, чачтын түшүшү

• Алсыроо, уйкусуроо, суусоо

• Кан басымдын төмөн болушу

• Тахикардия, теринин кургашы

• Жыт, даам сезүүнүн бузулушу

• Тамакка табиттин начарлашы, ичтин катышы же өтүшү

• Иммунитеттин начарлашы, үшүп жүрүү

 

Диагноз үчүн ферритинди да текшертүү керек

Анемиянын себептерин аныктоо. Бул үчүн адамдын өзүнөн сурамжылоо, өнөкөт оорулары болсо текшерүүлөрдөн өткөрүү, кандын биохимиялык анализдери керектелет. Гемоглобин менен кошо ферритиндин өлчөмүн аныктатуу сунушталат. Ферритин – бул организмдеги темирдин кампасы. Гемоглобин нормалдуу болгон күндө да ферритиндин өлчөмү төмөн болуп калышы мүмкүн. Бул – жашыруун анемия.                             

 

Дарылоо ыкмалары

• Анемиянын себебин жоюу. Буга гемоглобинди көтөрүүчү каражаттар, анемиянын түрүнө карата тамак-аштарды сунуштоо жана витамин, микроэлементтерди жазып берүү кирет. Оор түрүндө ооруканада дарылануу кажет. Темирдин сиңишин жакшырткан жашылча-жемиштерди тамакка дайым кошуп жеш керек.

• Темирдин сиңишин начарлатуучу чай, кофе сыяктууларды абдан аз ичүү сунушталат.

• Кан кетүүнү токтотуу. Мисалы, миома, эндометриоз же ашказан, геморрой оорусунан кан кетип жатса, алгач аларды дарылатуу керек.

• Ашказан-ичегинин айрым ооруларынан темир, фолий кычкылы, B12 витамини сиңбей жатса, аларды айыктыруу менен анемиядан дарылоо кошо жүрөт.  

• Ичтеги мите курттарды жок кылуу маанилүү.

Убагында дарыланбаса...

Убагында дарыланбаса организмде гипоксия (кычкылтек жетишсиздиги) жаралат. Гипоксияда булар күтүлөт: Жүрөк оорулары, инфаркттын жаралуу коркунучу жогорулайт. Мээнин иштеши начарлайт. Адамдын ишке, окууга, анализдөөгө жана башкаларга жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Жашоо сапаты начарлайт. Түйүлдүктүн майып төрөлүү коркунучу жаралат.

 

Дарттын алдын алуу

• Витаминдүү, түрлөп, туура тамактануу. Эт, сүт азыктарын жеп-ичип туруу.

• Маал-маалы менен кан анализин тапшырып туруу.

• Оорулар болсо убагында дарылануу жана башка.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан