Кыргызстанда облус жана райондор жоюлуп, 20 округ түзүлөт. Маалыматты 15-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусунда жергиликтүү калк менен жолугушуу учурунда айтты. Президент аймактык реформанын биринчи баскычы менен айыл өкмөттөр бириктирилип, ирилештирилгенин белгилеп, эми 2-3 жылдан кийин экинчи баскыч боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.
– Бардык облус, райондор жоюлуп, 20дай округ түзүлөт. Биринчи пилоттук режимде бир округ түзүп көрөбүз. Ал кандай болот, өзүн-өзү кандай башкарат, республикалык дотациядан чыгабы же жокпу? Текшерүүдөн ийгиликтүү өтсө, анда облустар менен райондор жоюлат,- деди Жапаров.
Өлкөдө айылдарга адам ысымдарын ыйгарууга тыюу салынарын да билдирди президент.
“Тыюу салбасак, менин атамдын атын коёбуз, сенин урууңдукун” деп эки-үчкө бөлүнүп алып мушташа беришет экен”,- деди Жапаров. Айтымында, айылдарга адамдардын ысымын ыйгарууга тыюу салуу маселеси мамлекеттик деңгээлде каралып жатат.
Айылдарга адам ысымын берүү көрүнүшү буга чейин да сындалып келген. Мисалы, 2023-жылы саясатчы Адахан Мадумаров бул жаатта атайын мыйзам иштелип чыгышы керектигин айткан.
– Мурда бир айылга же бир көчөгө ат коюуда токсон толгонушчу. Азыр эки жылкы сойсоң даяр. Кийин таппай калабыз го кайсы айыл кайсы жерде экендигин. Адамдын аттары менен атаганды токтотушубуз керек. Бул жакшы эмес көрүнүш,- деген ал.