Биз социалдык тармакта

ЧЫҢГЫЗ АЙДАРБЕКОВГО ӨЛКӨДӨН ЧЫГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыпталууда. Бул тууралуу 15-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик Айдарбеков тышкы иштер министри болуп турган мезгилде каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары болгон деп билдирет.

Айдарбековго айыбы угузулуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду. Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлүп жатканын билдирет министрлик.

Айдарбеков тагылып жаткан айыптарга макул эмес. Ал буга чейин талапкерлердин тизмеси боюнча Жогорку Кеңеште бошогон орунга барышы керектигин, бирок БШК ага мандат бербей жатканын айтып президентке чейин кайрылган. 16-апрелде ал депутаттык мандат алуудан баш тартканын жарыялады.   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан