Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда Starlink спутник интернети ишке киргизилет 

Адылбек Касымалиев Вашингтондо SpaceX компаниясынын Starlink тармагындагы улук директору Райан Гуднайт менен жолугушту. Бул тууралуу 15-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанда спутниктик интернетти ишке киргизүү боюнча иштер жана пилоттук долбоор үчүн бардык уруксаттарды алуу процесси аяктаганы белгиленди. Тараптар жакынкы убакта сервисти техникалык жактан ишке киргизүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле долбоордун социалдык мааниси — алыскы аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу, мектептерди жана медициналык мекемелерди санариптик ресурстарга кошуу боюнча пикир алышты. Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.

АКШдагы сапарында Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушуп, бир катар маселелерди, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Марко Рубиону Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды өкмөт башчы.   

– Рубио сапар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи,- деп маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан