Биз социалдык тармакта

МОЛДОВА КМШдан ЧЫГАРЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

Молдова бийлиги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен (КМШ) чыгарын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Михай Попшой билдиргени чет элдик ЖМКларда маалымдалды.

– 8-апрелде келишимдерди токтотуу боюнча чечимдерге кол коюлгандан кийин бул тууралуу билдирүү Минск шаарындагы катчылыкка жөнөтүлгөн. Алар документти алганын расмий түрдө тастыкташкан,- деп билдирген Попшой. Анын айтымында, Молдова КМШдан толук түрдө келерки жылдын 8-апрелинде чыгат.

Белгилей кетсек, Молдова СССР тарагандан кийин 1991-жылы эгемендүүлүк алган. Андан соң 1994-жылы расмий түрдө КМШга мүчө болгон. Азыркы тапта КМШга 9 мамлекет толук кандуу мүчө болуп саналат. Молдованын чыгышы менен уюмда 8 өлкө калмакчы. 2008-жылы уюмдан Грузия да чыгып кеткен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан