Биз социалдык тармакта

АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨДӨН КАЧКАНДАР ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛЫШУУДА    

Ош облусунун Өзгөн районунда алимент төлөөдөн баш тарткан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 15-апрелде Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, П.М. аттуу жаранга алиментти ыктыярдуу төлөө тууралуу бир нече ирет сунуштар берилгенине карабастан, милдеттенмелерди аткарган эмес. Жалпысынан алимент боюнча карыз 279 180 сомду түзгөнү аныкталган.

Буга байланыштуу аталган жаран Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин Баткен облусунда алимент төлөөдөн баш тарткан дагы бир жаран 2 жылга эркинен ажыратылганы 6-апрелде маалымдалган. Ал жарандын 2022-жылдын 8-декабрынан 2026-жылдын 1-январына чейинки алименттик карызы 425 801 сомду түзгөнү аныкталган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан