Биз социалдык тармакта

ЖҮРӨКТҮН ООРУЛАРЫН АЛДЫН АЛЫШ ҮЧҮН...

Тамекиден баш тартыңыз

Бир даана тамеки чеккенден кийин эле адамдын артериалдык кан басымы жогорулайт. Бул учурда артерияларга кан уюп, тромб жаралуу коркунучу чоң.

Көп кыймылдаңыз

Кыймыл – кардиореспиратордук системди бекемдейт, артериалдык кан басымды жөнгө салат, кандагы холестериндин жана канттын деңгээлин төмөндөтөт.

Кан басымды көзөмөлдөңүз

Ооруганда да, оорубай турган учурда да кан басымды бат-баттан өлчөп туруу керек. Кан басымдын деңгээли нормада болгон көрсөткүч – 120/80.

Кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөңүз

Эгер кандагы канттын деңгээли жогору болсо, врачка барып диабет дартына текшерилүү керек. Диабет аныкталса, кандагы канттын деңгээлин бат-бат текшерип, анын нормадагы көрсөткүчүнө жетүү үчүн берген дарыгердин көрсөтмөсүн так аткарыңыз.

Салмакка көңүл буруңуз

Семирүү – жүрөк-кан тамыр ооруларын жараткан негизги себептердин бири. Андыктан ашыкча салмактан арылууга аракет кылуу керек.

Тамак-аш рационун көзөмөлдөңүз

Кайра иштетилген углеводдуу, таттуу, ышталган, туздалган азыктарды азыраак колдонуу зарыл. Андан сырткары каймак май (сливочное масло), сыр, кызыл эт, сүт, жумуртканы, фаст-фудду да ченеми менен колдонуңуз.

Ал эми жашылча-жемиш, канаттуу эттери, деңиз азыктары, жаңгак түрлөрү, кургатылган жемиштерди күнүмдүк тамак-аш рационуна сөзсүз кошуу керек.

Суу ичиңиз

Организмдеги суунун жетишсиздиги кандын коюуланышына алып келип, натыйжада жүрөктүн ишемиялык оорулары жаралышы мүмкүн.

Тынч уктаңыз

Организм эс алуусу үчүн, күч, энергия топтоосу үчүн тынч жана толук кандуу уйку керек. Күнүнө 7-8 саат уктаганга аракет кылыңыз.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1217, 17-23-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан