“Пони” англис сөзү, бизче “кичине жылкы” дегенди билдирет. Кадимки жылкылардан айырмасы – боюнун кыскалыгы (80-140 сантиметр), булчуңдуу жоон моюну, чыдамкайлыгы.
Учурда 20 породасы бар
Алгачкы понилер Скандинавиянын түндүгүндө, Франциянын түштүгүндө пайда болгон деп эсептелет. Атлантикадан сокчу суук, нымдуу шамалдардын огунда жаткан таштуу аралдарда мал жечү өсүмдүктөр аз өсөт. Ошондуктан чөп-жемге үнөмдүү, бою кыска, чымыр денелүү, чөп тандабай жеген кичине жылкылар породасы чыгарылган.
Илимпоздор Франциянын түштүгүнөн байыркы аттардын (солютре) калдыктарын табышкан. Понилер солютрелердин тукуму болуп эсептелет. Учурда дүйнөдө 20 породасы бар. Жылкыларга салыштырмалуу узак жашашат, 45 жылга чейин өмүр сүрүшөт.
Понилер аттар менен катар ат жарыштарга салынат. Алтургай экөө олимпиадалык оюндарга катыштырылган. Литл Модел 1960-жылы Римде, Штроллер 1968-жылы Мехикодо өткөрүлгөн Олимпиада оюндарына катышкан. Штроллер секирүү боюнча күмүш медалга ээ болгон.
Шетлендия породасы
Пони десе айрымдар балдар минүүчү ат деп элестетишет. Бирок бул породаны илгери атайы айрым иштерди аткартуу үчүн колдонушкан. Мисалы, Шотландиянын түндүк-чыгышындагы Шетлендия архипелагынан чыгарылган шетлендиялык понинин боюнун бийиктиги 60-110 сантиметрден ашпайт. Алар өтө күчтүү болгондуктан арабага чеккенде өзүнүн салмагынан бир нече оор жүктөрдү сүйрөй алышат. Илгери кендерде, көбүнчө жер астындагы көмүр шахталарында оор вагонеткаларды сүйрөтүп иштетишкен. Англияда эле бул иш үчүн 16 миң пони колдонулган.
Дагы 2 порода жөнүндө
Уэльс породасы Юлий Цезардын доорунан бери белгилүү. Учурда мунун 3 түрү бар. Боюнун бийиктиги 122-159 сантиметрдин тегерегинде. Уэльс коб понилерин ат полосун ойноодо минишет. Муну араб таза кандуу жылкылары менен минилчү таза кандуу аттарды аргындаштыруу менен чыгарышкан.
Фалабелла породасы – дүйнөдөгү эң кичине пони. Боюнун бийиктиги 50-75 сантиметрден ашпайт. Аргентиналык фермер тарабынан чыгарылган.