Айткан сөзү таамай Идирис Айтбаев менен төкмөлүк өнөр ааламына дагы бир жолу сүңгүүгө аракет кылдык. Айтыштын кыйын жолу, устаттар берген сабак, жаш акындар, жоопкерчилик, адамгерчилик, адеп-ахлак тууралуу маанилүү кеп кылып берди каарманым. Идирис Айтбаев англис тили мугалими, мектеп мүдүрү жана Ош шаарындагы “Бабур” театрында жетекчинин орун басары болуп эмгектенген. Ал акындык өнөрдү агартуучулук ишмердүүлүк менен айкалыштырып, жаш муундарга билим берүү жолунда үзүрлүү иш алып барууда. “Акындык өнөр менен агартуучулук вазийпамды бирдей алып жүрөм” дейт ал.
– Идирис ага, адегенде жоопкерчилик тууралуу сурагым келди. Маданият өкүлү катары сиз өзүңүздү эмнелерге жоопкермин деп ойлойсуз?
– Жалпы эле маданият өкүлдөрүнүн коомдогу орду абдан чоң. Элдин өнүгүүсүнө, тынчтыгына, биримдигине, ынтымагына кызмат кылып, коомду жакшы жакка өзгөртүүгө себепчи болушу керек. Турмуш жолум кыргыз жана өзбек элинин ортосунда өттү. Өзбекстанда төрөлүп, билим алып, ал жакта 18 жыл жашадым. Кыргызстанда жашаганыма 23 жыл болду. Эки элдин жакшы жактарын айкалыштырып жашоого умтулдум, бул мага чоң тажрыйба берди.
– Айтыштардан көп көрүнбөй калганыңыздын башкы себеби эмнеде?
– Египетте эки жылдай эмгектенип келдим. Үй-бүлөлүк, финансылык жоопкерчиликтер бар. Балдарымдын окуусу, үйдүн чыгымы, турмуштун жүгү дегендей. Айтыштан тапкан каражат жетпейт экен, ошол себептен айтышка көп чыкпай калдым. Кудай берген тамадалык өнөр менен тойлордо эмгек кылып, үй-бүлөмдү багууга туура келди. Айтыш болсо жылына 1-2 жолу өтөт, ал эми жашоо токтобойт. Ошондуктан той менен турмушту көтөрүп кеттим. Кээде айтышка чакырышат, бирок алдын ала буюртма алынып калган тойлор тоскоол болот. Ошентип акырындап айтыштан алыстап кеттим, бул да турмуштун талабы экен. Көп жолу айтыш болгон жерге барып, кирбей, имараттын сыртынан айланып кайра артка кайткан күндөрүм болду. Айтор, жеке жашоомдогу түрдүү турмуш сыноолорунан соолуп, көңүлдүн кайратынын жоктугунан улам чыкпай жүрөм.
– Демек, айтышка чыкканды сагындыңыз?
– Албетте, сагынам! Египетте жүргөнүмдө айтыштарды колума комуз кармап алып көрүп, ошол бойдон уктап калган күндөрүм болду. Ар бир айтышка 3-4 китеп окуп, ааламдагы жаңылыктардан кабардар болуп анан чыкчумун. Жакында бир тойго узак жол жүрүп барып, эми төгүп баштасам, бир аксакал “токтоткула, болбогон төкмө акындын төрт сабын укпайм” деди. “Мейли, аксакал, кадырлап айтканыңызды кылайын, сууну сиңген жерге сеп дейт, кадырым барда жылайын” дедим. Мурда төкмө акындарды көбүнчө аксакалдар угушат эле. Азыр аксакалдар Тик-токто отурушат экен. Ошол күнү башка тойдо алып баруучу элем, ал жерден аксакалдардан сурадым “эгер уксаңар төгөйүн, укпасаңар кор кылбайын өнөрдү” деп. Алар “бали!” деп кубаттап, колдошту. 30 мүнөт эргүү менен төгүп ырдадым. Өнөрдө кызыктар көп. Канчалык маанайың жакшы, маалыматың көп болсо, ошончолук жакшы төгөсүн. “Баракелде” деп турса, көкөлөп асманга учасың. Сахнанын, жайлоонун, үйдүн айтышы башка. Эргүү ар кандай учурда келет. Жаратканым ар бир акындын зээнин тунук, кадырын улук кылсын! Айтыш – жөн гана сөз таймаш эмес, чоң жоопкерчилик. Акын ар бир сөзүн жүрөгү менен сезип, акылы менен таразалап айтат.
– Сиздин устаттарыңыз тууралуу оюңузду уксак?
– Ар бир тармакта адамдын өз устаты болот. Акындык өнөрдөгү устатым – Жеңишбек Жумакадыр. Азыркы учурда Америкада жашайт, өз атамдай көрөм аны. Кээде “ата-апа” деп эркелеп да жүрчүмүн. Жакын аралашып, үйүнө чейин барып, чогуу отуруп көп нерсе үйрөндүм. Акындыкты гана эмес, адам болууну да үйрөндүм дейт элем. Ал киши үйдө кандай жөнөкөй болсо, көчөдө, жумушта жана сахнада да ошондой эле жөнөкөй. Адамдын жүзү жаңгактай, сыртынан катуу көрүнүшү мүмкүн, бирок ичин ачсаң маңыздуу. Устатым да сыртынан катуудай көрүнгөнү менен, ичиндеги дүйнөсү абдан таза, кең жана бийик. Устатымды дайыма урматтайм, сыйлайм жана эмгегин унутпайм.
– Жаңы чыгып келаткан азыркы төкмө акындар эмнеден аксап жатышат деп ойлойсуз?
– Бул суроого өзүм да жаш акын катары жооп берсем. Тез таанылууга, атактуу болууга шашылбайлы. Сахнага чыкканда атаандашыңдын деңгээлине тийишпей, сырткы келбетине, жеке жашоосуна кирбей, адамгерчилик менен айтышалы. Кыскасы, акын биринчи кезекте адамгерчиликти, тарбияны, сөздүн жоопкерчилигин бийик кармашы керек. Ошондо гана акындык өнөрдүн баркы сакталат.
– Ата-энеңиз кандай кишилер?
– Бүгүнкү күнгө жетишиме ата-энемдин таасири чоң. Атам Өзбекстанда төрөлүп-өссө, апам Оштун Кара-Суу районунун Октябрь айылынан болот. Кээде тамашалап калам, чек арадан болом деп (күлүп). Кээ бир адамдардан "сиз бул даражага кантип жеттиңиз?" деп сурашса, “ата-энем жөнөкөй адамдар” деп айтып калышат. Андай эмес. Ата-энем жөнөкөй киши болсо, мен мындай даражага жетпейт элем. Алардын ак батасы менен ийгиликке жетебиз. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, иним жана эки карындашым бар.
– “Балам, балалуу болгондо билерсиң” дейт эмеспи, билдиңизби?
– Албетте. Келинчегим экөөбүз 4 кыз, 1 уулду тарбиялап жатабыз. Чыгармачылыгымды колдойт өмүрлүк жарым. Эл катары бизде да түшүнбөстүктөр болуп турат. Пикир келишпестик ар бир үй-бүлөдө болот да. Бардык туура нерселер миң туура болсо да, бир үй-бүлөнүн мыйзамы экинчисине туура келбейт. Ошондуктан ар кимибиз өз үй-бүлөбүздүн жакшы формуласын жаратышыбыз керек. Жашооңузду эч качан эч кимдики менен салыштырбаңыз.
– Ошентсе да жалпы баалуулуктар бар да, жаш үй-бүлөлөргө сизден кичинекей кеңеш болсун?
– Социалдык тармактарда көптөгөн коуч, психолог, блогер дегендер активдүү. Кээде алардын кеңештери жана чакырыктары адамдардын аң-сезимине таасир этип, үй-бүлөлөрдүн мамилесине туура эмес таасир тийгизиши мүмкүн. Айрыкча жаш үй-бүлөлөргө. Адам маалымат алып жатканда ойлонуп, сын көз менен баалашы керек. Кеңешим: пайдасыз маалыматтарга акча коротпой, ал акчаны ата-энеңерди сыйлоого сарптаңыздар.
– Мугалим катары ата-энелерге эмне айткыңыз келет?
– Мугалимдер азыр ата-энелерге тиешелүү ишти кылып жатышат. "Балам, мектепке формаңды кийип бар, сабакта түз отур, жакшы оку, мугалимге урмат менен мамиле кыл" деген тарбияны үйдөн ата-эне бериши керек. Ата-энелерге кайрылгым келет: балдарыңызга көңүл буруңуз, үйдөн тарбия бериңиз. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы айрым жагымсыз окуялар коомдо мугалимдин кадырын түшүрүп жатат. Кечээ мен 700 окуучу катышкан семинарда “Ким мугалим болот?” десем, 6-7 кыз, 1 бала гана кол көтөрдү. Бул – өкүнүчтүү. 700 баланын ичинен 10го жетпеген гана бала келечекте мугалим болгусу келет экен. Мугалимди барктабаган өлкөнүн келечеги жок.
– Төкмөлүк өнөрдүн даражасын бийик көтөрүп жүрүшүңүзгө тилектешпиз. Комузуңуз колдон түшпөсүн!
Мээрим Дербишалыева