Кинорежиссёр – тасма аркылуу көрүүчүнүн жүрөгүнө жол тапкан сырдуу дүйнөнүн кожоюну. Ар бир кадр – анын көз карашы, ар бир тыным – анын кадр аркылуу айтып жаткан сөзү. Кыргыз киносуна өзүнүн үнү менен кирип келген жаш режиссёр Дастан Жапар уулу биздин маек төрүбүздө. Былтыр ал тарткан “Качкын” тасмасы бир топ эл аралык фестивалдарда жеңиштерге ээ болгонун айта кетели.
– Саламатсызбы, Дастан мырза? Буга чейин режиссёр Бакыт Мукул “Кыргызфильмдеги” көйгөйлөрдү айтып чыгып талкууга түштү эле. Андан бери абал өзгөрдүбү?
– Саламатчылык. “Кыргызфильмдин” ичинде болгон окуяларды айтып коомчулукка жарыялаган элек. Ал окуя жакшы жагына чечилди. “Кыргызфильм” киностудиясынын мурунку жетекчиси Бакыт байкени (ред.: режиссёр Бакыт Мукул) сотко берген да. Ал жетекчини жумуштан алышып, ордуна азыркы директор Максат Жумаевди коюшкан. Жаңы директор келгенден кийин арызды кайтарып алып, сот иши токтогон. Учурда киностудияда оңдоо иштери жүрүп, жаңы павильондор курулуп, үн жаздыруу залы оңдолуп, заманбап техникалар менен жабдуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бакыт байке видеого тартып чыгарган “Дом кино” оңдолуу алдында турат, быйыл ишке ашат деп күтүп жатабыз. Эгерде коомго ачык айтылбаганда бул нерселер мурункудай эле тура бермек.
– Сиздин “Качкын” тасмаңыз бир катар фестивалдардан байге алды. Тасманын жаралуу тарыхын айтып берсеңиз?
– Биздин жашообузда болгон окуялардын негизинде тартылды. Бир тууганым Актан (ред.: актёр Актан Рыскелдиев) мурда Казакстанга барып кулчулукка кабылып калган. Бир ай бекер иштеп, эптеп качып келишкен. Бул окуя мени көп жылдар бою “коё берген” жок. Акыры ал маселе азыркы күнгө чейин чечилбегендиктен, азыр деле кулчулукка кабылгандар болуп жаткандыктан бул теманы көтөрүп чыкканбыз.
– Тасма аркылуу азыркы коомду, көз караштарды өзгөртө алам деп ишенесизби?
– Тасма ар бир адамга азык берүүчү курал деп ойлойм. Адамдардын эмоциясын козгоп, алардын жакшы жакка өзгөрүшүнө салым кошо алсам деген максат менен кино тартам. Көрүүчүнүн дүйнө таанымын өзгөрткүм келет. Мен тарткан тасмага таасирленген, жашоого болгон оюн өзгөрткөн адамдар болду. Мындайда аябай кубанып калам. Демек, акырындык менен өзгөртүүгө болот.
– Атак-даңк же ач-жылаңач искусство. Кайсынысын тандайсыз?
– Биринчи орунга жакшы кино тартууну коём. Идеямды жакшы деңгээлде элге жеткире алсам – бул менин жеңишим. Ал эми атак-даңк ар кимге ар түрдүү жол менен келет. Кудайдын маңдайга жазганы деп ойлойм. Айрымдар дароо жетет даңкка, кээ бирөөлөр талыкпаган эмгек менен бир топ жылда жетет же такыр жетпейт. Мен үчүн атак-даңктан мурун чыныгы искусство турат.
– Кыргыз киносунун азыркы абалы кандай сиздин көз карашта?
– Кыргыз киносу алдыга ишенимдүү кадамдарды таштап жатат. Коммерциялык багыттагы кинолор да жакшы ийгиликке жетишүүдө. Биздин кинолор кошуна өлкөлөрдө сатыктан жакшы жыйынтыктарды алып жатышат. Жанрлар да ар түрдүү чыгууда. Ошону менен катар фестивалдык багыттагы кинолор да алдыңкы орундарга жетип жатышат. Былтыр Актан Арым Кубат агабыздын “Кара, кызыл, сары” тасмасы Шанхай фестивалында Гран-прини утуп алды. “Качкын” тасмасы менен мен 12 кинофестивалга катышып, бир топ жеңиштерди багындырдык. Вьетнамдан Гран-прини, Мороккодон эки сыйлык жеңдик, Франциядан үч сыйлык алдык. Мамлекет дагы киного жакшы көңүл буруп, чоң каражат бөлүп жатат. Менимче, бул жакынкы жылдарда өзүнүн мыкты жыйынтыктарын берет.
– Сынды катыра айткан айрым адамдар өзүнө сын айтылса көтөрө алышпайт, сиз кандайсыз?
– Ачык айтсам, тарткан киномо сын айтылса, катуу эле тиет. Чыгармачыл адамдын баарына эле катуу тиет болуш керек. Бирок канчалык катуу тийсе да анализдеп, сын туура болсо кабыл алганга аракет кылам. Сын айтылыш керек деп эсептейм.
– Кээде принциптериңизден баш тарткан учурлар болобу?
– Буга чейин болгон эмес, болбой эле койсун.
– Чыгармачылыктагы эң чоң коркууңуз эмне?
– Коркуу кино жаратуунун ар бир этабында болот. “Ушул” деп так айтуу кыйын. Сценарий жазып жатканда, тартууга даярдык жүрүп жатканда, киного акча издегенде, монтажда, айтор, баарында... Ал кандай коркуу десеңиз, менин идеям жеткиликтүү деңгээлде ачылабы, эл кандай кабыл алат? Таасир береби элге? Ушул сыяктуу толтура ойлор, коркуулар болот. Ансыз чыгарма жаралбайт. Коркуу болгону үчүн жакшы даярдыктар жана изденүүлөр болот деп ойлойм.
– Бюджет аз болуп калса, мыкты идея деле курмандыкка чалынабы?
– Негизи менин бардык тасмаларым аз бюджет менен тартылды. Жазган сценарийге ылайыктуу акча бөлүнө элек ушуга чейин. Өзгөчө алгачкы тасмабыз – “Атанын керээзин” эң аз акчага тарткан элек. Команданын бир айлык маянасын да төлөй албай калганбыз, 200 миң сомдон ашып кеткен. Бакыт байке экөөбүз чогуу тарткан элек. Акчабыз аз болсо да идеябызды курмандыкка чалып, өзгөртүп жиберген эмеспиз. Башынан аягына чейин тырышып отуруп тартып чыгарганбыз. Андан кийинки кинолордо анчалык акча аз болгон жок, бирок жетиштүү да болгон жок. Демек, баарында эле идеябызды курмандыкка чалбай ишке ашырдык. Мындан ары деле ошентебиз деп ишенем.
– Кино тартууда командадагы пикир келишпестиктер көбүнчө эмнеден чыгат?
– Тартуу аянтында пикир келишпестиктердин болуп турушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Анткени ар кимдин мүнөзү, кабыл алуусу ар түрдүү. Бирок кеңешип, сыйлашып, пикирлерди угуп, анан андан ары кино тартып кете беребиз. Себептери ар кандай.
– Жеке жашоо тууралуу сүйлөшсөк... Жар тандоодо кандай критерийлерге таянасыз?
– Бул тууралуу эмне дээримди деле билбей жатам (күлүп). Эгер сизге кызыктуу болсо айтып берейин. Эң башкы критерий – менин чыгармачылык жолумду, карьерамды түшүнгөн жар болсо деп ойлойм. Анткени режиссёрлук – күн сайын жумушка барып-келип иштечү иш эмес да. Өйдө төмөн болуп турат. Бир жылы фестивалдар менен жүрөсүң, бир жылы сценарий жазасың, бир жылы кино тартасың. Үйдө көп болбой калышым мүмкүн. Муну жубайың туура түшүнүп, колдоо кылып турса жакшы да. Албетте, эркекти эле түшүнө бериш керек эмес. Аялзатынын да хоббисин, максаттарын, жашоо образын түшүнүп, колдоо керек деп билем. Үйлөнүп калсам, ушул нерселер мен үчүн маанилүү болот болуш керек.
– Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева