Гезитибиздин бул санында жаш манасчы Улукмырза Эркинбеков менен тааныштырабыз. Ал 12 жашында аян алып, манасчылык жолду тандаганын айтат. Бүгүнкү күндө "Манас" айтып гана эмес, шакирт тарбиялоого да жетишип жатыптыр.
– Салам, Улукмырза! Келиңиз, окурманга сизди тааныштыралы...
– Мен 2005-жылы Кара-Балта шаарында жарык дүйнөгө келгем. Эки бир тууганбыз, агам бар. Ата-тегим Таластын Айтматов районунун (мурдагы Кара-Буура) Аманбаев айылынан. Апам казак кызы, Нарындын Жумгал районунун Чаек айылында чоңойгон. Кесиби – сүрөтчү. Атам “Кыргызтемиржолу” ишканасынын кызматкери.
– "Манас" айтууга кызыгууңуз качан жана кандай шартта ойгонгон?
– Орус тилдүү мектепте билим алгам. 2011-жылдан тарта "Манас" айтууга кызыгуум ойгонуп, 2014-жылдан тартып манасчылар менен жакындан аралаша баштадым. “Аян болбой, баян болбойт” дегендей, 12 жашымда алгач ирет аян алып, манасчылыктын улуу жолуна кадам таштадым. Ошол учурдан тартып бул өнөр мага Кудай тарабынан берилген касиет экенин түшүндүм. Ошондо өмүр бою "Манас" айтып өтөм деп тилек кылгам. Бүгүнкү күндө "Манас" айтып гана тим болбостон, бул өнөрдү кийинки муунга жеткирүү максатында шакирттерди тарбиялап келем.
– Демек, манасчы болуу сиз үчүн...
– Тагдырдын тандоосу десем туура болот. Себеби Жараткан ар бир эле адамга мындай касиетти бере бербейт. Ошол эле учурда берилген касиетти улап кетесиңби же таштап коёсуңбу, өз тандооң.
– Манасчы деле бара-бара такшалат да, башында кыйынчылыктар болдубу?
– Алгачкы жолу сахнага чыкканда жаттаган текстимди унутуп калбаймынбы деген коркуу сезими күчтүү болгон. Бирок сахнага чыгып, “Ээ-ээй” деп баштаган учурда ал коркуу заматта жоголуп кетет экен. Сахнанын өзгөчө касиети, жоопкерчилиги адамды дароо башка абалга алып келет. Чынын айтсам, сахнанын сүрү бүгүнкү күнгө чейин сезилет мага.
– "Манастагы" кайсы эпизоддор сизге көбүрөөк жакын?
– Бул көбүнчө маанайга, ички абалга жана илхамга жараша болот. Айрым учурларда белгилүү бир бөлүккө өзгөчө жакын болуп кетсең, кээде таптакыр башка эпизод жүрөккө жакын сезилет. Кээде адамдын ичиндеги бугу, ойлору топтолуп калат. “Манас” айтып бүткөндөн кийин ошол ички сезимдер сыртка чыгып, жеңилдеп калам. "Манас" айтуу мен үчүн жөн гана өнөр эмес, ички дүйнөмдү тазалап, руханий жактан жеңилдеткен өзгөчө абал десем болот.
– "Манас" айтууда импровизация жөндөмү канчалык маанилүү?
– Импровизация эң негизги өзөктөрдүн бири деп эсептейм. Мен үчүн импровизация – "Манасты" тирүү кармап турган күч. Ар бир айтууда окуя бир аз башкача өңүттө чыгып, кээде жаңы саптар, жаңы сүрөттөөлөр жаралат. Угармандарга да өзгөчө таасир берет, анткени алар ар дайым жаңыча “Манасты” угуп жаткандай болушат. Ошондой эле импровизация манасчынын деңгээлин, сөз байлыгын жана ой жүгүртүүсүн да көрсөтөт.
– “Манас таануу” интеллектуалдык долбоору аркылуу аймактарды кыдырып чыктыңыз. Бул долбоор сизге эмне берди?
– Бул долбоор жөн гана таймаш эмес, чоң мектеп. Бул мектеп көптөгөн кыргыздын чыгаан уул-кыздарын тарбиялап чыккан, алардын катарында мен дагы бармын. Дал ушул долбоор аркылуу 14 жашымда Кыргызстандын жети облусун толук кыдырып, жер көрүп, эл таанып, чоң тажрыйба топтодум. Өзүм да кезинде бул кароо-сынакка катышып, тарбиясын алгам. Бүгүнкү күндө шакирттерим менен жыл сайын 40 күндүк иш сапарга чыгып, Кыргызстанды толук кыдырып келебиз. 44 район, 32 шаарда таймаштын райондук жана шаардык баскычтарын уюштуруп өткөрдүк. Келечекте шакирттерим дагы өз окуучулары менен ушундай жолду улантат деп ишенем. Бул – үзүлбөгөн устат-шакирт салтына негизделген чоң мектеп.
– Аймактардагы жаштардын "Манаска" болгон кызыгуусунан эмнени байкадыңыз?
– Жаштардын “Манас” эпосуна болгон кызыгуусу абдан күчтүү экенин байкадым. Айрыкча жаш манасчылардын чоң көлөмдөгү, салмактуу окуяларды камтыган томдорду ачып, андагы үзүндүлөрдү кыраатына келтире айтып бергени өзгөчө таң калтырды. Мындай аракеттер алардын жоопкерчилигин, эмгекчилдигин жана өнөргө болгон чыныгы сүйүүсүн көрсөтөт. Эгер алар ушундай нукта өнүгүүнү уланта беришсе, келечекте кыргыз элинен дагы Сагымбай Орозбаков жана Саякбай Каралаев сыяктуу залкар манасчылар чыгарына чоң үмүт бар.
– Кайсы аймактагы окуя өзгөчө эсиңизде калды?
– Аксы районунда өткөн иш-чара эсимде калды. Ал жерде жаш манасчы кыздын “Манас” эпосун 16 тилде айтып бергенин угуп, абдан таң калдым. Ар бир тилде 2-3 мүнөттөн айтып жатты. Бул көрүнүш жаштардын таланты канчалык кенен экенин, “Манас” эпосунун дүйнөлүк деңгээлге чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдеди.
– Социалдык тармактар аркылуу "Манасты" жайылтууга көз карашыңыз кандай?
– Менин оюмча, бүгүнкү күндүн эң туура жана керектүү жолдорунун бири ушул. Анткени азыркы заманда адамдардын көбү маалыматты социалдык тармактан алат. “Манасты” интернет булагы менен жеткирбесек, анда жаш муун менен байланышты жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан манасчылар да заманга жараша иш алып барып, социалдык тармактар аркылуу жайылтышы керек.
– Жаш манасчы катары өз стилиңизди кантип таптыңыз?
– Өз стилимди табуу – убакытты, изденүүнү жана өзүм менен иштөөнү талап кылган процесс болду. Башында устаттарымды угуп, алардын айтуусунан таасир алып жүрдүм. Бирок убакыт өткөн сайын түшүндүм, ар бир манасчы өз үнүн, дүйнө таанымын табышы керек экен. Болбосо сен жөн гана бирөөнү кайталаган болуп каласың. Эң биринчиден, жүрөккө таяндым. "Манас" айтып жатканда сөздү жаттап эмес, сезип айтууга аракет кылам. Кайсы бөлүгү мага жакын болсо, ошол жерлерде тереңирээк ачылып, импровизация аркылуу өз боёгумду кошом. Убакыт, сахна тажрыйбасы жана угармандар стилимди калыптандырды. Азыр да изденүүдө жүрөм. Анткени манасчы үчүн өнүгүү эч качан токтобошу керек.
– Манасчы болбосоңуз ким болмоксуз?
– Өнөр тармагында эле болсом керек. Балким, элге сөз аркылуу кызмат кылып журналист, мүмкүн, ырчы болмокмун.
– Манасчылык өнөр бүгүн жетиштүү деңгээлде бааланып жатабы?
– Манасчылык өнөр бааланып жатат, бирок жетиштүү деңгээлде эмес. Бир жагынан карасак, мамлекет тарабынан да, коом тарабынан да көңүл буруу бар. Мисалы, манасчыларга наамдар ыйгарылып, атайын иш-чаралар, фестивалдар өткөрүлүп турат, “Манас” эпосунун күнү белгиленип келет. Айрым манасчылар жогорку сыйлыктарды алып, эмгеги таанылып жатат. Менин оюмча, манасчылык өнөрдүн чыныгы баасы – бул жөн гана сыйлык же наам эмес. Анткени шоу-бизнес, блогерлер көбүрөөк көңүлдү өзүнө буруп, манасчылык кээде экинчи планга түшүп калууда. Жаштар арасында бул өнөрдү терең түшүнгөндөр азайып бараткандай сезилет. Мен үчүн бул өнөр ар дайым эң жогорку деңгээлде бааланууга тийиш. Анткени манасчы – бул аткаруучу эмес, улуттун рухун алып жүргөн адам.
– Жаш манасчыларга кандай колдоо болсо дейсиз?
– Менин оюмча, жаш манасчыларга колдоо комплекстүү болушу керек. Жаш манасчыларга атайын мектептер, курстар ачылып, устат-шакирт системин күчөтүү зарыл. Тажрыйбалуу манасчылар менен тыгыз иштешип, өнөрдү түз үйрөнүү абдан маанилүү. Материалдык жана моралдык колдоо керек. Гранттар, стипендиялар, атайын фонддор аркылуу жардам болсо, жаштар бул жолду ишенимдүү тандайт эле. Андан тышкары медиа аркылуу жайылтып, элге таанытуу зарыл.
– Алдыда кандай жаңылыктарды күтсөк болот сизден?
– Алдыда мени бир нече маанилүү жаңылыктар күтүп турат. Тушоо кесүү концертимди берүүгө даярданып жатам. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик жана жаңы этап. Буга чейин манасчылар жеке концерт форматында көп чыга бербейт деген маалымат бар, ошондуктан бул да өзүнчө бир жаңылык жана эксперимент. Даярдык абдан күчтүү. Быйыл өнөрүмдү эл аралык деңгээлде да тартуулап, бир нече мамлекеттерге иш сапар менен барууну пландап жатам. Бул да “Манасты” дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгү деп эсептейм.
Мээрим Дербишалыева