КОЙ
(21.03–20.04)
Жаныңыздагы адамдарга бир аз ачылып, ишеним менен мамиле кылуу сунушталат. Жумушуңузда сизден жоопкерчиликти талап кылган тапшырма аласыз. Өзгөчө оор делген маселелер шейшемби жана бейшемби күндөрү жеңилирээк чечилет. Жаңы үй-бүлө курам, сүйүктүүмдүн колун сурайм, сезимимди билдирем дегендерди ийгилик күтөт бул аптада. Жумуш боюнча сапарга чыгам дегендердин, тескерисинче, жолу болбой калышы ыктымал. Апта соңу көптөн күткөн эс алууга жетесиз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Аптанын биринчи жарымында энергияңыз бир топ жумушту аткарганга жетет, бирок аптанын экинчи жарымында жалкоолук кармап, баарын таштап салгыңыз келген сезимде болосуз. Үй-бүлө түйшүктөрүн жалгыз көтөрбөй, жакындарыңыз менен бөлүшкөндү билиңиз. Шаршемби-бейшемби күндөрү жаш балдары барлар сак болуулары керек, майда-чүйдө жаракат алуу коркунучу бар. Апта соңу капчыгыңызга акча түшүп, пландарыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болот.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жумушуңуздагы чыңалган абал, чечилбеген түйшүктөр сиздин эмоционалдык абалыңызга терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бул абалдан чыгуу үчүн табият коюнуна чыгып, нервди тынчтандырып, маанайды көтөрүү сунушталат. Алыстан туугандарыңыз конокко келишет. Алдыда боло турчу тойго даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөр күтөт. Гардеробуңузду жаңылап, жаңы кийим сатып алышыңыз мүмкүн. Апта соңу огороддо жашылча-жемиш эгүү иштери менен алек болосуз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бөйөндөрдү ийгиликтүү апта күтөт, карьералык тепкичтен көтөрүлүү же айлык акыңызга кошумча акча кошулуусу мүмкүн. Жумушта болобу, жеке жашоодобу талаш-тартышка түшкөн иштерге аралашуудан, пикир айтуудан алыс болуңуз. Соода тармагындагылардын планы ишке ашат, ири келишимдер, чоң буюртмалар келиши мүмкүн. Катташпай калган досуңуз менен жолугуп, ортодогу түшүнбөстүктөр чечилет. Апта аягында сүйүктүүңүздөн сюрприз күтө берсеңиз болот.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Апрель айы арстан жылдызындагылар үчүн жакшы аяктайт. Жумушта кесиптештердин колдоосуна, жетекчиликтин мактоосуна ээ болосуз. Үйдө техника каражаттары бузулуп, аларды оңдоого убакыт жана каражат бөлүүңүз керек болот. Моюнуңузга көп жүк артып алып, анын баарын бүтүрүүгө ашыга бербеңиз. Кыбыраган кыр ашат деген принципти карманууңуз жакшы жыйынтык берет. Дем алыш күндөрүн үйгө, үй-бүлөгө арнап, чогуу убакыт өткөргөнүңүз жакшы.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптанын башында жетекчилик менен олуттуу сүйлөшүүлөр күтөт. Өзүңүздү ишенимдүү кармап, эч нерседен коркпоңуз, баары жакшы болот. Аптанын экинчи жарымында сүйүү фронтунда өзгөрүүлөр орун алат, жаңы адам менен таанышуу, жаңы мамиле куруу күтүшү мүмкүн. Баш айлануу, баш оору коштойт, профилактика иретинде ооруканага барып анализ тапшырып коюңуз. Саякатка чыгууга эң сонун убакыт. Дем алыш күндөрү сиз пландагандай позитивдүү маанайда өтмөкчү.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул аптада сизге текебердик кылуу жарашпайт, “жерде” жүрүүңүз керек. Анан да алдыга реалдуулукка туура келген максат коюу керек дешет жылдыздар. Антпесе “фантазиядагы” максатка жете албай түйшүк тартып кыйналып каласыз. Финансы жаатында жакшы кабар аласыз. Эгер окуучу, студент болсоңуз, экзамен, “зачёт”, чейректик баа деген жумуштарды апрель айынан ашырбай бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Май айына калып калса, бүтүрүү кыйын болот.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Башка жактан жардам келет деген оюңуз ишке ашпай калуусу мүмкүн. Андыктан өз кара күчүңүзгө гана таянып, ошол эле учурда жардам бере албай калгандарга таарынбаганга аракет кылыңыз. Карыз, насыя алуудан алыс болуңуз. Аптанын аягында досторуңуз менен жолугуп, моралдык колдоо табасыз. Романтика жаатында жеңил флирт, “көз кысышуу” ирмемдери маанайыңызды көтөрөт. Туугандар арасында демилге көтөрүп, чогуу эс алуу планын түзсөңүз, сизге ыраазы болушат.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Түрдүү жана жаңы тапшырмалар күтөт. Мындай абал сиздин чээнде уктап жаткан ойлоруңузду “тирилтип”, өзүңүздү энергиялуу, активдүү сезип каласыз. Бирөөгө жардам бергиңиз келген оюңуз ишке ашат, сиздин колдоого муктаж адамдар чыгат. Бул аптада кайсы тармакта болбосун биринчи ички туюмга таянып чечим чыгарганга аракет кылыңыз. Сапарга чыгууңуз мүмкүн, айылдыктар шаарга, шаардыктар айылды көздөй. Ошол сапарда бойдоктор айланасындагы адамдарга көз салышы керек.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жаралган маселени өз убактысында байкап, тез арада чечкенге аракет кылсаңыз эле олуттуу көйгөй жаралбайт. Апта жалпысынан жай жана жагымдуу өтөт. Жумушта демилге көтөрүп, өз идеяларыңызды айткандан тартынбаңыз, колдоо табасыз. Туугандар арасында унутулган окуялар калкып чыгып, жагымдуу ностальгия сезимдерине кабыласыздар. Тамак-ашка уулануу коркунучу бар, сак болуңуз. Дем алыш күндөрү пландалган иштериңиз сиз ойлогондон да жакшы бүтүп, кубанасыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Башкалардын маселесин чечкенге аракет кылбаңыз, андан көрө өзүңүздүн түйшүктү арткан жакшы. Шейшемби күнү финансы жаатында жакшы жаңылык алышыңыз мүмкүн. Жаңы иш баштабай туруңуз, ага энергетикалык потенциалыңыз жетпей калышы ыктымал. Саясий жаатта айтылган ойлоруңуз капыстан популярдуулук алышы күтүлөт. Аптанын экинчи жарымы жумуштарыңызды азайтып, өзүңүзгө өзүңүз эс алуу тартуулоого аракет кылыңыз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Жылдыздар жашооңузду жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар дешет. Негизгиси сизден талыкпаган аракет жана так максат, план керектелет. Шаршемби күнү түгөйүңүз менен романтикалык кеч уюштурсаңыз, мамилени бекемдөөгө мүмкүнчүлүк жаралат. Өнөкөт оорулар козголуп шайыңызды кетириши күтүлөт, алдын ала даярданып, дары-дармек алып коюңуз. Келбетиңизге кам көрүп, сулуулук салондоруна, косметологдорго баруу сунушталат.