Буга чейин да адамдын мүнөзүн ачкан түрдүү психологиялык материалдарды жазып келгенбиз. Бул ирет дагы бир кызыктуу теманы сунуштайбыз. Кайсы мөмө-жемишти кандай мүнөзгө ээ адам жакшы көрөт? Малина, кулпунай жакшы көрөсүзбү же карагатпы, балким, жүзүм? Мүнөздөмө туура келдиби же жокпу @super_info_official инстаграм баракчабызга ой бөлүшө кетиңиз.
АЛМА
Башка мөмө-жемиштерге караганда алманы көбүрөөк жакшы көргөндөр – чыныгы консерваторлор. Алардын жашоосунда бардыгы тартип менен болушу керек. Салт-санааны бекем кармашат. Баш аламандыкты жактырышпайт. Алдын ала көп убакытка план түзүп алып, ошону менен кете беришет. Ортодон жаңычылдык киргизе калайын, тобокелдикке барайын деген кадамдардан алыс. Мындай адамдар “зона комфорта” деген нерсени жакшы көрүшөт. Көнгөн жумушунан көпкө чейин кетпей иштешет, жоопкерчиликтүү кызматкер болот. Дос деп санаган адамдарына ишенимдүү тирөөч, кеңешчи, кандай учурда болбосун жардамга даяр адам. Сүйүүдө да бир тандаган адамын өмүр бою сүйгөнгө даяр. Өжөрлүгү бар. Оюнан оңою менен кайтпайт, бирөө кечке эле бир нерсени кыйнай берсе, тескерисин жасап салышы мүмкүн. Өзү да шашма, башкаларды да шаштыра берген адаты бар. Романтикадан алыс, мисалы, гүлдесте алгандын ордуна үй тиричилигине керектүү буюм баалуураак деп эсептейт.
ӨРҮК
Өрүк сүйүүчүлөрү – чыгармачыл, өзгөчө акындык, ырчылык өнөргө жакын келишет. Жашоодо абдан боорукер, жумшак адам сезилиши мүмкүн. Бирок бул сапат “өзүмдүкү, жакын” деп саналгандарга гана колдонулат. Эгер жинине тийсеңиз, мындай адамдын каарын токтотуу оңойго турбайт. Бир “от алып” алса көпкө чейин басылбай турат. Ал эми өзүм дегендерге боорукер, бат тил табышкан, кандай тема болбосун улап кеткен шайыр адам. Эркиндикти баалашат, ал эми эркиндигине чектөө койгон адам – номер биринчи душманы болуп калат. Көбүнчө сүйлөгөн: мугалим, дипломат, сатуучу жана искусство менен байланышкан кызматтарда отурушат.
АЛМУРУТ
Токтоо адамдар кимдер десеңиз – алмурутту сүйгөн адамдар деп жооп беребиз. Көпчүлүккө сырын ача бербеген, айланага көз жүгүртүп, баам салып, анализ кылып турган адамдар. Күткөндү билет, биринчи жасап коюп, анан ойлонуу деген булар үчүн эмес. Көпкө чейин ойлонуп, ар бир кадамын пландап таштагандар. Үйүнө конок чакырганды, конокко барганды жакшы көрүшөт. Сүрөтчү, тикмечи, айтор, колу менен жаратман адамдар болушат. Сүйүүдө кумарлуу, жактырган адамын бат эле арбап алышат. Мүнөзүндө таарынчаактык да бар, бат таарынып, көпкө чейин жазыла албай өзүн да, таарынткан адамды да бушайманга салышат.
ШАБДАЛЫ
Эмоционалдык жактан сезимтал, жумшак адамдар шабдалыны жакшы көрүшөт. Мындай адамдар менен жакындашуу, дос болуу оңой. Анткени алар өзүнүкүнөн мурун башканын кызыкчылыгын жогору койгонду билишет, эмпат келишет. Өзүлөрүнүн дүйнөсү бар, андыктан кээ бирлерге түшүнүксүз адам сезилиши ыктымал. Курч окуяларга, эмоцияларга көп туруштук бере албайт, андыктан бат “сынат”, депрессияга, стресске бат түшөт. Сүйүүдө романтик, жумшак жана уялчаак келишет. Сыртынан билинбегени менен, түгөйүн көпкө чейин тандашат. Эксперимент жасагандан коркпойт, айтпашы мүмкүн, бирок тобокелдиктерди ичинен жактырышат. Негизгиси “жүрү” деген адам болсо болду.
ЖҮЗҮМ
Жүзүмдү жактыргандар – өзгөрүүлөргө, эксперименттерге ачык адамдар. Аларга эч нерсе болбой, бир калыпта өтүп жаткан күндөр жакпайт. Буулугуп кетишет. Өзүнө ишенимдүү, уюштуруучулук жөндөмү бийик, лидерлик сапаты күчтүү. Өзүндөгү жакшы сапаттарды билет, башкалардан да ошону талап кылат. Жакшы жашоо үчүн бардык күчүн жумшайт, аркасынан башкаларды да ээрчитип алат. Сырга бекем, өзүнүкүн да, өзгөнүкүн да бекем сактайт. Пунктуалдуулукту жана сөзүнө турган адамдарды жактырат, саткынчылыкты жек көрөт. Андыктан жанында аз санда, бирок ишенимдүү адамдар коштоп жүрөт. Жеке жашоосун айтып наалыбайт, наалыгандарды жактырбайт.
КУЛПУНАЙ
Кулпунайды шайыр, кандай компания болбосун шаңга бөлөй алган активдүү адамдар жактырышат. Кийинүү стили өзгөчө, табити бар, өзүнүн мода дүйнөсүн түзгөндү билишет. Кооздукту, ачык түстөрдү, жаркыраган, жаңы буюмдарды жактырышат. Эскилери менен оңой коштошуп коё алат, жылдар бою топтой бербейт. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуу жагат. Сүйүүдө “капризный”, бирок анын капризин көтөргүсү келгендер көп болот. Кызганчаак келишет. Мындай адамдардын жинине тийүү, тең салмактан чыгаруу кыйын, бирок ачуусунун чегине жеткенде “өрттөп” жиберет, кечиримди баарына эле бере бербейт.
МАЛИНА
Унчукпаса да көздөрү күйүп турган, харизмасы гүп-гүп, “кокетливый” адамдар малинаны жактырышат. Өзүнүн баасын билген, амбициясы бийик, эгосу жогору, бир аз өзүмчүл келишет. Ошол эле учурда өзүнө биринчи сынчы, биринчи хейтер болуп да алышат. Өзүн башкаларга “жактыртып” алууну, башкалардын колу менен маселе чечкенди билет, керектүүсүн алдырган жөндөмгө да ээ. Жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Жоктон бар кылганды билишет. Мындай адамдардын жанында жүрүү башкалардын да жашоосуна түркүн түс кошуп, кызыктуу кылат. Агымга каршы сүзүп, жүрөгү эмнени кааласа ошону жасай алышат, башкалардын ою менен эсептешпей коюуга даяр.
БАНАН
Банан сүйүүчүлөрү табиятынан жумшак, боорукер келет. Бирок бул сапатын баарына эле көрсөтө бербейт. Андыктан айрымдар аларды катаал, таш боор же кайдыгер, текебер адам деп сүрөттөшү мүмкүн. Айрымдары сентименталдуу, сезимтал, бат эле бырылдап ыйлап калышат. Кыялкеч адамдар, ишке ашпасын билсе дагы кенен кыялдангандан коркпойт, тажабайт. Мүнөзүндөгү кемчилиги – жалкоолугу. Бир нерседен бат тажап кетет же баштагысы келбей жалкоолонуп жүрө берет. Анан да башкалардын сөзүнө, таасирине бат кирип, ооп кетмейи бар. Сыртынан сынды жакшы кабыл алып, эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшү мүмкүн. Бирок ичинен катуу кабыл алып, ичинен кайгырат.
Асыл Орозбекова