Биз социалдык тармакта

ШИШКЕБЕК МАРИНАДЫ ҮЧҮН СОУСТАР

ПИЯЗ ЖАНА УКСУС МАРИНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Уксус – 50 миллиграмм, бальзам же шарап уксусу болсо жакшы

Суу – 100-200 миллиграмм

Пияз – 2 даана

Туз, кант, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: Пиязды майда туурап, калган азыктарды кошуп аралаштырасыз да, этти маринаддап, 1-2 саатка коюп коёсуз.

 

СОЯ СОУСУ МЕНЕН МАРИНАД

Керектелүүчү азыктар:

Соя соусу – 70 миллиграмм

Бал – 2 аш кашык

Томат пастасы – 2 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Паприка, туз, кара мурч –

татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: Сарымсакты майдалап, калган азыктарды кошуп аралаштырабыз, маринад даяр.

 

ПИЯЗ ЖАНА МАЙОНЕЗ МАРИНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Майонез – 200-250 миллиграмм

Пияз – 2 даана

Туз, атайын шишкебек үчүн татымал – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: 1 пиязды майда туурайбыз, экинчи пиязды жарым шакек кылып тууроо керек. Баарын аралаштырып, маринадды колдоно берсе болот.

 

АЙРАН МАРИНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Айран (кефир) – 500 миллиграмм

Пияз – 2 даана

Сарымсак – 3 тишче

Зайтун майы – 2 аш кашык

Туз, паприка, кара мурч, кориандр, кургатылган базилик, кызыл мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: Сарымсакты майда туурайбыз, пиязды шакекче түрүндө туурап, баарын аралаштырабыз. Бул маринадда эт ширелүү жана жумшак болот.

 

МИНЕРАЛДЫК СУУ МЕНЕН МАРИНАД

Керектелүүчү азыктар:

Минералдык газдалган суу – 500 миллиграмм

Пияз – 2 даана

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: пиязды блендерден өткөрүү керек. Эттин үстүнө минералдык сууну, артынан пияз жана кара мурч кошуп аралаштыруу керек. 2 сааттан кийин суусун төгүп, өсүмдүк майын жана тузду кошуп аралаштырабыз. Жарым сааттан кийин шишкебекти бышыра берсеңиз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1218, 24-30-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан