Биз социалдык тармакта

Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

 Бирок бул жолу эч ким жылмайган жок, жөн гана көз караш. Бекзат бир аз токтоп турду да, анан телефонуна алаксып калды. Бирок көзү дагы деле Тинатин тарапта эле. Ал эми Тинатин болсо дароо эле көзүн буруп кетти.

– Кетеличи,- деди ал Айгүлгө.

Жатаканага кайтып келгенден кийин Айгүл оор үшкүрүп алып акырын сүйлөдү:

– Тинатин, мен сага дагы бир нерсе айтышым керек.  

Тинатин башын көтөрдү.

– Эмне болду?

Айгүл терең дем алды:

– Мени кудалашкан бала бүгүн Стамбулга келди дешти.

– Бүгүнбү?!

Айгүл башын ийкеди.

– Ооба, эртең жолугушат экенбиз. Мен коркуп жатам, Тинатин.

Тинатин анын колун кармады.

– Коркпо. Мен жаныңда болом.

Айгүл ыраазы боло башын ийкеди.

xxx

Эртеси Айгүл менен Тинатин жасанып алып жолугушууга жөнөштү. Айгүл толкунданып, бир аз коркуп да турду.

– Тинатин, мен толкунданып жатам,- деди ал жолугушуу боло турган кафеге жакындап калганда.

– Коркпо, мен жаныңдамын го,- деди Тинатин жумшак үн менен.

Кафенин ичи ыңгайлуу экен, романтикалык атмосфера сезилет. Терезеден деңиз көрүнүп турат, столдор тыкан жайгашкан. Аларды эшик алдынан тосуп алган официант бир столго алып барды. Ошол столдо ары карап бир адам отуруптур. Кара костюмчан. Жакын барганда гана тааныды Тинатин. Бекзат! Дүйнө токтоп калгандай сезилди. Бир саамга ордунда катып калды. Бекзат башын көтөрүп, экөө бири-бирин таң кала тиктеп калышты.

Айгүл болсо эч нерсе байкаган жок.

– Кел, бул жакка отуралы,- деди Тинатинге. 

Столго отуруп жатып Айгүл Бекзатты баштан-аяк бир тиктеп, аны дароо эле жактырып калды. Сүйлөшүп отурганда анын токтоо мүнөзү, күлмүңдөгөн көздөрү, өзүнө ишенимдүү отурушу, баары ага башкача таасир берди.

Бирок Бекзаттын көзү Айгүлдө болгону менен, ою Тинатинде эле. Тинатиндин колдору бир аз титиреп жатты.

Айгүл сүйлөп жатты:

– Биз бул жакка бүгүн биринчи жолу келдик... Стамбул абдан кооз экен, ээ?

– Ооба,- деди Бекзат кыска.

Үнү бир аз муздак эле.

Ал эми ойлору дагы деле Тинатинден кетпей турду. Айгүл болсо муну таптакыр сезген жок.

Ал жылмайып:

– Сиз Стамбулда окуйсузбу?- деп Бекзатка кайрылды.

– Ооба. Келечекте бул жакта калганды каалайм...

Айгүл жылмайып койду. Аңгыча Тинатин сөзгө аралашты.

– Биз... Кетели деп ойлогонбуз...

Үнү бир аз калтырап кетти.

Бул сөздөрдүн ортосунда бир нерсе калып кетти. Айгүл аны таң кала карады. Анын көзүнөн “Эмне болду? Жаңы эле келдик го” деген сөздү окуду Тинатин. Бирок башка сүйлөгөн жок.

Бекзат да унчуккан жок. Жөн гана бири-бирин байкатпай тиктеген көздөр. Кандайдыр бир уйгу-туйгу сезим. Кафенин ичи жарык болсо да, Тинатин үчүн айлананы туман каптап тургансып оор көрүндү. Столдун үстүндөгү ысык чайдын буусу абага көтөрүлүп, жарыктын шооласынан даана көрүнүп жатты. Бир топко отурушту, Тинатин бир да сөз айтпады. Жөн гана отурду, башын ылдый салып. Бирок ичинде бороон-чапкын болуп жатты.

 

Ушул сыяктуу суроолордун жообун таба албай Тинатиндин деми кысылып кетти. Башын көтөрсө эле Бекзаттын көз карашына туруштук бере албай калат. Ошондуктан көтөргөн жок. Көздөрү столдун үстүндөгү кагаз салфетка, идиш-аяктарды гана тиктеп жатты.

Айгүл эч нерседен бейкапар сүйлөп жатты:

– Бул жер абдан кооз экен, ээ?..

Жанында отурса да анын сөздөрү Тинатинге тээ алыстан угулгансып турду. Канчалык аракет кылса да өзүн кармай албай калды. Көздөрүнө акырындап жаш толуп чыкты. Ал аны көрсөтпөөгө аракет кылды, бирок мүмкүн эмес эле. Алгачкы бир тамчы жаш столго “тып” этип тамды. Андан кийин дагы бири. Тинатин башын ылдый салган бойдон катты да калды.

“Ыйлаба. Азыр эмес. Бул жерде эмес” деп жатты өзүнө өзү. Бирок жүрөгү аны уккан жок. Анын ичине каткан бардык нерсеси ошол мүнөттө чыгып кетти: кыялдары, коркуусу, жана эң негизгиси – Бекзат.

Бекзат... Ал да унчукпай гана отурду. Бир да ашыкча сөз айткан жок. Бирок көз карашы өзгөрдү. Анын көздөрүндө мурдагы муздактык эмес, белгисиз бир тынчсыздануу пайда болду. Айгүл акыры ортодогу абалды байкап калды.

– Тинатин, сен жакшы элесиңби?- деди акырын.

Тинатин жооп бербеди. Жөн гана башын ийкеди. Ал үн чыгарса эле баары талкаланып кетчүдөй сезилди. Кафеде музыка жаңырып, коноктор кобураша сүйлөшүп, анда-санда каткырган үндөр угулат. Кызматкерлер ары-бери басып кардар тейлеп жатышты. А бул столдо убакыт токтоп калган эле. Үч адам. Үч тагдыр. Бир түшүнүксүз үнсүз драма. Ал эми Тинатиндин ичинде бир гана ой алоолоп жатты: “Эмне үчүн мындай сыноо туш келди?”. Кафеде убакыт акырын созулуп, бир саат шуулдап өтүп кеткендей болду. Ал дагы деле башын көтөргөн жок.

Көздөрүндөгү жаш акырын кургап, бирок ичиндеги оордук кетпей, тескерисинче, тереңдеп баратты. Колунун манжалары столдун четин кармалай, өзүн токтоо кармап отурду. Айгүл болсо атмосферадагы оордукту акырындап сезе баштады, бирок так түшүнө алган жок.

– Ушинтип отура беребизби? Десерт буюртма кылсак кандай болот?- деди Бекзат менен Тинатинди алмак-салмак тиктей. Тинатин жооп бербеди. Жөн гана башын бир аз ийкеп койду “макул” дегенсип.

Бекзат ошол учурда демилгени колго алды. Маңдайында отурган Айгүлгө карап сунуш киргизди:

– Экөөбүз өзүнчө бир аз сүйлөшүп алалыбы?- деди ал.

Айгүл дароо башын ийкеди.

– Ооба, албетте.

Бекзат ордунан туруп, терезе жактагы кичине бош орундукка өттү. Айгүл анын артынан барды. Экөөнүн ортосунда сүйлөшүү башталды.

Айгүл:

– Сиз Тинатинди тааныйсызбы?

Бекзат бир секунд унчукпай калды. Көздөрү кайра стол жакка, башын көтөрбөй отурган Тинатинге кетти.

Бекзат:

– Ооба, тааныйм.

Айгүл таң кала кайра суроо узатты:

– Кантип? Биз Стамбулга бүгүн биринчи жолу келдик го?

Бекзат демин ичине тартып, акырын айтты:

– Кокустан жолукканбыз, мурда.

Айгүл жеңил жылмайып койду.

– Аа... Ошон үчүн экен да.

Ортодо бир аз тыныгуу болду. Андан кийин Айгүл көздөрүн бакырайтып кызыгуу менен сурады:

– Сиз Стамбулда көптөн бери турасызбы?

Бекзат кыска жооп берди:

– Ооба.

Айгүл бир аз жылмайды.

– Мен дагы бул жакты жактырып калдым чынын айтсам.

Бекзат аны карады, бирок көңүлү толук ал жерде эмес эле.

– Стамбул оңой шаар эмес,- деди ал акырын. – Бул жакта калуу үчүн күч керек.

Айгүл башын ийкеди.

– Мен аракет кылам.

Бекзат “жакшы” дегендей гана башын ийкеди. Бирок анын көзү кайра-кайра Тинатин отурган стол жакка кетип жатты.

Столдо Тинатин ошол эле бойдон отурган. Бир сааттан кийин да анын ичинде эч нерсе өзгөргөн жок. Бир гана айырма – көз жашы токтоду, бирок оордугу көбөйгөн. Ал ичинен гана шыбырады “эми мен эмне кылам?..” Бул суроого жооп таба алган жок.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1218, 24-30-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан