Биз социалдык тармакта

Самат Муратбеков, ырчы: “САМАТ ӨЗҮН УКМУШ СЕЗИП АЛЫПТЫР ДЕШПЕСИН...”

Белгилүү ырчы Самат Муратбеков учурда эмне менен алек? Үй-бүлө үчүн чыгармачылыгын таштай алабы? Жашоодо кандай из калтыргысы келет? Ушул жана башка суроолорго жоопту төмөнкү маектен таба аласыз, окурман. 

– Саламатсызбы, Самат мырза? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык, азыр жеке ырчы катары жана “Жебе” тобунун солисти катары эки жакты тең алып кетүүгө аракет кылып жатам. Келинчегим экөөбүз да дуэттерди аткарып келебиз, той-топурларда кызмат кылабыз. Ошол эле учурда жеке бизнесим бар, Токмок шаарында “Эко парк” эс алуу жайын ачканбыз. Андагы иштер менен алектенем. Кыскасы, тиричиликти да, чыгармачылыкты да бирдей алып кеткенге аракет кылып жаткан учурубуз. Азыр убакыт аябай тартыш болуп калбадыбы, тыгындарда эле өмүрүбүз өтүп жаткандай. Ошондуктан убакытты туура бөлүштүрүп, чоң иштерди, майда иштерди бирдей алып кеткенге аракет кылуудамын.

– “Жебе” тобу аркылуу таанылдыңыз да. Азыр сизге жеке ырчы катары ырдаган жакшыбы же топ менен жүргөнбү?

– Жеке ырчы катары да, келинчегим менен дуэт аткаруу да, “Жебе” тобунда жүргөн убактар да жакшы. Ар биринин жүрөгүмдө өз орду бар. Ушунун баары эле чыгармачылыктагы из, изденүү деп билем. Ошондуктан бул жакшы же тиги деп айта албай турам. Башкысы – кызматыбыз элге жакса, эл бизди колдоп турса, иштей беребиз.

– “Жебе” тобунун ийгилигинин сыры эмнеде болду деп ойлойсуз?

– Топтун ийгилиги бекем тартипте жана жигиттердин ынтымагында болду деп ойлойм. Кенже Дүйшеева эжекебиздин да салымы зор. Топ ортодо тыныгуу алып калды, бирок азыр кайрадан чогулуп ырдап жатабыз. Чогулганда башкача жан дүйнө майрамы болуп, баарыбыз кубанып, шаңданып, жанданып чыга келебиз. Топтогу солисттердин харизмасы гана ийгиликке жол ачты деп айта албайм, бирөөбүз бут болсок, бирөөбүз кол болуп, Кенже эжем баш болуп бир организмдей иш алып бардык. Азыркы тапта топтун кайра жанданып, иштеп жатканы да ошол мурунку ынтымагыбыздын жемиши деп билем. Андан тышкары Кенже эжеме акылы жана даанышмандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем. Анткени келинчегим менен ырдап чыгуума да Кенже эже жол көрсөттү. Үй-бүлөдө да, бизнесте да “балдар, ушундай кылсаңар кантет?” деп кеңешин, сунушун айтып турат. Бир эле мага эмес, топтогу баарыбызга жол көрсөтүп келе жаткан күчтүү айым.

– Топтун ичинде бири-бириңерге атаандашуу болду беле? Ачык айтылбаганы менен, тымызын атаандашуу көп учурда болот эмеспи?

– Атаандаштык болгон жок бизде. Анткени ар бирибиздин кыла турган ишибиз бар эле. Мен уюштуруу жагын карачу элем, алып баруучулук жагы Минурга, бий жагы Кумарга, стиль жагы Медерге, айтор, баарыбызга бирдей жоопкерчилик жүктөлгөн. Медер менен Кумар бир тууган, Минур экөөбүз студент кезден баштап дос болгонубуздан улам ортобузда ынтымак бекем эле. Айтор, бир туугандай мамиледе болчубуз.

– Үй-бүлө жана карьеранын ортосунда тандоо туруп калса, тараза ташы кайсы тарапка оор түшөт сиз үчүн?

– Албетте, тараза ташы үй-бүлөгө оойт да. Кандай болгон күндө да эң баалуу нерсе – үй бүлөм. Аны эч бир нерсеге теңегенге болбойт. Ал эми карьера – бул кесип. Кээде болуп калат, кээде болбойт.

– Атактуулукту абдан каалагандардын катарындасызбы?

– Каалаган эмесмин деп айта албайм. Жаш кезимден баштап кыялым ошол болчу. Абдан популярдуу болуп кетпесем да, өз жолубуз менен келе жатабыз. Бирок атактуулук үчүн баарын курмандыкка чалып жиберчүлөрдүн катарында эмесмин.

– Сиз үчүн идеалдуу үй-бүлө модели кандай?

– Идеалдуу үй-бүлө – бул ыймандуу үй-бүлө деп билем. Кудайдын аты аталып турган үйдө береке болот. Андай үй-бүлөнү түптөө бир тең, аны кастарлап сактап туруу бир тең. Кемчилик бардыгынан кетет, кечире билсең, түшүнө билсең, үй-бүлө сакталат деп ойлойм.

– Жашоодо кандай из калтыргыңыз келет?

– Мен музыка дүйнөсүндө эле эмес, мекениме кызмат кылуу менен да из калтыргым келет. Ийгиликтүү бизнес түптөп, кайрымдуулук менен алек болууну туура көрөм. Инстаграм баракчама күндө эле сураныч келет. Балдары ооруп жаткандар же жардамга муктаждар болот. Ошолорго жардам берип, соцтармактардан бөлүшүп калабыз. Келинчегим экөөбүздүн  блогерлигибизде башынан эле үй-бүлөлөрдү ынтымакка чакырууну максат кылганбыз. “Ушулардай эле жакшы жашаса болот” деген пикирди жайылткыбыз келет. Үй-бүлөлөрдү жакшылыкка жетелесем деген ойлор бар. Ата-энеге, үй-бүлөгө жакшы кызмат кылууга, камкор болууга умтулам. Мисалы, үйдө тамактанган соң идиштерди жууп коюу, баланы карашуу же ушул сыяктуу иштерди жасоо сүннөт экен. Ошондуктан мен соцтармактагы баракчама ошол сыяктуу нерселерди көп киргизип турам. Мына, ушунун баары эле из калтыруу деп билем.

– Чыныгы адам болуу дегенди кандай түшүнөсүз?

– Менимче, адамды чыныгы адам кылган нерсе – анын кемчиликсиздиги эмес, тескерисинче, кемчилиги менен жашай билүүсү. Ар бир адам жаңылат, жыгылат, кайра турат. Бирок ошол жыгылган учурда өзү менен кантип сүйлөшөт, ошол маанилүү. Өзүн актап жашаган адам эмес, өзүн түшүнүп жашаган адам гана чыныгы адам болуп калат болуш керек. Самат өзүн тим эле акылдуу сезип алыптыр дегендер чыгат болуш керек эми, мен өзүмдү андай сезбейм. Балким, кимдир-бирөөлөргө пайдасы тийип калар деп айтып жатканым.

– Адам качан “өзүмдү толук тааныдым” деп айта алышы мүмкүн? 

– Адам “өзүмдү толук тааныдым” деп так айта албайт деп ойлойм. Бирок өзүн кандай болсо ошондой кабыл ала баштаса, өзүн таанууга эң жакын учур ошол. Адам өзүн түшүнгөн сайын дүйнөнү да башкача көрө баштайт. Бул процесс бүтпөйт, бирок ошол жолдун өзү маанилүү.

– Эгер убакытты токтото алсаңыз, буга чейинки кайсы учурду көпкө кармап калат элеңиз?

– Мен убакытты токтотпойт элем. Анткени ар бир учур өзүнүн мааниси менен баалуу. Жакшы же жаман экенине карабай, ар бир учур адамды алдыга жылдырат. Эгер токтотсок, биз өзгөрүүнү жоготобуз. Ал эми жашоо – дал ошол өзгөрүүлөрдөн, алдыга умтулуулардан, өсүп-өнүгүүлөрдөн турат.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1218, 24-30-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан