Каарманыбыз Чолпон-Ата шаарынын 63 жаштагы тургуну. Былтыр карындашына донор болуп, бирок бир тууганын сактап кала албаганын айтат. Азыркы учурда небереси ооруп, анын өмүрү үчүн аракет кылып жатат. “Улам дарылатууга чамабыз жок, элден жардам суроого мажбурбуз” дейт ал.
“Карындашым кайтыш болуп кетти”
– Аты-жөнүм Мурзабек Садыков, учурда 63 жаштамын. Туулуп-өскөн жерим Нарындын Кочкор районунун Мантыш айылы. 1987-жылдан бери үй-бүлөм менен Чолпон-Ата шаарында жашайм. Пенсияга чыкканга чейин курулуш тармагында иштеп жүрдүм. Байбичем экөөбүздүн 3 эркек, 2 кызыбыз бар.
1971-жылкы карындашым бар эле. 2 бөйрөгү иштебей калып, 10 жыл бою гемодиализ аппаратынын арты менен жашап жүргөн. Өткөн жылы ден соолугу абдан начарлап кеткен. Бир боорум болгону үчүн карап тура албай, аны “бир бөйрөгүмдү берем” деп операцияга көндүрдүм. Туугандар врачтар менен сүйлөшкөн экен, алар Түркиянын Анталья шаарынан жеке клиниканы таап, байланыштырышат. Ошентип биз ал жакка бардык. Даярдоо этабынан кийин бир учурда карындашым экөөбүзгө тең операция жасалып, менин сол бөйрөгүмдү алып, карындашыма салышты. Операцияга 50 миң доллар кетти. Врачтар “операция ийгиликтүү өттү” дешти. Бирок 10-15 күн өткөндөн кийин абалы начарлап, ага кан куя башташты. Карындашым өзү врач болгондуктан билиптир, операция жакшы болбой калганын. Анын жанында башка карындашым калып, мени операциядан кийин 18 күн дегенде Кыргызстанга кетиришти. Байланышып турдук. 1 ай өтпөй реанимацияга түшүп, ошол бойдон ал жактан чыкпай калды.
“Башында, бөйрөк үстүндө шишик бар экен”
– Келсем Майрамбек деген уулумдун 2020-жылы 3-январда туулган Салия деген кызы катуу оорудан абдан алсырап калыптыр. Ал уулум үй-бүлөсү менен Балыкчыда турат. Салия үй-бүлөсүндөгү үчүнчү бала. Диагнозу – 4-стадиядагы нейробластома (залалдуу шишик). Салия 2023-жылдын июнь айында ата-энесине ичи ооруп жатканын айтат. Аны Балыкчы шаарындагы ооруканага алып барышат. Ал жерден ички органдарын УЗИден өткөрүп, анализдерин алып, 1 күн хирургия бөлүмүнө жаткырышат. Андагы врачтар “заара кылуу жаатында маселе бар экен” деп айтышат. Тамчылатма дарыларды коюп, эртеси үйүнө чыгарышат. Үйүнө келгенден кийин Салия үйүндөгүлөргө кээде буту ооруп жатканын да айтат.
Келиним, Салиянын апасы ошол кезде кош бойлуу болгондуктан Бишкекке Салияны ала барып, өзү жеке клиникадан УЗИден өтөт. Салияны да УЗИден текшертсе, бөйрөк үстүндө шишик бар экени аныкталат. Бишкекке жеке клиникага барышса кызды невролог, ортопед жана педиатр текшерип, ички органдарын УЗИден өткөрүшөт. Жыйынтыгында гемоглобин төмөн чыгып, калгандарын жакшы дешет. Бирок толук текшерилүүгө Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жиберишет. Ал жерден гематолог, хирургдар текшерип көрүп, балдар онкологиясына баргыла дешет. Ал жактан анализдерин тапшыртат, башын компьютердик томографиядан өткөртүшөт. Жыйынтыгында башында, бөйрөк үстүндө шишик бар экени, шишик сөөктөргө, жилик чучугуна жана лимфа бездерине чейин жайылып кеткени билинет. Ошентип 2023-жылдын август айынан декабрга чейин Салия неберем 6 курс химиялык терапия алат.
“Түркиядан сөөк чучугун алмаштырышты”
– 2024-жылы Бишкектен бөйрөк үстүндөгү шишикти алуу үчүн операция жасашат. Ошондон кийин башындагы шишик кичирейет. Андан кийин да 4 жолу химия терапиядан өтөт.
2025-жылдын майында врачтар Салияга Түркиядан MIBG терапиясын алуу керектигин айтышат. Ошентип июнда Салияны ал жакка алып барышат, ошондон бери Түркияда дарыланууда. Ал жактан алгач башын магниттик-резонанстык томографиядан өткөрүшүп, сөөк чучугунан биопсия (үзүп алып текшерүү) алышат. MIBG терапиясы деген радиоактивдүү йод-131 дарысын венасына куюшат экен. Дары рак клеткасында топтолуп, аны ичинен бузуп талкалайт тура. Бул рактын өлчөмүн кичирейтүү, өсүүсүн жайлатуу үчүн керек экен. Түркиялык дарыгерлер ушинтип дарылашып, анан жыйынтыктар жакшы экенин, сөөк чучугун алмаштыруунун кереги жок экенин айтышат. Бирок кийин оору кайтып, рецидив башталып, 2 курс химия терапиясын алат. Сөөк чучугун алмаштырып бүтүшүп, учурда иммунотерапиядан өткөрүшүүдө.
“Кытайдан гендик инженерия ыкмасы менен дарылатуу керек”
– Түркиялык дарыгерлер учурда акча таап Кытайга алып барып, Car-T-клеткасы терапиясын алсаңар жакшы деп жатышат. Бул заманбап эң жаңы ыкма экен. Мында бейтаптын канындагы T- клеткаларын бөлүп алып, аны гендик инженериянын арты менен киллерлик клеткаларга айлантышат экен. Анан канына кайра аны куйганда рак клеткаларын өлтүрүп башташат дешти. Буга 165 000-275 000 доллардын тегерегинде каражат кетет экен. Анча акчабыз жок, кендирибиз кесилип турат.
Салия ооруп баштагандан тартып балам болгон нерсесин: үйүн, эмеректерине чейин сатып, эч нерсеси калган жок. Биз, туугандар да колдон келишинче жардам бердик. Бирок бул оңою менен айыкпай турган, көп каражатты талап кылган оору экен.
“Неберем сүрөт тартканды жакшы көрөт”
– Неберем Салия “Маша жана Аюу” мультфильмин көргөндү, фломастер менен сүрөт тартканды, пластилинден ар кандай нерселерди жасаганды жана куурчак ойногонду жакшы көрөт. Бирок ал ойногондун ордуна жашоо үчүн күрөшүп жатат. Химиотерапиялардан кийин Салиянын сүйлөөгө да күчү жетпей калат. Чынында неберем тамчылатма дарыларга, катуу ооруга карабастан, чыныгы баатырдай чыдап келет. Ал бир туугандарына, бизге кайта турган күндү күтүп жашоодо. Анын балалыгы, окуучулук күндөрү, кыялы сөзсүз болушу керек, ал жашоого татыктуу. Көптөгөн боорукер адамдар бириккенде кереметтер болот деп ишенебиз. Салиянын жашоосу азыр ар бир адамдан көз каранды. Ал жалгыз күрөшө албайт. Өтүнүч, аны сактап калууга жардам бериңиздер.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк: 0703 365036,
4177 4901 8412 5195
Оптима Банк: 0703 365036,
4169 5853 5389 2556
О!Банк: 0703 365036
Абанк: 9417 6994 4650 3333
Канымжан Усупбекова