Адам денесинин башкы тирөөчү – омуртка. Омуртка ар кандай себептер менен жылып кетиши мүмкүн. “Мындай олуттуу дарт адамды майыптыкка чейин жеткизип, төшөккө жаткырып коёт. Андыктан омурткаларга туура кам көрүп, этияттоо керек” дейт белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков.
Омуртка жылса, нерв кысылат
Адамда омурткалардын саны 33-34тү түзөт. Алардын милдети – жүлүндү коргоо, денени тик кармоо, ошондой эле чалкалоо, бурулуу, эңкейүү сыяктуу кыймылдарды камсыз кылуу. Омурткалардын жетиси моюн, он экиси көкүрөк, бешөөсү бел, бешөөсү куймулчак, төрт-бешөөсү чычаң омурткалар. Бири-бири менен кемирчек (диск) аркылуу кармалып турат. Омуртканын ортосундагы узун жүлүндөгү нервдер омурткадагы тешикчелерден чыгып, ар кимиси өзүнө тиешелүү ишти аткарат. Тактап айтканда, моюн омурткадан чыккан 8 жуп нерв көрүү, угуу, бет, тиш, калкан сымал безди, көкүрөк бөлүктөгү 12 жуп нерв кол менен ички органдардын баарын иштетет. Бел омурткалардан чыккан 5 жуп нерв жыныстык органдарды, табарсыкты, бутту, куймулчактан чыккан 5 жуп нерв сан, жамбашты башкарат. Чычаң омурткалардан чыккан нерв түз ичегини, көтөн чучукту башкаруу болуп эсептелет. Эгер омурткалар жылып кетсе, анда нервдер кысылып калат. Кысылган нервдин кан жана азык-заттар менен жабдылышы бузулат. Мындай нерв өзүнө тиешелүү органды калыптагыдай иштете албай калат. Натыйжада нерви кысылган омуртка ооруп, ал нерв башкарган органдарда оору жаралат.
Көбүнчө моюн, бел омурткалар жылып кетет
Илимде көбүнчө моюн, бел омурткалары жылып кетери белгилүү. Ал эми төш омурткаларды кабыргалар, куймулчак менен чычаң омурткаларды жамбаш сөөк кармап турат жылдырбай. Дартты травматолог-ортопед, невролог же омурткалар боюнча врач – вертобролог дарылайт. Эгер операция жасаоо керек болсо, анда нейрохирургдун да жардамы керектелет. Акыркы жылдарда сыртта оор иштерде иштеп жүргөн мекендештерибизде көп жолугууда. Убагында дарыланбаса бут, табарсык, ичеги жакшы иштебей же такыр эле иштебей калат. Омурткалар 4 багытта жылат: алдыга, артка, капталга жана тепкич сымал болуп.
Омуртка жылганда...
Моюн омуртка жылса, анда алгач кол муздап, чымырап, уюп оорутуп, бара-бара жакшы көтөрүлбөй, жакшы иштебей калат. Мээге кан жакшы жетпей, баш ооруйт. Ошондой эле моюн, желке да оорутат. Көкүрөк омурткалар жылса жүрөк, өпкө, боор, бөйрөк, ашказан-ичегинин иштөөсү бузулат, оорулар жаралат.
Бел омурткалар жылып кетсе, анда омурткадан тышкары бут уюп, чымырап ооруйт. Оорутуу басылбайт. Адам бир орунда көпкө тура жана отура албай ойдолойт. Көп басканда жана оор көтөргөндө оору күчөйт. Бара-бара бут жакшы иштебей калат. Адам бат-бат заара ушатып, улам дааратканага чуркайт. Эркектердин бел күчү начарлайт жана башка.
Куймулчак-чычаң омурткалары жылса, жамбаш ооруйт, отуруу, жатуу, басуу кыйындайт. Мындан тышкары бардык түрүндө бир жакка кыйшайып басып калуу, булчуңдардын чыңалып турушу да байкалышы мүмкүн.
Оорунун 4 түрү бар
Тубаса түрү. Айрым балдарда 5ке чыккандан кийин деле омурткаларынын арты – кемирчек бөлүгү сөөккө айланбай ошол боюнча калып кетет. Андыктан омурткалары тубаса алсыз болот. Алар оор жумуш кылбай, оор атлетика менен алектенбеши керек. Ич, бел булчуңдарын чыңап, омурткалардын жылып кетпешине кам көрүүлөрү зарыл.
Кесипке байланыштуу түрү. Мисалы, дайым оор жумушта иштегенде, оор көтөргөндө, оор атлетика менен машыкканда омурткалар ортосундагы кемирчек жешилип, омурткаларды кармай албай калышы мүмкүн. Компьютерде көп жылдап моюнду алдыга созуп иштөө да себеп болот. Анткени баштын салмагы 4,5-5,5 килограмм болгондуктан аны алдыга созуп көтөрүп туруу үчүн моюн омурткаларга күч келет да акырындап алдыга жыла баштайт.
Жаракатка байланыштуу түрү. Автокырсыкка кабылуу, бийиктен кулоо жана башкалар себеп болот.
Ооруга байланыштуу түрү. Буга остеохондроз, остеопороз, кургак учук, онкологиялык оорулардын таасиринен улам жылышуу кирет. Кээде мурун омурткаларга жасалган операция да себеп болот.
Диагноз үчүн...
• Омурткаларды 3 проекцияда тартуу.
• Миелография. Мында нервдер канчалык кысылып калганы аныкталат. Жүлүн суусунан пункция алынып да текшерилет.
• Компьютердик томография. Омуртка сөөктөрдүн абалы аныкталат.
• Магниттик-
резонанстык томография.
Дарттын 3 даражасында операция жасалат
Омуртканын жылышынын 4 даражасы бар жана ошого карап дарылашат.
1-даражада омуртка 0-25 пайызга чейин жылат жана муну консервативдүү дарылоого болот. Дарылоо ичине оорутууну басуучу, сезгенүүнү кетирүүчү, физиодарылоо, омуртка булчуңун чыңдоо үчүн дарылык физкультура, сууда сүзүүнү камтыйт. 2-даражада омуртка 25-50 пайыз жылат жана дарылоо хирургиялык ыкма менен ишке ашырылат. Операция 100 пайыз айыгууга кепилдик берет.
3-даражада омуртка 50-75 пайыз жылат. Операциядан 80 пайыз гана айыгууга кепилдик бар.
4-даражада омуртка 75 пайыз жана андан көп жылат, айыгууга 20-30 пайыз гана кепилдик берилет. Операциядан кийин ооруканада дары-дармектер менен кошо витаминдер, микроэлементтер топтому да сунушаталат. Ортопедиялык корсет да кийилет (врач айткан мөөнөткө чейин).
Калыпка келүү
Бейтап ооруканадан чыккандан кийин убак-убагы менен врачка көрүнүп, жазылган дарыларды ичип, үйрөтүлгөн көнүгүүлөрдү жасап турат. Суукка урунуудан качып, оор көтөрбөшү керек. Эң жакшысы – реабилитациялык медициналык борборго, санаторийге, курортко барып дарылануу. Омуртканын андан ары да жылып кетпеши үчүн врачтардын көрсөтмөлөрүн так сактоо зарыл.
Канымжан Усупбекова