Корей сериалдарын сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн буруп, жогорку рейтингдерди багындырып жаткан дорамалардын бири – “21-кылымдын ханзаадасынын жубайы”. Бул сериалда баары бар, сулуулук, мода, монархиялык бийлик, ак боз атчан ханзаада, көрө албастык, коркуу, таарыныч... Негизгиси долбоордо башкы каармандардын ролунда актёр Пён У Сок жана актриса АйЮ. Жылдыздуу актёрлор тасманын ийгилигинин бир учу гана. Дорама аягына чейин жогорку рейтингде кармалуусу үчүн көп нерсе керек...
Тарткан өлкө: Түштүк Корея
Чыккан жылы: 2026-жыл, 10-апрель
Канча серия: 12
Жанры: драма, мелодрама, комедия
Режиссёру: Пак Чун Хва
Сценаристи: Ю Жи Вон
Башкы ролдордо: Пён У Сок, Ли Жи Ын (АйЮ), Но Сан Хун жана башка
Пак Чун Хва: “Буюрса, баарыбыз жылдыз болобуз”
Кино дүйнөсүндөгү негизги каарман – актёрлор эмес, режиссёр деп айтылат. “21-кылымдын ханзаадасынын жубайы” дорамасында дал ушул негизги роль режиссёр Пак Чун Хвага тийген. Буга чейин анын колунан “Алхимия душ” (2 сезон) жана “Душманыңды сүй” аттуу популярдуу дорамалар чыккан. Кезектеги эмгегин – “21-кылымдын ханзаадасынын жубайы” дорамасын тартып бүтүп, монтаждап жатканда режиссёр тартуучу топко жана актёрдук курамга тамашалап “буюрса, баарыбыз жылдыз боло тургандай эмгек жараттык” деген. Буюрса, болсун дейли.
Сценарист веб-роман чыгарат
Эми дораманын сценарийине келсек, дораманын алгачкы серияларында ханзаада Ли Ан менен бизнесмендин кызы Сон Хи Жунун окуучулук мезгилине кайткан эпизоддор бар экенин көрдүк. Демек, экөөнүн бири, тагыраагы, ханзаада ошол кезде эле кызга “көз салып” жүргөн деген тыянак чыгарсак болот. Бул тыянакты сериалдан көрөбүзбү, ким билет, бирок сценарист Ю Жи Вон ушул жылдын май айынан баштап “21-кылымдын ханзаадасынын жубайы: Падышалык мектепте” аттуу веб-романын жарыялай турганын жар салды. Китеп ханзааданын сезимдери кантип жаралганы, кантип тереңдегени, мектеп жашоосу тууралуу суроолорго жооп берет жана дорамада камтылбаган окуялар чагылдырылат дешет авторлор.
Ханзаада менен соодагер кыздын махабаты
Дораманы көрүп баштай элек болсоңуз, сиз үчүн спойлер.
Болбой турган сүйүү, болууга мүмкүн эмес сүйүү... Анткени экөө эки башка дүйнөнүн адамдары, карама-каршы статустун катмарында жашагандар. Заманбап Кореяда конституциялык монархиялык бийлик өкүм сүрөт жана анда падышалык үй-бүлө башкарат. Ли Ан – эли жакшы көргөн, кадыр-барктуу, бирок үй-бүлөсүндө кабыл алынбаган ханзаада. Анда ханзаада деген титулдан башка эч нерсе жок. Падыша каза болгондон кийин анын кичинекей баласы мураскер аталып такка отурган да, жаш падышанын регенти катары Ли Ан көрсөтүлгөн. Бирок анын регент болуусунан жаш мураскердин апасы, канайым коркот, бийликти, такты тартып алышы мүмкүн да. Ошондуктан Ли Анды эртерээк үйлөнтүп, хан сарайдан кетирүү планы бар.
Ал эми Сон Хи Жу байдын кызы, амбициясы бийик, өжөр, эмгекчил, талапты катуу койгон кыз. Ал косметика жана кийим чыгарган компанияны жетектейт. Кыйын бизнесмен катары падышалык үй-бүлө өткөргөн кечелерге чакыруу да алат, бирок орду дайыма “босого” жакта. Миң кыйын болсо да ал аристократ эмес, карапайым статустагы адам. Буга Сон Хи Жунун табияты макул болбосо да, айласыздык курчап турат. Кошумча атасы да өзүнө жакпаган адамга эртерээк турмушка узатууга аракет кыла берет. Буга макул болбогон кыз күйөөнү өзү табууну чечет, бутага ханзаада Ли Анды илет. Бирок ханзаада оңой курмандык эмес. Акыры экөөнү курчалган айласыздык абал биригип иштөөгө – фиктивдүү нике курууга жеткирет. Анан? Калганын чогуу көрөбүз.
Disney+ 4-орунда
Сериалдын алгачкы 2 сериясынын рейтингин карасак, дүйнөлүк Disney+ платформасында 4-орунду ээлеген. Андан сырткары 40 өлкөнүн ТОП-10 рейтингинен орун алган. Лидерлик саптарды Гонконг, Япония, Сингапур, Корея жана Тайвань берген.
Биринчиси эмес...
Пён У Сок менен АйЮнун тандеми жарыяланганда эле чыга турчу сериалды күткөндөр көп эле. Эмнеге? АйЮ атактуу ырчы, ошону менен катар кино дүйнөсүндө да эбегейсиз салымы бар актриса. Анын катышуусундагы “Корёнун алоолонгон жүрөктөрү”, “Дель Луна” мейманканасы”, “Жашоо мандарин бергенде...” сыяктуу хит дорамаларды сиз дагы көрсөңүз керек. Ал эми Пён У Сок 2024-жылдын популярдуу “Сон Жэни карма да, чурка” дорамасында жылдызы жанган. Ал дорамадан кийинки кайтуусу “21-кылымдын ханзаадасынын жубайы” болду. Анан ушундай актёр-актрисанын тандеми кызыгуу жаратпай койбойт эле.
Бирок бул экөөнүн биринчи тасмасы эмес. 2016-жылы чыккан “Корёнун алоолонгон жүрөктөрү” дорамасында бири курмандыктын, бири аны сатып кеткен жигиттин образын жаратышкан. 10 жылдан кийин кайрадан биригип, бул ирет сүйүшкөн каармандардын ролун аткарышууда. Мурда тааныш болуу, чогуу иштешип көргөн тажрыйба жана бир куракта болуу азыр пайдасын берип жатканын, ошондуктан да каармандардын ортосундагы “химия” жакшы болорун белгилешет АйЮ менен Пён У Сок.
АйЮ ханзааданын ролуна Пён У Сок бекитилгенин укканда тартылууга дароо макулдугун бергенин айтып күлсө, Пён У Сок да АйЮ башкы каарман экенин билип дароо макул болгонун айткан. Ал эми калган актёр-актрисалар башкы каармандардын атын укканда, алар түшкөн арабага жармашып калышканын айтып тамашалашкан.
Бүтпөгөн өбүшүү...
Дорама тартылып жаткан учурдагы кызыктуу окуялар менен бөлүштү каармандар. Кызыгы, бул өбүшүү сценасы экен. “Бир серияда ханзаада Ли Ан менен Сон Хи Жу өбүшкөн эпизодду тартуу учурунда күн аябай ысык эле. Ошого карабай Ли Андын кийими калың болчу, менин үстүмдө да калың баркыттан тигилген көйнөк. Анан ошондой ысыкта экөөбүздүн тең беттерибиз, мурдубуз тердей берди. Өбүшкөндө мурдуң, кээде бетиң тийишет да. Улам макияж бузулуп калат, кайра оңдошот... Ошол эпизоддо канча жолу өбүштүңөр дейсиңерби? Чексиз жолу...”- дейт күлүп жооп берген АйЮ.
Асыл Орозбекова