Өзгө да, конокко да жаккан, жасалышында колду кармабай кожойкеге да жаккан палоо же аш басууну өздөштүргүсү келгендер үчүн бул ашкананы даярдадык. Бул рецепттердин ар бири жергиликтүү ашпоздордон алынып жазылды.
БАТКЕН АШЫ
Керектелүүчү азыктар:
Баткен күрүчү – 500 грамм
Кой эти – 500 грамм
Сары, кызыл сабиз – 400-500 грамм
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 баш
Зире – 0,5-1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 200 миллилитр
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Баткен күрүчү башка сортторго караганда сууну көбүрөөк талап кылат, ошондуктан тамакка жарым килограмм күрүчкө 600-650 миллилитр суу куюу кажет. Баткен күрүчүн муздак суу менен таза жууп, жылуу суу куюп жарым саатка коюп коёбуз. Башка күрүч сорттору болсо суу ичишине, бышышына жараша сууга чылайбыз же чылабайбыз.
1. Этти чоңураак туурайбыз да, сөөктөрү болсо эттүү калтырабыз. Пияз жарым шакек, сабиз керте тууралат.
2. Казанга май куюп, ысыган кезде эттүү сөөктөрдү салып кызартабыз. Эми пияз салып, ал кызарганда тууралган этти салып кууруйбуз. Сабиздин жарымын салып, туз, зире себелейбиз. Муну да бир аз кууруп, суу куюп, анан калган сабизди салабыз.
3. Казандагы суу кайнап чыкканда тиштерге ажыратылбаган таза сарымсак башын салып, казандын капкагын жаап, 20-30 мүнөт кайнатабыз. От өтө күчтүү болбошу керек.
4. Эми үстүнө күрүчтү тегиз жаткызабыз, аралаштырбайбыз. Отту жайлатып, капкагын жабабыз. 5 мүнөт сайын 3-4 жолу күрүчтү гана акырын аралаштырып, капкагын жаап коюп турабыз. Андан соң гана 20 мүнөткө ачпай бышырабыз.
ӨЗГӨН АШЫ
Керектелүүчү азыктар:
Өзгөн күрүчү – 500 грамм
Куйрук май – 200 грамм
Кой эти – 500 грамм
Пияз – 1 баш
Сары сабиз – 500 грамм
Ачуу калемпир (огонёк) – 2 даана
Туз, зире – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Куйрук майды ичке туурап, ысып турган казанга салабыз. 10-15 мүнөттүн ичинде куйрук май сызгырылып чыгат. Сызыгы кызарганда чыгарып салабыз, андан карарып кетсе майга даамы чыгып калат. Эми пиязды салып кызарта кууруйбуз.
2. Аркасынан этти салып, ал да тегиз куурулганча улам аралаштырып турабыз. Үстүнө керте тууралган сабизди салып азыраак кууруп, бир литр суу куябыз. Өзгөн күрүчү сууну көп талап кылат. Ошондуктан өзүнөн эки эсе көп өлчөмдө суу куюу кажет.
3. Өзгөн күрүчүн таза жууп, жарым саат мурун сууга чылап коёбуз.
4. Казан жарым сааттай кайнаган соң күрүчтү салып бетин жаба жаябыз, аралаштырбайбыз. Суусу сорулганча күтөбүз. Сорулган соң отту жайлатып, ачуу калемпирди үстүнө салып, казандын капкагын жаап демдеп коёбуз. 15-20 мүнөт демделип бышат.
ӨЗБЕК АШЫ
Керектелүүчү азыктар:
Уй эти – 550 грамм
Куйрук май – 190-200 грамм
Пияз – 2 баш
Сабиз – 500 грамм
Сарымсак – 1 баш
Узун күрүч түрү – 450 грамм
Нокот – 150 грамм
Мейиз – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 100-150 миллилитр
Туз, кориандр, зире – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Нокотту бир түн жылуу сууга чылап, анан жууйбуз. Мейизди да жарым саат мурун жылуу сууга салабыз.
2. Ысып турган казанга май куюп, орточо көлөмдө тууралган куйрук майды салып, сары түскө келгенче сызгырабыз. Сызыкты чыгара турабыз да, чоң-чоң тууралган этти салып кууруйбуз. Эт өңүн өзгөртүп эки тарабынан тең куурулуп чыкканда жарым шакек тууралган пиязды жана чыгарып койгон куйрук майдын сызыгын кайра салып, отту жайлатып, аралаштырбастан капкагын 5 мүнөткө жаап коёбуз.
3. Эми сабизди салабыз, тегиз жайып, капкагын жаап 20 мүнөткө демдейбиз. Жай отто демделет. Үстүнө нокот, мейиз, зире, кориандр салып, капкагын жаап 10 мүнөткө коёбуз.
4. Булардын үстүнө жуулган күрүчтү (эгер кеч бышуучу түрү болсо жарым саат мурун сууга чылап коюу керек) салып, үстүнө туз себелеп, кайнап турган суу куябыз. Суу күрүч көп көмбөгүдөй куюлат – болжолдуу 400-500 миллилитр. Отту чоңойтуп, 10 мүнөттөй күтөбүз да, отту жайлатып, ортосуна сарымсакты жайгаштырып, буу чыгарбай 20-30 мүнөт демдейбиз.
5. Бышкан соң тарелкага да катары менен – алгач күрүч, андан кийин калган азыктарды салып, бышкан жумуртка кесимдерин, сарымсак салып дасторконго узатабыз. Майрамдык өзбекче жасалган аш даяр!
ЖЕҢИЛ АШ
Керектелүүчү азыктар:
Уй же кой сулп эти – 400 грамм
Ташкент лазер күрүчү – 500 грамм
Сабиз – 500 грамм
Пияз – 1 баш
Өсүмдүк майы –200 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Казанга өсүмдүк майын куюп, ысып чыкканда орточо тууралган этти салып кууруйбуз да, казандын капкагын жаба турабыз. Эттин ширеси чыгып сорулуп кеткенче күтөбүз, да пиязды жана татымына жараша туз, татымалдарды салып кууруу керек. Артынан сабизди салып аралаштырып эле, 500-550 миллилитр суу куябыз.
2. Суу кайнап чыкканда таза жуулган күрүчтү салып аралаштырып, капкагын жаап, суусу сорулганча күтөбүз да, отту жайлатып 30 мүнөткө чейин демдеп бышырабыз.
Асел Ишенбай кызы