Биз социалдык тармакта

СУУ КУДАЙЫ ПОСЕЙДОН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР 

Байыркы грек уламыштарында сууга байланыштуу дагы бир Кудай бар, ал – Посейдон. Титан Кудайы Кронос менен Реянын уулу, чагылган Кудайы Зевстин агасы. Жогорку олимпиадалык Кудай жана океан, деңиздердин башкаруучусу, көзөмөлдөөчүсү. Көптөгөн шаарлардын колдоочусу жана коргоочусу болгон. Титандардын дүйнөнү бөлүштүрүү согушунда ага суу стихиясы тиет. Ал өзүнө чейинки 3 суу Кудайын катардан сүрүп чыгарып, башкы Кудай болуп калган. Деңиздин түбүндө кымбат сарайдын ичинде жашоо кечирген. Үч тиштүү айры сымал сыйкырдуу аса таягы менен суу үстүндө катуу шамал, толкундарды пайда кылып, суу түбүндөгү аскаларды уратып турган. Жер бетинде ал таягы менен урган жерден булак жаралып турчу деп айтылат. “Посейдон” аталышы окумуштуулардын божомолунда “мырза”, “суунун кожоюну” деген маанини бериши мүмкүн. 

Иниси Зевстен үстөмдүктү талашып турган

Посейдон туулганда атасы Кронос аны жутуп, ичине катып алат. Кийин Зевс атасынан баланы эркиндикке чыгар деп талап кылганда чыгарат. Чыккандан кийин эле кеме жаратат. Шаарларга ээлик кылуу үчүн башка Кудайлар менен оюн ойноп, мелдешип турган. Мисалы, Аттика үчүн ал кайсы бир Кудай менен мелдеше кетет. Аса таягы менен жээкти урганда сүйлөшүлгөндөй башка нерсе эмес, ат жаралып калат. Утулуп калганына жини келип Аттиканы сууга чөктүрмөк болгондо иниси Зевс токтотуп калат. Ошентип дагы бир канча шаарлар үчүн мелдешип, утулуп кала берет. Болгону легендарлуу Атлантида анын жана анын мураскорлорунун ээлигинде болот. Бирок кайсы бир себептер менен Афина менен болгон согушта Атлантида океан түбүнө чөктүрүлөт.

Посейдон өзүн иниси Зевске теңеп, андан үстөмдүктү талашып турган. Ага каршы согушка да катышат. Утулуп калышат да, Фетида тарабынан куткарылышат. Кудай Аполлон менен кошулуп, Троянын дубалдарын тургузушат. Бирок анын шаар башчысы булардын акыларын бербей койгондо Посейдон деңиздин адамдарды жечү түрү суук эң чоң жандыгын жиберет. Кыргынды уккан Геракл барып аны өлтүрүп, элди куткарат.

Суу Кудайы болгонго суу менен жерди нымдандырып, өсүмдүктөрдүн көбөйүшүнө салым кошкондугу үчүн аны сыйлашкан. Атты алгач ал жараткандыгы жана жылкычылыкты пайда кылгандыгы үчүн адамдар да ага карыз делинет. Адамдар Посейдонду деңизде ат арабада аса таягы менен кетип бараткан орто жаштан өткөн узун чачтуу, чоң, күчтүү эркек катары элестетип, сүрөтүн тартышкан.  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1218, 24-30-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан