Фестиваль – ырчы үчүн чоң жоопкерчилик, изденүү жана өзүн-өзү өстүрүү. Ар бир жаңы сахна, жаңы аудитория ырчыдан жаңы дем, жаңы деңгээл талап кылат. Каарманым, бир топ эл аралык сынактарга катышып байге алып жүргөн таланттуу ырчы Бек Исраилов муну жакшы билет. Ырчы мырза менен дагы бир жолу кенен баарлаштык.
– Бек мырза, эмнегедир чарчаңкы көрүнүп турасыз, көп иштеп жатасызбы?
– Акыркы убактарда бир кызыктай эле болуп жүрөм. Ооба, иштеп жаңы ырларды элге тартуулап жатабыз. Ал бир жагы. Экинчи жагынан уйкуну бир калыпка салуу кыйын болууда. Күн менен түн алмашып кетет кээде, бардык эле ырчыларда ушундай болуш керек. “Студияларда ыр жаздыруу эмнеге түндө болот?” деген суроо берилет кээде, анткени үн кечинде ачылат. Түндө илхом келеби же ырчы менен түн доспу, билбейм (күлүп).
– Фестивалдарга көп катышып жүрөсүз, бул түйшүктүү иш сиз үчүн абдан маанилүү десек болобу?
– Менин ырчылык стилим ушундай да. Бала кезден эле фестивалдык ырларга ыктап чоңойдум. Ушул нерсе менин колумдан жакшы келет. Ооба, түйшүгү көп жана оор, анткени өзүм үчүн эле эмес, кыргыздын желегин желбиретиш үчүн барам сынактарга. “Сен мекениң үчүн эмне кылдың?” деген баналдуу суроо бар го? Мен мекенимдин желегин көп өлкөдө желбиреттим деп так айта алам. Бул чоң сыймык мен үчүн, түйшүктү башыма үйгөнүм да ушул себептен.
– Ошол нерсе бааланып жатабы? Мамлекет же эл тараптан...
– Биринчиден, сынак, фестивалдардан чоң тажрыйба топтодум. Бирок бааланбай эле келе жатат. Башка өлкөлөрдө спортчулар менен маданий ишмерлердин эмгеги бирдей бааланат, ал эми бизде спортчулардыкы эле бааланып жаткандай. Жалпы эл, күйөрмандарым абдан баалап, мотивация беришет, көп учурда мени ушул куткарып кетет. Эл аралык деңгээлде жүргөн ырчыларга мамлекет да колдоо көрсөтсө жакшы болмок. Эл аралык сынакка катышкан кыргыз ырчыларынан мен рекорд койдум десем жаңылбайм, анткени дээрлик көп сынактарга катышып, жеңишке жетиштим.
– Эл аралык сынактардын бирине катышкан ырчы Бегимай Турусбекова кыргыз ырчыларына бут тосуулар көп болорун билдирди эле. Сизде болгонбу андай учур?
– Сынактардын ушундай да жагы бар. Талантка карабай, кайсы мамлекет күчтүү болсо, ошонун ырчысын жактап туруп алышат. Мындай бут тосуулар болот, менде да бир нече жолу болгон. Эртең сынак деп турганда даярданган ырларымды жаратпай коюшуп, “ушул ырды ырдайсың” деп башка ырды берип коюшкан. Бирок түнү менен репетиция кылып ал ырды деле жакшы ырдап чыккам. Кудай эң жоопкерчиликтүү учурда колдоп кеткен. Дагы ушундай бир топ окуялар болду, ошого карабай өжөрлөнүп көбүндө жеңишке жетиштим.
– Баарынан чарчаган же тажаган убактар болуп турабы?
– Азыр ошондой абалдамын, эмнеден экенин так айта албайм. “Интервидениеден” келгенден кийин бир топ ыр жараттым, эл орточо кабыл алды. “Мен, балким, сынактарда эле жүрүшүм керекпи? Хит жарата албайт окшойм” деген ойлор келүүдө. Мындай абалда үйдөн 3-4 күн такыр чыкпай коём. Эргүү жок, маанай жок. Кээде ырдай аларымды да унутуп калып, бир ырды угуп жатканда кошулуп ырдап кетип, ошондо ырчы экенимди эстеп калам (күлүп). Күнүгө ырдап, ырчымын деп жашоо мага кыйын. Башка ырчылардай менде күндө той эмес, бир жумада ашып кетсе эки жолу гана тойго барам.
– Ар кимге жашоодо ар кандай сыноо берилет. Сизди тагдыр кантип сынады же сынап жатат деп ойлойсуз?
– Сыноолор көп эле болду жашоодо. Жараткан жакшы көргөн пендесине сыноо жиберет тура. Мени жашоо бала менен сынады, жубайым экөөбүз балалуу боло албай жүрөбүз. Алгачкы убактарда келинчегим экөөбүз катуу кыйналганбыз. “Эмнеге биз?” деген суроо келген, азыр эми акыл токтотуп калгандыктанбы, жеңилирээк кабыл алабыз. Буюрган күнү балалуу болобуз деп коём. Чыгармачылыкта ушул сынак тармагын тандап алганым да сыноо болду. Анткени чет жакта жүрүп, күчтү ошол жакка кетирип жаткан үчүн финансылык жактан кыйналдым. Үй алуу, үй-бүлө каржылоо жагы түйшүк болду. Машинам жок эле, барчу жерге коомдук транспортко түшө калып эле жете албайсың. Азыр шүгүр, каржылык абалым акырындан оңолуп келе жатат. Эми хит ырларды, автордук ырларды жараткан ырчы болгум келип, максат коюп жатам.
– Ата-энеңиз да чыгармачыл инсандар. Сиздин жолуңузга алардын таасири кандай болду?
– Ата-энемдин таасири чоң. Алар болбосо бул деңгээлге жете алмак эмесмин. “Backstreet Boys” тобунун ырларына фанат элем кичинемден, бүт ырларын жаттап алгам. Англисче билчү эмесмин, бирок ырдаганда так өзүндөй ырдачумун. Бир жолу атам үйгө кымбат магнитофон сатып келди, анын микрофонун алып ырдап жатсам, үйдөгүлөр көрүп калышты. Апам “сен жакшы ырдайт турбайсыңбы, ырдап көрчү” деп калды. Аябай уялчаак бала болчумун, эптеп ырдап бердим (күлүп). Ошону менен кетти, апам үйгө ким келсе эле кууратып мени чакырып ырдата берчү эле. Бетим кыпкызыл болуп кетчү. Ошентип гитара чертип, 3-4-классымда ырдап жүрдүм. Кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып калдым, дароо жолум ачылды. Атам “досторуң менен ырдап чык, менде аппаратура бар” деп калды, үч дос элек, Миңжашар Мырзаев, Айбек Бакытбеков болуп кабактарда ырдай баштадык. 16 жаштабыз, атам башында көзөмөлдөп жүрүп, кийин өзүбүзгө койду. Ошону менен үчөөбүз Бишкектеги бардык ресторанда ырдап чыктык. Эмнегедир жумушка кабыл ала беришчү, бизге жакпай калса башка жакка кетип калчубуз. Кабактарда ырдап жүрүп үнүбүз калыптанды. Орус ырчысы Сергей Лазерев бир жолу “силердин өлкөдө үндү тарбиялап чыга турган бир мектеп барбы? Кыргыздар бардык жанрда, бардык тилде кыйналбай ырдап кете бересиңер” деп таң калды.
– Жашооңузда сизди өзгөртүп жиберген окуя болдубу?
– Бир окуя болду. Мен анда “Славянский базар” сынагына даярданып жаткам. Ага чейин сегиз жылдай эч бир сынакка катышкан эмесмин, кээде “менден ырчы деле чыкпайт окшойт” дегенге чейин барып, өзүмдү таштап салчумун. Ошол сынакка бардым, мени беларус эли аябай жакшы кабыл алып “вау, вот это талант” дешип жогорку баа беришти. Ошол нерсе менин өзүмө, жашоомо болгон көз карашты өзгөрттү десем болот. Ушундай дем беришкен экен, кийин катарынан үч сынакка катыштым. Баары жогорку деңгээлдеги сынактар эле. “Интервидение” мен үчүн олимпиададан медаль алгандай эле сыймык болду десем болот.
– Бар болуңуз! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Нуржамал Жийдебаева