Сары чырмоок – тамыры, жалбырагы жок, жип сымал узун сабагы гана бар 1 жылдык мите өсүмдүк. Гүлдөрү майда, агыш, кызгылт, жашыл түстүү, уругу бир нече жыл өнүмдүүлүгүн жоготпойт. Мекени – Түндүк Америка жана Африка. Жер жүзүндө 200дөй, Кыргызстанда 6 түрү кездешет. Уругу жана үзүлгөн сабагы аркылуу көбөйөт. Тамыры болбогондуктан, топурактан азык заттарды жана сууну соруп ала албайт. Андыктан өзү жармашып өскөн өсүмдүккө мителик кылат. Мисалы, огороддогу жашылчалар: картошка, кызылча, бадыраң, помидор, пияз ошондой эле малина, беде, жүгөрү жана башкаларга. Тактап айтканда, өсүмдүккө чырмалып алып, андан ширени атайын өсүндүлөрү менен сорот. Ошентип алардын өсүүсүн кечеңдетип, түшүмүн азайтат. Өсүмдүк акыры соолуп калат. Сары чырмооктун уусу өсүмдүктөр гүлдөп жана уруктап жаткан кезде пайда болот. Ал чырмалып алган тоют өсүмдүктөрү чапкандан кийин көгөрүп кетип, аны жеген мал ооруп калышы ыктымал.
Жок кылуучу ыкмалар
Биринчиси – агротехникалык ыкма. Көбөйүп кетпеши үчүн ал пайда болгонун көргөндө эле жулуп, өрттөө зарыл. Эгер кечирээк байкап калсаңыз, анда ал чырмалган өсүмдүктү кошо жулуп өрттөө керек болот. Жерде жулунган кичинеси калып калса кайра өсө турганын эске алып, тегеректи жакшылап кароо сунушталат. Кандай болсо да уруктары бышып жетилгиче жок кылууга үлгүрүү оң. Сары чырмооктун тамыры жок, андыктан уругу жердин бетинде гана өсө алат. Терең топурактын астында калса өсө албайт.
Экинчиси – гербициддер менен жок кылуу
Буларды колдонуудан мурун ал каражаттар маданий өсүмдүктөргө да зыянын тийгизиши мүмкүн экенин эске алуу оң. Андыктан аларды огородго жашылчаларды тиге электе чачуу туура. Жаш чырмоок гүлдөп калгандарына караганда бат өлөт. Гербицидди сары чырмооктун сабактары ным болуп турган кезде, мисалы, жамгыр жаагандан кийин же сугарган соң чачса таасири жакшы болот.
Гербициддерден раундап, торнадо, гелиос, ритм, файтер, бриг, лазурит, дикват жана башкалар бар. Булардын колдонмосу сыртында жазылып турат. Мисалы, файтер, бриг, лазурит жашылча, беде, жүгөрү себилчү жерге чачылат. Ошондой эле картошканын өнүп чыгышына 2-5 күн калганда чачылат. Чырмоокту жок кылууда аны жулуп тазалоо менен бирге гербицид чачса натыйжасы жакшы болот.