Биз социалдык тармакта

Айпери Кулбаева, ырчы: “БАЛА КЕЗДЕН КАЛП АЙТА АЛБАЙМ”

Белгилүү ырчы Айпери Кулбаева менен балалыкка саякаттайлы. Аксыда өткөн балалыгы, кара жумушка бышып өскөнү, спортко жакындыгы жана башка толгон-токой кызыктарды айтып берди маектешим. Жасалмасы жок, өзү айтмакчы, болгонун болгондой айтты. 

 

“Эркек мүнөз болуп чоңойдум”

– Менин таттуу балалык кезим Аксы районунун Жерге-Тал айылында өттү. 5 бир тууганбыз, 2 кыз, 3 бала. Атам биология мугалими экенине карабастан мектепте кол эмгек сабагынан сабак берип жүрдү. Апам башталгыч класстардын мугалими.

Окуй элегимде негедир бала бакчага барбадым. Атам, апам, агам, эжем күндө мектепке кетишет. Окуй элек үчөөбүздү үйгө камап, сыртыбыздан кулпулап коюшат. Качан келишет, келишсе сыртка чыгып ойнойт элек деп терезеден жолду телмире карай берчү адатыбыз бар эле. Үйдү, албетте, 3 сапырып ойнойбуз.

Мен 2 уулдун ортосунда өскөнүм үчүнбү, эркек балдар менен көбүрөөк ойноп, эркектей өсүп калдым. Агам менен атамдын инисинин баласы менден жашырынып бир жакка жөнөшсө, билип калсам, артынан чуркап “токтогула, мен да барам” деп кыйкырып ээрчип алчумун. Ошентип эркектей шар жүргөн, убадага так, жоопкерчиликтүүлүк сапатым кичинемден калыптанды.

 

“Атам каратэ, айкидо менен машыктырган”

– Менин ырдап, "Манас" айтып, чыгыш уруш өнөрлөрү менен алектенип чоңоюшума ата-энемдин таасири тийди. Кичине кезибизде атам бизди, балдарын тегерете отургузуп алып "Манас" айтып берчү. Эс-тутумум жакшы болгондуктан угуп жүрүп, эпостун саптарын жаттап, кол жаңсоолору менен дикциясын үйрөнүп алдым. "Манасты"  улуу агам да айтчу. 6,5 жашымда 1-класска бардым. Мектептеги кайсы бир иш-чарада атам, агам үчөөбүз катар отуруп алып, кезектешип "Манас" айттык. Элден сүрдөдүмбү билбейм, айтор, өйдө жакта кичинекей терезе бар экен, ошону тиктеген бойдон айткан элем.

1995-жылы бардык жерде “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө башталды. Ошондо райондук окуучулар сынагында "Манас" айтып, 1-орунду алдым. Анан атам, агам үчөөбүз Таласта өткөн “Манас-1000” иш-чарасына катышууга жолдомо алып, барганбыз. Ошондо кичинекейлер арасында 1-орунду мага ыйгарышты. Ага чейин бир топ такшалып калган элем да.

Атамдын дагы бир өнөрү – чыгыш уруш өнөрлөрү: айкидо, кунг-фу, ушу, каратэ менен машыкчу. Азыркы күнгө чейин жашы 75тен ашса да ден соолук үчүн деп машыгат. Атам балдарынын баарын аталган спорт түрлөрүнө машыктырып үйрөтүп чоңойтту. Мени өзгөчө көңүл буруп машыктырды. Жыгачтан кылыч жасап, лактап, аны менен чабышуу өнөрүн да үйрөттү. 1-классымда Алиппе майрамында кылычта ойноп чыкканым эсимде.

 

“Усталарга ырчы катары таанылып...”

– Ырчылык өнөр мага апамдан өткөн. Кичинемден ырдап баштадым. Чоңойгондо ырчы болом деп оозумду кызыл помада менен боёп, коңшулардын кыздарын чогултуп алып, таш же дөңгөчтүн үстүнө чыгып алып заңкылдап ырдап концерт коюп берчүмүн. Апамды мугалимдердин отурушуна 2 ирет ээрчип барып, апамдын кубулжутуп ырдаганы угуп, суктангам. Ырдаган ырларын жаттап алып ырдап да жүрдүм.

Кичине кезимдеги бир окуя азыркыга чейин эсимде. Коңшулардын үйүндө курулуш жүрүп, усталар иштеп калды. Менин болсо күндө эшик алдындагы алма дарагына чыгып алып, заңкылдап ырдаган адатым бар болчу. Ошентип ырдаганымды усталар угуп “ырчы кыз экен” деп баалап калышыптыр. Алтургай күндө “качан ырдап баштайт?” деп күтүшчү экен. Муну алар ата-энеме айтып беришиптир ошол учурда.

 

“Комуз менен “Курманбекти” айтчумун”

– Бала кезде балдар-кыздар чогулуп түрдүү оюндарды ойнойт элек. Өзгөчө ак чөлмөктү жакшы көрчүбүз. Жыгачтан куурчак жасап ойногон заман да баштан өттү. Эжем алыма карап тигил-бул жумушту кыл деп жумшачу. Эшик алдынын көп бөлүгүн мен шыпырып, кечки тамактан кийин идиш-аякты жуучумун. Кээде жуугум келбесе тамакты ичип алып “уйкум келди” деп жатып алган күндөрүм эсимде.

Ата-энем мугалим болгондуктан, аларды уят кылбайын деп жакшы окудум. Мектепте чыгыш уруш өнөрлөрүн билгеним үчүн мени “каратист” деп коюшчу. Мектепте ар бир иш-чарага катышып, өнөрлөрүмдү көргөзчүмүн. Музыкадан берген агай аккордеону менен коштоп берип ырдатып жүрүп, талантымдын ачылышына салымын кошту. Мектептин атынан райондук кароо-сынактарда “Курманбек” эпосун айтып, жеңип, облустук сынакка катышкам. 7-классымда комуз үйрөнүүгө кириштим. 9-класстан тартып “Курманбекти” комуз менен айтып баштадым. Мектепте математика, физика сабактарын эжей кызыктырып жакшы өтчү. Ошого ушул 2 сабакты кызыгып окудум. 

 

“Талаа, үй иштерине бышып чоңойдук”

– Апам бизди катуу кармап, жакшы тарбиялады. Атам урмак түгүл, балдарына катуу сүйлөгөн жок. Таенем уз, чебер эле. Үйдө кол машина менен кийим тигип, курак курачу. Эжем экөөбүз таенебизден көп нерсени үйрөнүп, машинкада ар нерсе тигип, төшөк каптачу элек.

4-класстан баштап ата-энебиз менен талаага барып, эгин, күн карама, картошка эгип, аларды чаап, отоп, сугарып, талаа ишин кылып чоңойдук. Тамеки деген да бар эле, үйдөн аны тизчүбүз. Огородго жашылча эгип, аларды да караганга жетишчү элек. Анткени ал мезгил Союз тарап, жашоо кыйындаган жылдар болчу. Ошентип бир туугандар эмгекке бышып чоңойдук. Кийин эжем мектепти бүтүп, окууга тапшырып кетип, үй жумуштары менин моюнумда калды. 7-класстан тарта тандырга нан жаап, тамак жасоого өттүм. 

 

“Ата-энебизге ыраазыбыз”

– 11-классымда айылда тойлор Ямахалар менен өтө баштады. Апамдан суранып тойго барып, ырдап жүрдүм. Мектепти бүткөндөн кийин апамдын сунушу менен искусство факультетине тапшырып окуп калдым. Апам “талантың бар, аны өркүндөт, тилегиңе жет” деп батасын берген эле. 

Ата-энемдин жакшы жүрүм-туруму, үй-жайды таза кармаганынан үлгү алып, айткан акыл-насааттарын угуп өстүк. Ата-энебиз “жалган сүйлөбөгүлө, ушак айтпагыла, уурулук кылбагыла, бирөөнүн акысын жебегиле” деп турушчу. Ушундан улам го, дээримден калп сүйлөй албайм, болгон нерсени болгондой айтам.

Апам менен атам азыркыга чейин түз, шар мүнөз адамдар. Бирөөгө жаман ойлору, куулук-шумдуктары жок, анан абдан түшүнүктүү кишилер. Бизге мыкты тарбия бергендери үчүн ыраазымын.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1218, 24-30-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан