1-майдан 10-майга чейин калкты тейлөө борборлору кадимкидей иштей турганы маалымдалды.
Өлкөдө “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтери ишке киргизилди.
Оштун мурдагы губернатору Зиядин Жамалдинов кармалып, камакка алынды.
Улан Маматканов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Токмокто мектеп мугалими өспүрүм кызды зордуктоого шектелүүдө.
Белгилүү казак акыны Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты.
Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылды.
11-майда Кыргызстандын зыяратчылары ажылык сапарга аттанышат.
Бишкекте почта аркылуу Таиланддан баңгизат ташуу каналы аныкталганы маалымдалды.
Барскоон-Бедел жолуна 2 тоннель, 50 көпүрө курулмакчы.
Өлкөдө 22 мамлекеттик сыйлык калды, кыскартыла электе алардын саны 46 болчу.
Спикер Марлен Маматалиев Палестинанын Бишкектеги элчисин кабыл алып, өлкөлөрдүн кызматташтыгы талкууланды.
Бишкекте чет элдик жаранды өлтүрүүгө шектелип 3 жигит, 1 аял кармалды.
Өзгөн райондук сотунда тарапташтар ортосунда мушташ чыгып, 2 адам бычактан жаракат алды.
Казакстан жумуртка импорттоону убактылуу токтоткону маалымдалды.