22-апрелде Астана шаарында чөлкөмдүк экологиялык саммит өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Грузия жана башка өлкөлөрдүн президенттери катышты. Саммитте аймактагы экологиянын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
“70 жылда мөңгүнүн 80 пайызы жок болушу мүмкүн”
Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга азайды. Мындай маалыматты аталган саммитте Кыргыз президенти Садыр Жапаров билдирип, чөлкөмдө суу тартыштыгы курчуп баратканын эскертти.
– 2100-жылга чейин Кыргызстан 80 пайызга чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн. Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү, анткени көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн отузга чейин кыскарды. Мөңгүлүү бийик тоодогу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30 пайызга өстү. Климаттын өзгөрүшү чөлкөмдө жана дүйнөдө суу ресурстарына жана энергетикага байланыштуу көйгөйлөрдү ого бетер күчөттү,- деди Жапаров.
“Суунун көбү коңшуларга кетүүдө”
Кыргызстанда жаралган суунун жылдык көлөмү орточо 50 миллиард куб метр деп эсептелери айтылды.
– Биздин өлкө өз муктаждыктары үчүн болгону 12 миллиард куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 миллиард куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет. Биздеги суунун Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасы, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экенин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз,- деди Садыр Жапаров.
“Компенсация албай жатабыз”
Мамлекет башчы Кыргызстан суунун пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, бирок бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын айтты.
– Суу чарба секторуна акыркы бир жылда 80 миллион долларга жакын каражат бөлдүк. Соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 миллион доллар жумшалган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2 пайызын түзөт. Биз жасаган иштердин баары экосистемалык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат, алар бардык суу пайдалануучулар тарабынан колдоого алынып, биргелешип каржыланышы керек. Аймактагы өлкөлөрдүн бирдиктүү макулдашууга келиши оңой эмес, бирок кызыкчылыктардын тең салмагын табышыбыз керек,- деди Жапаров.