ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана оперкызматкери кармалганын 21-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Алар пара талап кылууга жана опузалоого шектелип жатышат. Тагыраагы, шектүүлөр Орусия жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыш ишинде жазаны жеңилдетүү үчүн 9 миллион рубль (100 миң доллар) талап кылышкан. Ушул эле күнү УКМК ИИМдин башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнү кабарланды.
Бул арада УКМКнын да айрым кызматкерлери кылмышка шектелип кармалышты. Коомчулукта УКМК менен ИИМ тирешип жатабы деген суроолор айтылууда. УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков мекеменин маалымат борбору аркылуу билдирүү жасап, УКМК, ИИМ жана прокуратура органдарынын ортосунда эч кандай тирешүү жок экенин белгиледи.
– Коррупциялык көрүнүштөргө, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдаланууга жана мыйзамсыз аракеттерге жол берген кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат. Бул аракеттер мекемелер аралык күрөш эмес, тескерисинче, системди чыңдоо жана элдин укук коргоо органдарына ишенимин жогорулатуу,- деди Шабданбеков.