Биз социалдык тармакта

Депутат “Манас” университетин аралатып жол куруу демилгесин сындады               

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Бишкектеги “Манас” университетинин аймагын аралатып унаа жол курганы жаткан мэрияны мыйзамдарды эске алууга чакырды.

– Бул университет – эл аралык окуу жай, анын иштөөсү Жогорку Кеңеште мыйзам аркылуу бекитилген. Акыркы келишим 2024-жылы каралып, бекитип бергенбиз. Анда так жазылып турат. Эгерде университеттин тегерегинде ар кандай келишпестик болсо эки мамлекеттин ортосунда, анда дипломатиялык жол менен каралат жана чечилет деп. Келишимде кампус деп турат. Жакшы шарттар түзүлүп, студенттер кампустун ичинде окушу керек. Бишкек ал жерде окуган студенттерге, элге туура эмес маалымат берип, иш жасайбыз дегени туура эмес,- деди Жумабеков.

Эскерте кетсек, мэрия аталган окуу жайдын Жал кичи районундагы кампусун аралап өткөн жолду унаа кыймылы үчүн ачканы жатат. Бул демилге ал жерде окуган студенттер арасында нааразычылык жаратты. Ал эми шаар мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, “жол баары бир ачылат” деп билдирүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1218, 24-30-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан