Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Мындай маалыматты 20-апрелде Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди. Ардагерлердин сегизи согуштун түз катышуучулары. Азыркы тапта Бишкекте 4, Жайыл районунда 2, Ат-Башы районунда 1, Базар-Коргон районунда 1 ардагер жашайт.
Мындан тышкары өлкөдө концлагерлердин мурдагы 6 туткуну жашайт. Алардын төртөө Бишкек шаарында, бири Жайыл районунда, дагы бири Жалал-Абад шаарында күн кечирүүдө. Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар. Алардын 8и Бишкекте, бири Сокулук районунда, бири Балыкчы шаарында жашап жатканын билдирди министрлик.
Быйыл аталган ардагерлерге 200 миң сомдон бир жолку акчалай жардам көрсөтүлөт.