Биз социалдык тармакта

Саара, ырчы: “МАГА ПАРАДОКС ЖАГАТ”

Жаш ырчы Саара менен таанышып алыңыз, окурман. Алдыга койгон максаты так, таланты да, дымагы да күчтүү ырчы айым тууралуу эмнелерди билесиз? Каарманым пианино жана гитараны мыкты ойнойт. Азыркы аракетинен жазбаса, алдыда шоу-бизнестин көрүнүктүү өкүлү болот деген ишеним чоң. 

– Саара, кайсы жердин кызы болосуз?

– Ата журтум Жалал-Абад облусу, бирок Бишкек шаарында төрөлүп-өстүм. Ынтымактуу үй-бүлөдө чоңойдум. Үйдө бир туугандардын улуусумун, үч сиңдим бар. Ырчылыкка бала бакчага барган кезимден эле кызыгам, ошондо эле активдүү болчумун. Бала кезден сахнага болгон сүйүүм чоң.

– Азыркы учурда канча чыгармаңыз бар?

– Учурда эки даяр ырым бар. Мындан тышкары дагы 3-4 ырдын үстүндө иштеп жатабыз.

– Белгилүү ырчылардын ичинен сизге реакция кылгандар кимдер болушту?

– Менин кавер ырдаганыма Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Эрлан Андашев сыяктуу ырчылар реакция кылып, баракчаларынан бөлүшкөн. Бул, албетте, мен үчүн чоң дем болду.

– Музыка сиз үчүн эмне?

– Музыка мен үчүн жан дүйнөмдү түшүнүү, сезимдеримди жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Ар бир ыр жашоомдун бир бөлүгү. Чыгармачылык мага чыдамдуулукту, эмгекти үйрөттү жана өзүмө болгон ишенимди сездирди.

– Сизди башка ырчылардан өзгөчөлөнтүп турган нерсе эмне деп ойлойсуз?

– Балким, эски ырларга жаңыча жан киргизүүнү жактырганым, стандарттан тыш ой жүгүрткөнүмдүр. Бул менин жеке көз карашым.

– Бир топ жаш ырчы кыздар гитара менен ырдап элге таанылышты. Гитара менен ырдоо трендби азыр?

– Гитаранын коштоосунда жандуу үн менен ырдоо эч качан актуалдуулугун жоготпойт. Ар дайым суроо-талапка ээ, демек, тренд деп ойлойм.

– Шоу-бизнес адамды жасалма болууга мажбурлабайт бекен?

– Негизинен сахнада же эл алдында кандай болсом, кадимки жашоодо деле ошондоймун. “Кандай болсоң ошондой көрүн” деген принципти карманам. Бул жакшы адат го. Албетте, кээде болот. Ыйлагың келип турса да, сахнада аны көрсөтпөшүң керек. Күлкүң келбей турса да, жылмаюуга туура келет экен. Бул эми жумуштун талабы десек болот.

– Чыгармачылыкта сиз үчүн эң кызыктуу нерселер кайсы?

– Парадокс. Карама-каршылыктар мага дайыма кызык.

– Жашоодогу негизги максатыңыз?

– Өз миссиямды эң жогорку деңгээлде аткаруу.

– Келечекте өзүңүздү кайсы бийиктикте элестетесиз?

– Угармандардын жүрөгүнөн орун таап, кыргыз тилдүү ырларды дүйнөлүк деңгээлге чыгарган ырчы болгум келет.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1218, 24-30-апрель, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан