Жанат жана Канат. Бир кыздан кийин жарык дүйнөгө келген эркек бир туугандар. Ортодогу жаш айырмачылык 2 жаш. Жанат төрөлгөндө баары сүйүнүшкөн эле, эркек төрөлдү деп. Канат жарык дүйнөгө келгенде деле Жанатты “артынан дагы уул ээрчитип келди” деп азыркыга чейин айтып бүтүшпөйт. Жанатты ата-энеси өзгөчө жакшы көрөрүн Канат башында байкабаптыр. Кийин эс тартып калганда салыштыра баштады. Кийимдин жаңысы Жанатка, тамактын жаңы бышканы, конфеттин жакшысы, оюнчуктун түрү Жанатка экен. Канат болсо агасы жактырбай койгонун, агасы жебей койгонун, агасы ойнобой койгонун, кийбей калганын гана алат экен. Бир күнү Жанат ооруп калды, апасы үйрүлүп түшүп тамагын оозуна такап, түнү менен улам туруп келип дене табын текшерип, маңдайынан сылап, дарысын берип жатты. Чогуу бир бөлмөдө жаткангабы, көп өтпөй Канатка да сасык тумоо жугуп, ал да кулады. Дене табы көтөрүлүп, бети албырып, башы оорлоп жер тартып турган баланы апасы “суу алып кел” деп жумшады, Канат алсыз эле, “апа, башым ооруп жатат, анан барайынчы. Дары бериңизчи” деди шалдырай. “Капырай, мен жумшасам эле ооруп каласың да. Терезеде турат дары, ичип ал” деди апасы муздак гана. Канат апасына таарына түштү, ага чейин агасын кантип карап жатканын көргөн неме.
– Мен деги силердин балаңармынбы же багып алдыңар беле?- ойлонгуча эле бул сөз оозунан чыгып кетти.
– Эмне деп былжырап жатасың, ай бала?! Жөөлүп жаткан неме го, бар жат!- деди апасы ачуулана. Ошону менен Канат дары да ичкен жок, кайсыны ичерин билбегенден кийин унчукпай жатып алды.
Арадан жылдар өтүп Жанат мектепти аяктады. Ата-энеси күйпөлөктөп кымбат шым-костюм, бут кийим алып беришти. Чыкыйып жарашып эле калды балага. Канат чын дилинен агасын карап сүйүнүп жатты. Тааныштарды салып жатып жакшы окуу жайга өткөзүштү, бирок контракт бөлүмүнө. Анан баягы “жакшысы Жанатка” деген жазылбаган мыйзам эки эселеп иштей баштады. Канат мектепти бүткөндө агасынын мектепте кийген ак көйнөгү менен кара шымын “эч нерсе болбойт, эски деле эмес” деп кийгизип коюшту. Ага деле кайыл Канат, бүтүн болсо болбодубу. Анан шаарга барып окуйм дегенде баары башталды.
– Окууну эмне кыласың, иште!- деди атасы.
– Туура, агаңа жардам бер иштеп, акчасы жок кыйналып жатат. Биз эптеп окуу акысын төлөп берсек...- деди апасы.
– Менчи, мен окусам болбойбу?
– Сага окуунун кереги жок. Бир үйдөн бир эркек бала эле окуса болот. Сен андан көрө иштесең пайдалуураак.
– Агам окуп деле иштей берсин. Мен силерден акча сурабайм, бирок окуйм,- деди көгөргөн бала. Биринчи жолу чоң уруш ошондо чыкты, ата-энеси “жок” деп туруп алды. Канат “окуйм” дегенинен жазбады. Дагы жакшы, эжеси шаарга турмушка чыккан эле, ошонун үйүнө барды. Жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билет, андыктан кесиптик окуу жайын тандап, электр-ширетүүчү болууну көздөдү.
ххх
Азыр Канат өлкөдөгү престиждүү курулуш компанияларынын биринде өз бригадасын жетектеген мыкты адис. Кесиптештери, жетекчилиги сыйлап, баалап турушат. Бир гана үй-бүлөсүндөгү ордун али таба албай келет. Ата-энеси ал окууну бүткөнчө бир тыйын беришкен жок, баягы “силерден акча сурабайм” дегенди беттерине такап. Окуудан чыгып кафеде официант болуп иштейт, ошентип өзүнүн күнүмдүк керектөөлөрүн таап алат. Окуусун ийгиликтүү бүтүрүп, жакшы жумушка орношуп, акча таба баштагандан кийин гана ата-энеси “тиги жок, бул жок” деп акча сураганга өтүштү.
Бир жолу курулуштун экинчи кабатынан кулап кетип, бутун сындырып ооруканага жатып калды. Күйпөлөктөп эжеси менен жездеси келди биринчи. Апасы телефон чалып “абайлабайт белең, батыраак жакшы болуп кет. Кечке жата берсең жакшы жумушуңдан кол жууп каласың” деди. “Жанаттын буту сынса учуп келишмек беле?” деген ой кетти Канатка. Бирок агасында күнөө жок экенин билет. Андыктан мындай ойлорун четке кагып, эжесине ыраазы боло эркелеп алат. Эжеси кимди тарткан, кызык, мээримдүү жан. Канатты “күчүгүм, ананайын, кичинекейим” деп эркелетип турат азыркыга чейин. Апасынан көрбөгөн мээримди Кудай эжеси аркылуу берет окшобойбу. Мунусуна да шүгүр.
"Көлөкөдө" багылган агасы окууну бүткөндөн кийин кеңсе кызматкери болгон, үйлөнгөн. Тапкан акчасы жетпейт окшойт, дале ата-энесинен жардам сураса. Агасы менен мамилеси өтө жакын да эмес, өтө алыс да эмес. Бири-бирин бооруна тартып сыр чечишпейт, анда-санда ал-абал сурап коюшат, болду. Ата-энесинин Канаттын жашоосу кандай болуп жатат, үйү барбы, курсагы токпу, качан үйлөнөт, сүйлөшкөн кызы барбы-жокпу деген нерселер кызыктырбайт. Негизгиси сураганда акча салып турса болду аларга.
Бүгүн жумушта жүрсө апасы чалды, күткөндөй эле акча сурады дагы. Акчасы бар эле, бирок бергиси келбеди.
– Апа, азыр акчам жок эле. Башка балдарыңыздан сурап көрүңүзчү...- деди акырын.
– Сенин оозуңдан бар дегенди качан угар экенбиз...- деди телефондогу үн. Мындай маанидеги сөздөрдүн канчасын укту, кулагы деле бышып бүткөн, бирок негедир бүгүн башкача кабыл алды Канат, жаак эттери түйүлүп, тиши кычырап кетти.
– Балким, бар дегенди билип чоңойсом, азыр сизге жаккан жоопту айтмактырмын, апа!- деди кыжырданганын жашыра албай.
– Эй, бала, эмне деп жатасың?! Чоңоюп алгандан кийин айтар сөзүң ушулбу? Сени ким 9 ай омурткасын сыздатып көтөрүп бакты, ким окутуп-чокутту, ким азыркы деңгээлге жеткирди?..
Канат телефонду коюп салды. Көзүн жума шалдырап отуруп калды. Эмне кылса экен? Кимдики туура бул абалда? Ата-эне менен тил табыша албаган мен элеминби же бардык үй-бүлөдө болчу нерсеби? Кыйналып кетти ушундай жашоодон, бир жакка качып кеткиси келди. Балким, чындап качып кетет эч ким билбеген жакка?! Айласыздык... Белгисиздик...
Канат