КОЙ
(21.03–20.04)
Аптада кооз, жаңы нерсе алуу каалооңуз күчөп, кымбат баалуу бир нерсе сатып алышыңыз мүмкүн. Бирөө менен мелдешүүдөн качыңыз, утулуп каласыз дешет жылдыздар. Үйдөгү керексиз буюмдардан арылууга мезгил келди, иш столун, компьютердин ичин да бир сыйра “тазалап” койсоңуз болот. Сиз менен маалымат бөлүшкүсү, ушакташкысы келген адам менен жолугушууңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү жай, кадимки тиричилик иштери менен өтүүсү күтүлөт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Өзүңүздүн аброюңуздун жана чыгармачылык менен кабыл алынган чечимдин аркасында жумушуңузда ийгиликтүү долбоор баштап, аркаңыздан кесиптештериңизди ээрчите аласыз. Капчыгыңызга айлык акы менен кошо сый акы да түшүүсү мүмкүн. Бойдоктор жактырган адамынан демилге күтө берсе узакка созулуп кетет, андыктан баарын өз колуңузга алсаңыз натыйжа болот. Апта соңу сизди чарбадагы майда-чүйдө жумуштар тосуп алат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Апта башы жагымсыз болушу мүмкүн, жасаган жумушуңузду же жүрүм-турумуңузду сынагандар чыгат. Агрессия менен жооп берүүнүн кереги жок, убакыт таразалайт деп кол шилтеп коюңуз. Чыгармачыл адамдарга эргүү келип, шедевр эмгек жаралуусу мүмкүн. Ички туюмуңуз күчүнө кирет, алдын ала болчу нерселерди сезип каласыз, түшүңүздө аян көрүшүңүз мүмкүн. Кыска аралыкка болсо да саякаттоо мүмкүнчүлүгү жаралат, артка жылдырбай колдонуп калыңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бөйөндөргө да сапарга чыгууга сунуштар түшөт. Орун алмаштырып, мээ сергитип келиңиз. Жумушта олуттуу иштерге кол салбай туруңуз, аптада энергияңызды бүтпөй жүргөн, эртеңкиге жылдырылган иштерге коротконуңуз оң. Жакындарыңыздын тоюна даярдануу иштери жүрөт. Көп адамдар менен жолугушуу, түрдүү темаларда сүйлөшүү сиз үчүн жакшы терапия болмокчу. Кокустан колуңузга акча түшөт, уят деп баш тартпай, ырыскы катары чөнтөгүңүзгө салып коюңуз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Балдарыңыздан жагымдуу сюрприз күтө берсеңиз болот. Көп маалымат алып, кайсы бирине ишенериңизди билбей калышыңыз мүмкүн. Шаршемби күнү ыкчам бүтүрүүнү талап кылган иш чыгат, убагында бүтүрө алсаңыз, жакшы финансылык колдоо табасыз. Үй-бүлөдө мурда сезилбеген жакындыкты байкайсыз. Бойдоктор, жаңы адамдарга, жаңы таанышууларга ачык болуңуз. Аптанын экинчи жарымы эргүү ойгонот, оюңузга келген идеяларды жазып калыңыз унута электе.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Апта сизден өзүңүзгө, айланаңыздагыларга болгон көзөмөлдөөнү “бошотууну” талап кылат. Өзүңүздү бошотуп, физикалык жактан да, моралдык жактан да эс алууга аракет кылыңыз. Болбосо нерв системинде маселе жаралып, баш оору, стресс, депрессия дегендер көйгөй жаратат. Сүйүүдө көп ойлонбой, түгөйүңүздүн жанында болуп, көп сүйлөшкөнгө, сыр чечишкенге аракет кылыңыз. Арыктагысы келгендерге дароо катуу диета кармоо сунушталбайт, спорт жана туура тамактануу планын карманыңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Тараза жылдызындагылардын жылдыздуу сааты келди. Бул аптада өз кызыкчылыктарыңызды биринчи планга коюуңуз керек. Жасагыңыз келген нерсени жасап, кийгиңиз келген кийимди кийип, жегиңиз келген нерсени жеп... Финансы жаатында бүтпөгөн суроо калтырбаңыз, карыз болсо берип, аласа болсо алганга аракет кылыңыз. Бир жакка баруу планыңыз орундалбай, башкалардын маселесин чечүүгө көмөк көрсөтөсүз. Дем алышта үйдө болбошуңуз мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Аптада иш графигиңизди карап чыгып, оңдоп-түзөөлөрдү киргизишиңиз мүмкүн. Жумуш жок деп үйдө отура берүү жарабайт, онлайн болсо да жумуш таап, финансы тармагын оңдоо керек. Романтикалык жолугушуулар олуттуу өңүткө өтпөйт, флирттен ары узабайт, андыктан көптөн үмүт этпей эле коюңуз. Апта соңу үйдөн чыкпай жата бербей, көчөгө чыгыңыз, элге аралашыңыз, маанайыңыз көтөрүлөт. Көптөн бери кабарсыз кеткен жакын адамыңыз пайда болуп кубанасыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Апта жаачыларга көп мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Оптимизм – жөн гана жакшы маанай эмес, көп эшикти ачкан ачкыч да болуп берет. Жеке жашоодо жаңы нерсе сунуштаңыз, үйдөгүлөр кубануу менен идеяңызды кабыл алышат. Финансылык жактан чыгымга учурашыңыз мүмкүн, бирок ал чыгым жакындарыңызды кубантуу үчүн корогонун эске алып кайгырбаңыз. Колуңуздан келбеген нерсени жасайм деп бирөөгө сөз бергенден алыс болуңуз. Бул аптада жашооңузга спорт кошулуусу күтүлөт.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жыйынтык аз-аздан болот – бул такыр жыйынтык жок деген нерсе эмес, бир аз күтүү керек. Документ иштерине, келишимдерге жакшы көңүл буруп, так болуңуз. Сүйүү талаасында түгөйүңүзгө көбүрөөк жылуулук, мээрим төккөнгө аракет кылыңыз, аракетиңиз сөзсүз бааланат. Бейтааныш адамдарга ашыкча сөз айтуудан абайлоо керек. Интернеттен алданып, акча жоготууңуз мүмкүн, сак болуңуз. Апта соңу сиздеги энергия тынч үйдө отурууга жол бербейт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Каржы абалын өзгөртүү боюнча дос-туугандардын кеңеши жардам бербейт, өзүңүздүн ички туюмга ишенип иш кылыңыз. Бул күндөрү сапарга чыгууну пландагандарды ийгилик күтпөйт, бир аз күтө туруу керек. Сизге эргүү, энергия берген адам менен жолугасыз. Бойдоктор бейтааныш адамдан белек алышы мүмкүн. Ден соолук жаатта маселе жаралбайт, негизгиси алкоголдук ичимдиктен алыс болуңуз. Убактыңызды жакындар менен мамилени бекемдөөгө арнаганыңыз жакшы.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Балык жылдызындагыларга бул аптада сөзсүз табият коюнуна чыгуу сунушталат. Каржы тармагында так болуңуз, күтүлбөгөн нерселерге акча коротуудан качыңыз. Аптанын экинчи жарымында өзүңүзгө болгон ишеним жогорулайт, амбициялар “баш көтөрөт”. Бул убакыттан пайдаланып көп ишти бүтүрүп алса болорун унутпаңыз. Ишиңизден ката кетирип алсаңыз, аны тажрыйба деп кабыл алыңыз. Апта соңу келечекте пайдасы тие турган адамдар менен таанышууңуз мүмкүн.