Шыбоо жана колоңсо – бул кеңири таралган, адамды ыңгайсыздыкка кептеген көйгөй. Анткени бут, колтук жыттанып башкалардын алдында кысынууну жаратат. Адам конокко, спортзалга баруудан, алтургай дүкөнгө барып кийим тандоодон да качып турат. Бул илдеттер эмнеден пайда болот жана андан кантип арылса болору тууралуу айтып берели деп чечтик.
Сасык жыт – бактерия, грибоктордун көбөйүшүнүн белгиси
Тердин организмден бөлүнүп чыгып турушу бул табигый процесс, тер дененин температурасын бир калыпта кармап туруу үчүн керек. Тер туз, суудан тургандыктан жытсыз болот. Адамдын терисин абдан көп микроорганизмдер байырлашат. Башкача айтканда, бактериялардын 1000дей түрү, грибоктордун 100дөн ашык түрү кездешет. Тамандын өзүндө эле грибоктордун 80 түрү жашайт. Микроорганизмдер тер жана теринин түлөп түшкөн кабыкчалары, теридеги май бездери менен азыктанышат.
Микроорганизмдердин өлчөмү калыптагыдай болсо адамга зыяны тийбейт. Качан тамандан, колтуктан тер абдан көп бөлүнүп чыга баштаганда микроорганизмдер бат көбөйүп кетишет, ошого жараша алар бөлүп чыгара тургандар да көбөйөт. Ошентип жагымсыз жыттын чыгышына себепкер болушат.
Кантип?
Буттун, колтуктун терисинде жашаган бактерия жана грибоктордун бөлүп чыгаргандарынын жыты болот. Тер, май бездери менен азыктанып жатышканда алар бөлүкчөлөргө ажырап, төмөнкү заттар бөлүнүп чыгат:
• Учма май кислоталары, май, белок. Булар биригип жагымсыз ачуу жытты берет. Жаныбардын жытына окшош деп да айтылат.
• Аммиак. Бул бөлүкчөлөргө бөлүнгөндө мышыктын заарасынын жытына окшош мочевина пайда болот.
• Тиоспирттер. Булар сасып кеткен эттин, чирип кеткен пияздын жытын берет.
• Сүт кычкылы. Бактериялардын метаболизминен жаралат. Ачып кеткен айран, сүттүн жытындай ачкыл-кычкыл жыт берет жана башка.
Демек, бактерия, грибоктор канчалык көбөйсө, жогоруда аталган жыттар да ошончолук кескин болот.
Ошондой эле...
Колтук, буттагы жагымсыз жыттар дагы эмнелерден улам жаралат?
• Жеке гигиенаны сактабай, убагында жуунбагандыктан, анын ичинде колтук, бутту көпкө жуубай жүрүүдөн.
• Сапатсыз тигилген бут кийимдерди кийгенден.
• Ысыкта жабык бут кийим кийип жүрө берүүдөн.
• Нерв, эндокриндик системдин иштешинин бузулушунан улам айрым оорулар жаралганда. Мисалы, кант диабети, ашыкча салмак.
• Кескин жытка ээ азык-заттарды жегенде да алардын жыты тер аркылуу чыгат. Мисалы, сарымсак, пияз, чочконун майы.
Көп тердөөгө эмнелер жеткирет?
• Кара жумуш жасоо, тез кыймылдоо, чуркоо, толкундануу.
• Күндүн ысыктыгы.
• Бөйрөк оорулары. Анткени бөйрөк организмдеги зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууга үлгүрбөй калат да, тер бездери аларды тер аркылуу сыртка чыгара баштайт. Терчил адамдар бөйрөк оорусу менен ооруганда жагымсыз жыт кескин түрдө көбөйөт.
• Стресс, паникалык атака.
• Күн жылууда калың жана синтетикалык кийимдерди, анын ичинде байпактарды кийүү.
• Гормоналдык бузулуулар.
Колоңсодон кутулуу жолдору
• Дезодорант колдонуу. Парфюмердик дезодорант терди, бактерияларды да кетире албайт. Болгону жыпар жыты менен колоңсонун жытын басат. Эң жакшысы – дезодорант-антиперспирант. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияларды өлтүрөт, жытты кетирет.
• Теймур пастасы же формидрон колдонсо болот. Булар аллергия жаратышы мүмкүн, ошондуктан этият болуу кажет.
• Колтукту жана бутту антибактериалдык самын же кара майдан жасалган самын (дегтярное мыло) менен жууңуз.
• Тердеген маалда жуунуңуз. Жок дегенде бут менен колтукту суу менен чайкаңыз.
• Колтуктун жүнү бактериялардын көбөйүп, жайланышына ыңгайлуу болгондуктан, аны тазалап жок кылып туруу керек.
• Жүндөн, пахтадан токулган кийимдерди кийиңиз. Жайкы кийимдер кенен болушу шарт. Синтетикадан жасалгандарынан качыңыз. Бирөөнүн кийимин колдонбоңуз.
• Тер болуп калган кийимиңизди жууп кийиңиз.
• Аптасына бир-эки ирет мончонун буусуна отуруп, организмдеги уу заттардан жана шлактардан арылып туруу зарыл.
• Косметологиялык жана операциялык жол. Ботокс суюктугу атайын ийне менен колтуктун терисинин алдына сайылат. Таасирдүүлүгү орточо эсеп менен 6 айга жетет.
Операциялык ыкмада колтуктун түктүү бөлүгү тер бездери менен кошо алынып салынат. Жыйынтыгы жакшы болгону менен, тырык калат.
• Ромашканын кайнатмасын колдонсо да болот.
Шыбоодон арылуу ыкмалары
• Эгер бутта грибок оорусу болсо, дерматологго көрүнүп, дарыланып, андан айыгуу кажет. Грибок жукпашы үчүн бирөөнүн бут кийимин кийбөө кажет. Мончого өз бут кийимиңизди көтөрүп барыңыз.
• Ысыкта жабык бут кийим кийүүдөн алыс болуңуз. Анткени таманда 250 миңге жакын тер бездери жайгашкан. Алардан тер бөлүнүп чыгып турат. Ысыкта жабык бут кийимден бут ашыкча тердейт.
• Булгаарыдан тигилген жана шамалдап турган бут кийимдерди кийип жүрсөңүз шыбоодон алыс болосуз.
• Синтетикалык байпакты кийбеңиз, ошондой эле байпакты күн сайын алмаштырып туруңуз.
• Сапатсыз, мисалы, дермантин бут кийим кийүүдөн качыңыз.
• Бут кийимди маал-маалы менен жууп, шамалдатып кургатыңыз.
• Кечке басып жүрүп бутуңуз жагымсыз жыттанып калса, сууга сода же туз салып аралаштырып бутту 7-10 мүнөт салып турсаңыз жагымсыз жыт кетет.
• Буттун жытын жоготуучу дезодорант, антиперспиранттарды колдонуу оң.
• Таманды лимондун ширеси менен бат-баттан сүртүп, жалбыздын же эмендин кабыгынын кайнатмасы менен көп жууп турсаңыз, жаман жыт тез кетет.
Эскертүү: Колоңсо жана шыбоонун жытынан арылууда мөмө-жемиштер, ашкөк, көк чай, суу жана жаңы сыгылган ширелер да жардамчы болорун айта кетели.
Канымжан Усупбекова